Кытайдын Хайян шаарында дзюдо боюнча уландар, жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Мында өлкө намысын 21 улан-кыз коргоп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка” Дзюдо федерациясынын биринчи вице-президенти Талант Беккулов билдирди.
18 жашка чейинки кыздар жана уландар арасында өтүүчү чемпионатта Кыргызстандын атынан 11 спортчу катышууда. Алардын арасында Баяман Сагынбай уулу, Акжол Абдыкаров, Эрмек Сариев жана Азамат Бектурсунов жана башкалар бар.
Кыргызстандын намысын жаштар арасында 10 спортчу коргоп жатат. Алардын арасында 4 кыз: Ксения Бельдягина, Алия Акунова, Асел Мусабекова жана Айжан Кадырбекова бар. Эркектер командасынын атынан Арген Бакытбек уулу, Бектур Абдрасулов, Артур Тё, Адилет Канатбеков, Агабек Гаджиев жана Шамил Самуров күч сынашууда.
Жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-декабрда жыйынтыкталат.
Өзбекстандан коло байге
Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Дилшод Мансуровдун байгеси үчүн Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык жаш балбан коло байге жеңип алды.
Мелдешке Борбор Азия өлкөлөрү катышып, он үч жана он беш жаштагы өспүрүмдөр күч сынашты. Турнирдин жыйынтыгында 63 кило салмактагы кыргызстандык Шухратбек Шадманов коло медалды утуп алды.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына
11-декабрда Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов билдирди.
Мелдешке 200гө жакын спортчу катышууда. Жеңиш үчүн акыл таймашы өздүк эсепте болот жана 13 айлампа швейцариялык түрдө ойнолууда. Турнирдин жеңүүчүлөрү 18-декабрда аныкталат.
Устатты эскерүү турнири
Бишкек шаарында өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Николай Арзамасцевдин жаркын элесине арналган студенттер арасында баскетбол боюнча мелдеш соңуна чыкты.
Мелдеште Жогорку окуу жайларынан 12 команда катышты.
Командалар 2 топко бөлүнүп, мелдештер айлампа түрүндө өттү. Жыйынтыгында Кыргыз улуттук университетинин командасын Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин студенттери утуп, баш байгенин ээси болду.
Бишкектин чемпиондору аныкталды
Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинде чоңдор арасында Бишкек шаарынын грек-рим күрөшү боюнча чемпионат аяктады.
Биринчиликке шаардагы спорт клубдары менен жогорку окуу жайлардын 150дөй балбаны катышты. Эки күндүк мелдештин жыйынтыгында, Адилет Таалайбеков, Тилек Жумакалыков, Ильяс Сеитов, Азамат Темирбеков жана башкалар шаар чемпиондору аталды.
Эл аралык шахмат калыстары
Кыргызстандык Дамил Токтогонов менен Азиз Умарбеков Эл аралык шахмат федерациясынын калысы болушту. Бул тууралуу "Азаттыкка” шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди.
Токтогонов менен Умарбеков жакында эле эл аралык федерациянын сертификатын алган. Быйыл жайында кыргызстандык 4 жаран атайын окуудан өтүп, тест тапшырган. Алардын экөө сынактан өтүп, FIDEнин калысы деген күбөлүк алышты.