Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

Күрөш: Айсулуу финалга чыкты


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

25-апрелде Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер таймашында Айсулуу Тынбекова финалга чыкты. 24-апрелде кыргызстандык балбан жигиттер күмүш жана коло байге утту.

25-апрелде Астана шаарында кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары уланып жатат. Мында 3 балбан кыз өлкө намысын коргоодо.

Алгач 53 кг. салмакта Розалия Тилегенова вьетнамдык Чи Луа Нгуен менен күч сынашып, аз упай менен алдырып койду. Бирок, вьетнам балбан кызы финалга чыккандыктан Тилегенова коло байге үчүн өзбекстандык Асем Сейдаметова менен күрөшмөк болду.

55 кг. салмакта Элиза Абдыкадырова да алгачкы атаандашы монголиялык Орхон Пуребжавга алдырып койду. Бирок, монгол балбаны да финалга чыккандыктан Элиза Абдыкадырова коло байге үчүн кытайлык Юажинг Гуан менен кечинде күрөшөт.

60 килограмм салмакта жаштар арасында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова биринчи атаандашы вьетнамдык Чи Винг Нгузенди артыкчылык менен утуп алды. Айсулуу жарым финалда жапон балбаны Харука Сатону да жеңип, финалга чыкты. Тыныбекова кечинде Азия чемпиондугу үчүн кытайлык Лан Жанг менен килем үстүндө күч сынашат.

- Айсулуу Тыныбекова табында тургандыктан Астанадагы Азия чемпионатында алтын медаль утуп, биринчи орунга ээ болушу мүмкүн. Эки балбан кызыбыз да коло байге үчүн күрөшөт,-деди федерациянын президенти Асейин Төрөгелдиев.

Эр-азаматтардын 1 күмүш, 2 коло байгеси

24-апрелде Астанада эркин күрөш боюнча эр-азаматтар арасында Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул күнү Иннокентий Иннокентьев жана Азия чемпиону Магомед Мусаев коло жана күмүш байге утту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

61 килограмм салмакта Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев коло байге үчүн казак балбаны Даулет Изабеков менен күрөшүп, 4:2 эсебинде утулуп калды.

74 кг. салмакта Иннокентий Иннокентьев биринчи түштүк кореялык Сонгкю Лини утуп, кечинде үчүнчү орун үчүн өзбекстандык Ибрагим Нуриддинов менен күрөштү. Ал атаандашын 11:7 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.

97 килограмм салмакта 2012-жылы Азия чемпиону болгон Магомед Мусаев түштүк кореялык, индиялык атаандаштарын утуп, жарым финалга чыкты. Лондон олимпиадасынын катышуучусу Магомед Мусаев жарым финалда казак балбаны Алихан Жумаевди дагы артыкчылык менен утуп, баш байгеге талапкердин бири болду. Бирок Азия чемпиондугу үчүн монгол балбаны менен күч сынашып, 2 упай айырма менен алтын медалды алдырып койду.

23 - апрелде 57 килограмм салмакта Самат Надырбек уулу коло байгелүү болгон.

Алдыда дагы таймаш бар

Астанадагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары 26-27-апрель күндөрү болмокчу. Мында өлкө намысын Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээлери Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев, Азия чемпионаттарында мөрөй алып жүргөн Руслан Царев, Азат Бейшебеков, Самат Шырдаков, Мурат Рамонов жана жаш балбандар Кайрат Түгөлбаев менен Бексултан Махмудов коргойт.

- Бул Азия чемпионатында кыргыз балбандары ийгилик жаратууга аракет кылат. Дасыккан балбандардан Каныбек Жолчубеков менен Мурат Рамонов байгелүү орундарга илинип калышы мүмкүн. Балким жаштардан дагы үмүт үзбөй туралы, алар дагы ийгилик жаратып калышы ажеп эмес, -деди өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов.

Азия чемпионатына 16 өлкөнүн тандалган балбандары катышууда. Грек-рим күрөшү боюнча таймашуулар менен 27-апрелде Азия чемпионаты жыйынтыкталат.

Суучулдардын алтын медалы

Бул күндөрү Бириккен Араб Эмираттары өлкөсүнүн Дубай шаарында сууда сүзүү боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Мында 100 метрден эстафеталык жарышта Кыргызстандын эр-азаматтар командасы алтын байгелүү болду. Команданын катарында суучулдар Кирилл Вайс, Василий Данилов, Станислав Карнаухов менен Максим Бахарев болду. Бул мелдешке Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дарья Таланова да катышууда.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө быйыл август айында Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын экинчи олимпиадасына жолдомо ыйгарылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG