Кыргызстан-Филиппин беттешинин биринчи таймы аяктады
Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстан Филиппин команадаларынын оюнунун биринчи бөлүгү аяктады. Ушул мүнөттөрдө командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.
Азырынча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жатат. Жалгыз голдун автору 23-мүнөттө Виталий Люкс болду.
Оюн дээрлик тең деңгээлде жүрүүдө. Алгачкы 45 мүнөттө Кыргызстан футболчулары топтун 49 пайыз бөлүгүнө ээлик кылса, Филиппин командасыныкы 51 пайызды түздү.
Ал эми чабуул жактан «ак шумкарлар» курчтугун көрсөтүүдө. Ушул мүнөттөрдө Кыргызстан Филиппиндин дарбазасына беш жолу топ узатса, атаандаштар бир да жолу Кутман Кадырбековдун дарбазасына топ тебе элек.
Эки команда тең экиден сары айып кагазын алганга жетишти. Ал эми бурчтан көтөрүп берүүдө Кыргызстан төрт жолу, Филиппин бир ирет топту оюнга киргизишти.
Азия кубогунун алкагындагы Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну Дубайдагы "Рашид" стадионунда өтүп жатат.
Азырынча «С» тайпасында Кытай менен Кореяда алтыдан упай бар. Ал эми Филиппин менен Кыргызстанда упайлары жок. Бүгүнкү оюнда Кыргызстан жеңишке жетсе, алгачкы үч упайга ээ болуу менен тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жогорулайт. (SDz)
“С” тайпасынын алкагында Кыргызстан менен Филиппин оюнунун 23-мүнөтүндө “ак шумкарлар” биринчи голду киргизишти. Натыйжада Кыргызстан 1:0 эсеби менен алдыда келе жатат.
Голдун автору чабуулчу Виталий Люкс болду.
Кыргызстан тайпадан чыгуу үчүн бүгүн милдеттүү түрдө жеңиши керек.
Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бүгүнкү оюнга Мирлан Мурзаев жана Виталий Люксту чыгарды. Ал буга чейинки Корея жана Кытай менен оюнга бирден чабуулчулар менен гана оюн жүргүзгөн. Ошондой эле Кыргызстан бүгүн үч коргоочу менен ойноп жатат.
Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда Кытай курамасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде жеңилген.
Азия кубогунун алкагындагы Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну Дубайдагы "Рашид" стадионунда өтүп жатат.