Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:06
Кыргызстандык футболчулар.
Кыргызстандык футболчулар.

Азия кубогу: Кыргызстан 1/8 финалга чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогунда 1/8 финалда ойной турган командалардын катарына кирди.

21:45 16.1.2019

21:15 16.1.2019

Азия кубогундагы “С” тайпасынын жыйынтыктоочу айлампасынын алкагында өтүп жаткан Кыргызстан-Филиппин оюнунда “ак шумкарлар” үчүнчү голун, ал эми филиппиндиктер бир голун киргизди.

Бүгүнкү оюндагы кыргыз командасы киргизген үч голдун автору тең Виталий Люкс болду. Ал эми Филиппин командасына алгачкы голду команданын капитаны Штефан Шрёк алып келди.

20:49 16.1.2019

​Азия кубогундагы “С” тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан-Филиппин оюнунда “ак шумкарлар” дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0 болду.

Голдун автору кайрадан Виталий Люкс болуп, дубль менен айырмаланууда. Экинчи гол 51-мүнөттө киргизилди.

Натыйжада Кыргызстан ушул мүнөттө “С” тайпасында ишеничтүү түрдө үчүнчү орунда келатат. Ал эми кирген гол менен киргизген голдордун айырмачылыгы нөлгө теңелди. Буга чейин Кыргызстан бул көрсөткүчтө -2 менен келе жаткан.

Кыргызстан эсепти оюндун аягына чейин кармаса, тайпадан үчүнчү орун менен чыгууга мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын кубанычы. "Рашид" стадиону, Дубай шаары, БАЭ. 16-январь, 2019-жыл
Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын кубанычы. "Рашид" стадиону, Дубай шаары, БАЭ. 16-январь, 2019-жыл

20:30 16.1.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG