Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Көк бөрү: "Кабылан" - чемпион


24-ноябрда Бишкектеги “Аккула” ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрү болду.

Финалдык оюнда Ысык-Көл облусунун “Кабылан” командасы Чүй облусунун “Кожомкул” командасын 6:4 эсебинде утуп алып, алтын медалдардын ээси болушту.

“Кожомкул” командасы жеңилүү ызасын тартып, бул жолу күмүш байгени ээледи.

Үчүнчү орун үчүн Чүй облусунун "Суусамыр" жана Бишкек шаарынын “Бөрүлү” командалары беттешмек. Бирок алар ар кандай шылтоо айтып, мелдешке чыкпай койду. Калыстар, федерация жетекчилери аларга нааразы болуп, байге ыйгарышкан жок.

Таймашта баш байгеге 200 миң сом, экинчи орунга 100 миң сом акчалай сыйлыктарды федерация президенти Канатбек Исаев тапшырды. Калган 4 команданын ар бирине 10 миң сомдон сыйлыктар ыйгарылды.

20-ноябрда Бишкекте башталган көк бөрү оюнуна Чүй жана Ысык-Көл облустарынан 6 команда катышты. Мелдеш беш күнгө созулуп, 24-ноябрда финалдык беттешүүлөр өттү. Калган аймактардын көкбөрүчүлөрү каражаттын тартыштыгынан келе алышкан жок.

Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеевдин пикиринде, кыргыздын жигиттери бороон-чапкын, жамгыр, кар, баткакты тоотпой улак тартып, өнөрү менен таанылып келет.

Баш байге үчүн беттешүүнүн эсебин “Кабылан” командасынын өкүлү Урмат Мусаев ачып, тайказанга биринчи улак таштады. Чүйлүк жигиттердин эсепти теңдөөгө кылган аракетинен улам теңата оюн болду. Алардан Байыш Ниязов өнөрү менен таанылды.

Баш байге үчүн таймашууга күбө болуп турган федерация президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин айтымында, жааган кар менен баткакка чыланып, салмактуу болуп калган улак менен ойноо жигиттер үчүн кыйын болгону менен алардын чеберчилиги жогорулап, тажрыйбасы артат.

Финалда “Кабылан” командасынын жигиттери Урмат Мусаев менен Тилек Урмамбетов айырмаланып, эриген карга, баткакка чыланып, оор болгон улакты чаап баратып, тайказанга таамай таштап, командасынын жеңишин камсыз кылды.

“Кабылан” командасынын улакчысы Урмат Мусаев чемпионаттын мыкты оюнчусу аталып, 5 миң сом байгеге арзыды. Мыкты аргымак, Чабандес деген сыйлыктар да ыйгарылды.

Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Мамыркожо Бөкөнбаевдин пикиринде, барган сайын көк бөрү оюнундагы аргымактар да амалдуу, ийкем болуп баратат.

Быйылкы өлкө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүнө 6 команда катышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG