Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

"Алай" - чемпион


"Алга" (Бишкек) менен "Алай" (Ош) командарынын оюну, 9-октябрь, 2012-жыл
"Алга" (Бишкек) менен "Алай" (Ош) командарынын оюну, 9-октябрь, 2012-жыл

Футболдон Оштун “Алай” командасы чемпиондук наамга биринчи ирет жетти. Голландиялык машыктыруучу “Абдыш-Ата” клубу менен тил табыша албай калды.

28-октябрда дүйнө калкы Дзюдо күнүн белгиледи. 1860-жылы 28-октябрда дзюдо күрөшүнүн негиздөөчүсү Дзигоро Кано туулган.

- Үч жылдан бери эл аралык Дзюдо федерациясынын демилгеси менен бул спортту кеңири жайылтуу максатында белгиленип келатат, - дейт федерациянын вице-президенти Талант Беккулов.

Кыргызстанда 7 миңден ашуун улан-кыз дзюдо менен машыгып, мелдештерге катышып жүрөт. Кырктан ашуун спорт мектептеринде дзюдо ийримдери иштейт.

Кыргызстандык дзюдочулар 1992-жылкы Барселона олимпиадасынан берки олимпиадаларга катышып келүүдө. 2000-жылы Сидней олимпиадасында Айдың Смагулов Кыргызстанга алгачкы коло байгени утуп берген.

2010-жылы Сингапурда өткөн жаштардын олимпиадасында Болот Токтогонов коло медаль тагынган. Токтогонов жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Быйыл Азия чемпионатында Юрий Краковецкий күмүш байгелүү болду.

Дзюдо боюнча биринчи чемпионат 1956-жылы Токио шаарында өтүп, 21 өлкөнүн өкүлү катышкан. 1964-жылдан бери олимпиадалык оюндардын жадыбалына кирген. Кыз-келиндер арасында биринчи дүйнө чемпионаты 1980-жылы өткөрүлгөн. 1992-жылы Барселона олимпиадасынан бери кыз-келиндер да мөрөй талашып келүүдө. Учурда дүйнө жүзүндө 30 миллионго чукул адам дзюдо күрөшү менен машыгат.

Оштун “Алайы” – өлкө чемпиону

Футбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын акыркы турунда Оштун "Алай" командасы өз талаасында өлкөнүн сегиз жолку чемпиону Бишкектин "Дордойун" 1:0 эсеби менен утуп, биринчи жолу өлкө чемпиону аталды.

Беттеште эсепти биринчи бөлүмдүн 37-мүнөтүндө "Алайдын" чабуулчусу Владимир Веревкин ачып, командасын алдыга сүрөдү.

Турнирдик жадыбалда 20 оюндан кийин "Алай" 43 упай чогултса, "Дордойдо" 36 упайы бар. Бирок “дордойчулардын” алдыда дагы эки оюну бар. Аларды уткан кезде да упайы болгону 42ге жетип, “Алайдан” алдыга чыгалбай калды.

- Бул жагдай “Дордойдун” доору бүтүп, кризиске туш болгонунан, кыргыз футболунун деңгээли төмөн түшкөнүнөн кабар берет, - деди “Азаттыкка” өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.

Буга чейин "Алай" 31-августта Кыргызстан кубогун утуп алган эле. Анда да "Дордойду" оюндан кийин жекеме-жеке топ тебүүдө жеңген.

“Алтын түйүндүн” акыл таймашы

Бишкектеги балдардын инженердик-техникалык республикалык академиясында шахмат боюнча "Алтын түйүн" кубогунун турнири 9 күнгө созулуп, жекшемби күнү жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Милан Турпанов билдирди.

- Акыл таймашына Бишкектен жана аймактардан келген 55 шахматчы катышты. Алардын ичинде бирөө эл аралык спорт чебери болсо, сегизи спорт чебери, 16сы спорт чебердигине талапкер болду. Шахматчылардын жаш өзгөчөлүгү 7 жаштан 80 жашка чейин болуп, акыл таймашы курч мүнөздө өттү. 7 жаштагы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Элдияр Орозбаев да катышып, атайын сыйлыкка арзыды.

19-октябрда башталган акыл таймаштын жеңүүчүсү 27-октябрда аныкталды. Оюн жыйынтыгында, 9 жолку таймашта 8 упай топтогон эл аралык спорт чебери Сапар Эмил биринчиликке чыкты. Андан соң 7,5 упайга ээ шахмат чебери Азиз Умарбеков экинчи, 7 упай менен нарындык спорт чебери Болот Такырбашев үчүнчү орунду ээледи.

Ардагерлер арасында 6,5 упайга ээ 80 жаштагы Олег Пахомеев, кыздар арасында Айжан Алымбай кызы, өспүрүмдөр арасында Руслан Съездбеков жана мелдештин эң кенже катышуучусу Элдияр Орозбаев да кошумча байге менен сыйланышты. Мелдештин баш байге фондусу 1 миң доллар болду.

Жаш баскетболчулар унутулбайт

Бул күндөрү Токмок шаарында уландар арасында баскетбол боюнча эл аралык турнир өттү. Мелдеш 2008-жылы “Манас” аэропортундагы авиа кырсыктан каза болгон Кыргызстандын жаштар тандалма командасынын мүчөлөрүн эскерүүгө арналды.

Мында Кыргызстан менен Казакстандын 15-16 жаштагы уландарынын 6 командасы мөрөй талашты. Жыйынтыгында Токмок шаарынын балдар спорт мектебинин командасы баш байгенин ээлери болушту. Экинчи орун Бишкектин “Гиннес-29” командасына ыйгарылды.

Коло байге Бишкектин олимпиадалык резервдеги балдардын спорт мектебинин командасына берилди.

Алматыда казактардын гана “жылдызы” жанды

Он үч күнгө созулган бокс боюнча дүйнө чемпионатты Казакстандын Алматы шаарында курч мүнөздө өттү. Мында 116 өлкөнүн беш жүздөн ашуун спортчусу мөрөй талашты. Жалпы командалык эсепте биринчи орунду казактар утуп, алар 4 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байгелүү болду.

Экинчи орунду бокстун лидери болуп жүрүшкөн кубалыктар ээледи. Алар Алматыда 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байге утту. Орусиялыктар 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңип, үчүнчү орунду камсыз кылышты. Бул ирет Кыргызстандын намысын 9 мушкер коргоп, алардын баары жеңилип, таймаштан четтеп калышты.

Кыргызстандан чейрек финалга чейин 64 килограмм салмактагы Азия чемпионатынын коло байге ээси Эрмек Сакенов гана жетти. Ал Азия чемпиону, казакстандык Мерей Акшалов менен теңата таймашта утулуп калды. Ушул казак мушкери Акшалов дүйнө чемпиону аталды.

Бокс боюнча Азия оюндарынын коло байге ээси, Шериктеш өлкөлөр чемпиону Таалайбек Кадыралиевдин пикиринде, калыстар казак жигитине тартып, калыстык кылбай, Эрмек Сакенов менен Азат Үсөналиевди басынтып койду.

- Бул жигиттер жок дегенде коло же күмүш байгелүү болууга мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Жигиттердин мээнети акталбай, казактарга туш болуп, багы ачылбай калды. Бокс бизде өнүгө баштап, дүйнөлүк атак-даңктуулар менен теңата таймашып, аларды жеңип алган учурлар сүйүнтөт.

"52 кило салмакта быйылкы Азия чемпиону Азат Үсөналиев жана Өмүрбек Малабеков сегизден бир финалга чейин жетип да казакстандык жигиттерден калыстардын “жардамы” менен жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четке чыгып калды", - дейт башкы устат, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов.

"Абдыш-Атадан" голландиялык устат баш тартты

Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуудан Голландиядан келген устат Март Ной баш тартты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Голландиялык машыктыруучу бир канча жыл мурун клубду көрүү үчүн келип кеткен. Буга чейин "Ной Мозамбик" жана "Буркина-Фасо" курама командаларын машыктырган. Кыргызстандын чемпионатындагы турнирдик таблицада "Абдыш-Ата" бүгүнкү күнү үчүнчү орунда турат.

Ксения Палкинанын жеңиши

Бул күндөрү Стамбул шаарында теннис боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Кыргызстандык Ксения Палкина түркиялык жана француз атаандаштарын жеңип, кийинки таймашууларга жолун ачты. Палкинанын кезектеги атаандашы германиялык Анна Зажа болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG