Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

"Алай" Азия кубогу үчүн өткөн мелдешке катышат


12-мартта Таиландда оор атлетика боюнча улан-кыздар арасында Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Ал эми Катарда Оштун “Алай” командасы футбол боюнча Азия кубогунун тандоо мелдешине катышат.

12-мартта Таиланд өлкөсүнүн Бангсаен шаарында оор атлетика боюнча улан-кыздар арасында Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын он эки балбан коргоду. Адиля Байызова жаштар арасындагы оор атлетика боюнча Азия чемпионатында коло байгеге татыды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов маалымдады.

- Кыргызстандык балбан кыз Адиля Байызова 58 килограммга чейинки салмак боюнча күч сынашып, 76 кг оордукту жулкуп көтөрүп, 94 кг салмакты түртүп көтөрдү. Жалпы суммада 170 кг көрсөткүчү менен үчүнчү орунга илинди.

Бул салмакта Түндүк Кореянын балбан кызы Ун Сим Рим Азия чемпиону аталды. Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 174 упай топтоо менен быйыл жайында Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын жайкы экинчи олимпиадасына 1 жолдомого ээ болду. Бул жолдомо кимге ыйгарылары азырынча аныктала элек.

12-мартта Катар өлкөсүнүн борбору Доха шаарында Азия футбол конфедерациясынын кубогунун мыктыларды тандоо мелдешине Оштун “Алай” командасы катышат. Д тобунда бул ирет алардын атаандашы Ирак өлкөсүнүн чемпиону “Эрбил” командасы болмокчу. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8де башталат. Бул беттешүү тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.
26-февралда биринчи беттешүүдө Оштун “Алай” командасы Бахрейн өлкөсүнүн «Аль-Риффа» командасы менен эсепти ача албай, оюн 0:0 болуп аяктаган. Ирактын “Эрбил” командасы Иорданиянын «Шабаб Аль-Ордон» командасын 3:1 эсебинде утуп, 3 упай менен топ баштап келүүдө. Москвада өткөн спорттук бал бийи боюнча эл аралык мелдештен кыргызстандыктар 3 алтын медал утуп, олжолуу кайтып келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.

Турнирдин жадыбалында бий жуптар ар башка программа жана жаш курагына жараша 30 комплект байге үчүн ат салышты.Жыйынтыгында бишкектик Говард Чолпонбаев менен Азиза Жолдошева "Жеткинчек-1" категориясында алты бийден турган мелдеште 27 жуптун арасынан суурулуп чыгып алтын медалга татыды.

40 жуптун арасынан Алишер Сейдалиев менен Аделя Жээренчиева "Балдар-2" курагында баш байгенин ээси болду. Кыргызстандын курамасы үчүн үчүнчү алтын байгени "Жеткинчектер-2" курагында Алибек Чолпонбаев менен Алина Иванова утуп берди.

Турнирге Кыргызстан, Италия, Норвегия, Казакстан жана Орусиянын аймактарынан келген 1 870 жуп катышты.

Ош шаарында тогуз коргоол боюнча өлкө чемпионаты аяктады. Ага бардыгы болуп өлкө аймагынан тандалган 114 спортчу катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Камчыбек Касымов кабарлады. Эркектер арасындагы финалдык беттештерде Талас облусунун командасын жеңүү менен Бишкек шаарынын командасы республиканын чемпиону болуп табылды. Экинчи орунду Талас облусунун, үчүнчү орунду Ош шаарынын командалары жеңип алышты. Айымдар арасында чемпиондук наамга Бишкек шаарынын, экинчи орунга Ысык-Көл облусунун, үчүнчү орунга Ош шаарынын командалары жетишти. Эркектер арасында Азия чемпиону Анарбек Жамакеев мыкты оюнчу экенин далилдеп, 2 алтын байгелүү болду. Кыз-келиндерден Адилет Деңизбек кызы өлкө чемпиону аталды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG