Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

ФИФА президенти Кыргызстанга келет


Йозеф Блаттер
Йозеф Блаттер

6-мартта Азербайжан өлкөсүндө бокс боюнча “Жибек жолу” эл аралык турнири улантылды. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Йозеф Блаттер Кыргызстанга келет.

Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясынын (FIFA) президенти Йозеф Блаттер Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

- 24-мартта ФИФА президенти Блаттер Бишкекке келери күтүлүүдө. Ал өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен да жолугуп, футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат. Футбол федерациясынын жетекчилери менен да жолугат.

"Менин сыйкырдуу футбол дубалым" долбоору

Кыргызстандын футбол федерациясы менен англиялык футбол премьер-лигасы My wonder football wall (Менин сыйкырдуу футбол дубалым) аттуу биргелешкен долбоордун үстүндө иштешет. Долбоорду тааныштыруу 5-мартта федерациянын жыйындар залында өттү.

Долбоордун демилгечилеринин бири Айгерим Сабралиеванын айтымында, иш-чаранын максаты, футболго жаштарды тартуу. Ал үчүн салттуу эмес жана чыгармачыл мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Биринчи этапта - 21-22-мартта ар кандай боектор менен дубал беттерине сүрөт тартуу фестивалын өткөрүү пландаштырылууда. Анда граффити чеберлери футбол федерациясынын “Айымдар футбол аренасы” дубалына футбол дүйнөсүн чагылдырган ар кыл сүрөт тартышат.

Экинчи этапта ушул эле аянтчада «Футболдук жаз» демилгеси астында 9 жашка чейинки балдар арасында турнир өткөрүү пландалып жатат.

Таиланддагы таймашуулар

6-мартта Таиланд өлкөсүнүн Бангсаен шаарында оор атлетика боюнча уландар арасында Азия чемпионаты улантылды. Мында Кыргызстандын намысын төрт балбан коргоп жатат. 50 кило салмакта Искендер Саламатов 14- орунга, 56 кило салмакта Кадырбек Айтбеков менен 62 кило салмакта Манас Стамалиев 9 -орунга илинди.

Бул Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө быйыл жайында Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын жайкы экинчи олимпиадасына жолдомо ыйгарылат.

Бокс: Бакудагы "Жибек жолу" турнири

6 - мартта Азербайжандын борбору Баку шаарында бокс боюнча “Жибек жолу” эл аралык турнир улатылып жатат. Мында өлкө намысын 6 спортчу коргоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев маалымдады.

Жеңил салмакта Турат Осмонов, 52 кг. салмакта Жаныбек Мусаев, 56 килодо Бектур Отөгөнов, 60 кг. салмакта Акжол Сулайманбек уулу, 69 к.г салмакта Адилет Абылашимов жана 75 кг. салмакта Ильяз Акматалиев күч сынашууда.

Айымдардын алтын, күмүш байгеси

Айымдардын эл аралык 8-март майрамына карата Алматыда өткөрүлгөн шинкекушинкай каратэ боюнча турнирде кыргызстандык эки спортчу байге алды.
16 -1 7 жаш курактагылардан бишкектик Алинура Султанова бардык атаандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Оор салмактагы таймашта Каныкей Касымбекова күмүш байгеге татыды. Андан тышкары Каныкей "Самурай духу үчүн" деген диплом менен сыйланды. Себеби, Каныкей Касымбекова татамиге абсолюттук салмак боюнча мелдешке чыгып, өзүнөн 20 кило оор атаандаштары менен теңме-тең таймашты.

Жалпысынан турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан токсонго жакын чыгыш өнөр чебери катышты. Мелдешке Кыргызстандын атынан үч спортчу катышып, анын экөө байге алып, үчүнчүсү төртүнчү орунга илинди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG