Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Азия оюндарында кыргыздар жарым финалда


4-июлда кол күрөш боюнча Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 25 медаль жеңип алышты.

4-июлда кыргызстандык спортчулар Өзбекстандан олжолуу кайтып келди. Армрестлинг же кол күрөш боюнча Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 25 медаль жеңип алышты.

Азия армрестлинг федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, Кыргызстандын балбандары командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Азиянын чемпиону болуп, алтын медаль тагынган Мирлан Байчериков, Чыңгыз Мамакеев, Рустам Жалилов, Анатолий Сахаров адистердин көңүлүн бурду.

Кыз-келиндерден дүйнө чемпиону Ольга Ярославцева Азия чемпиондугун 8-ирет женип алууга жетишти. Ал дүйнө чемпионатында 2 ирет күмүш медаль тагынып, 5 жолу коло байгелүү болгон.

Азия оюндарында 4 кикбоксчу жарым финалда

4-июлда Түштүк Кореянын Инчон шаарында жабык имараттардагы Азия оюндары улантылды.

Суучулдардын мелдеши дагы уланууда. Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дарья Таланова менен Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү, 2007-жылдагы жабык имараттардагы Азия оюндарынын күмүш байге ээси Василий Данилов да финалдык мелдештерге катышты. Бирок алар байгелүү орундарга жетпей, 5-6-орундар менен чектелип калды.

Азия оюндарынын кикбоксинг таймаштары курч мүнөздө өтүп жатат. Мисалы, 57 кило салмактагы кикбоксчу Уланбек Касымбеков жарым финалга чыкты. Уланбек алгач түштүк кореялык Генгчол Кимди утуп алган. Чейрек финалда өзбекстандык Нодир Исраилов менен күч сынашып, аны да 3:0 эсебинде жеңип алды.

Кикбоксингден дүйнө чемпиону Алексей Федосеев алгачкы атаандашы казакстандык Артур Саурбаевди дагы 3:0 эсебинде утуп алды. Алексей Федосеев чейрек финалда ирактык Алмалкее Ахмад Хассан Мажед менен беттешмек. Бирок ирактык жигит атаандашуудан баш тартып, Алексейдин жарым финалга жолу ачылды. 5-июлда ал түркмөнстандык Шохрат Халлуев менен беттешет.

Сталбек Даркамбаев да сириялык Мохамад Кхрейсти жеңип, эми чейрек финалда ирактык Саррай Хуссейин Кареем менен күч сынашып, Сталбек жарым финалга чыкты. Анын финалга чыгуу үчүн атаандашы вьетнамдык Ю Цзан Тран болду. Кумар Жалиев чейрек финалда иорданиялык Хуссейин Жарах Мохаммед 2:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Кумардын кезектеги атаандашы түштүк кореялык Жаенго Ан болмокчу. Ошентип Инчиндогу Азия оюндарында кыргызстандык 4 жигит тең жарым финалга чыкты. Бул азырынча 4 коло байге куржунда деген белги.

Ал эми жабык имараттагы Азия оюндарынын спорттук бий боюнча мелдештери 4-июлда башталды. Мында кыргызстандык 4 жуп өнөрүн көрсөтүүдө. Алардан Эрмек Барктабасов менен Сабина Айдаркулова 6-орунду ээледи. Бул тууралуу Инчондон Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов телефон аркылуу маалымдады.

Инчондогу Азия оюндарында кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча мөрөй талашууда. Алар: спорттук бий, кикбоксинг, тай бокс, сууда сүзүү жана бильярддын снукер түрү боюнча 22 спортчу өлкө намысын коргоп жатат. Бул ирет Инчондогу жабык имараттардагы Азия оюндарына 45 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, спорттун 12 түрүнөн күч сынашуулар өтүүдө. Жабык имараттардагы 4- Азия оюндары 7-июлда жыйынтыкталат.

Бишкектеги оор атлетика Азия чемпионатында

Кыргызстандын тарыхында алгач ирет улан-кыздар арасында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтүп жатат.

Азиялык таймашка он төрт мамлекеттен эки жүздөй оор атлетчи катышууда. Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча кыздар арасында жеңил салмакта Жаңыл Океева 2 кило айырма менен 4-орунга илинди. Баш байгени кытайлык Лидан Кин утуп алды. 2-орунда индиялык кыз Мирабай Чану ээледи. Коло байгени тайланддык Фанраук Онума ээледи. 56 жана 62 кило салмактагы балбандардын күч сынашуусунда Тимур Бекнур уулу менен Сыргак Абдрахманов да 4-орун менен чектелди. Сыргак 115 кило оордукту жулкуп көтөргөнү үчүн ага кичи күмүш медалга татыктуу болду.

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргыз жигиттери намысты колдон чыгарбайшы керек эле дейт “Азаттыкка” олимпиаданын жана дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев.

5-июлда да Азия таймаштары уланат.

Иорданияда бокс боюнча Азия чемпионаты өтүүдө

4-июлда Иорданиянын борбору Амман шаарында бокс боюнча чоңдор арасында Азия чемпиондугу үчүн таймашуулар башталды. Мында Кыргызстандын намысын 8 жигит коргоп жатат. Өмүрбек Малабеков ирактык Хасан Аммарды утуп, кезектеги таймашууга жолун ачты. Ал 4-июлда монгол Давадала Алтангерел менен чейрек финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Жеңил салмакта Турат Осмонов казакстандык Темертас Жусупов менен рингде мөрөй талашып, жеңилүү ызасын тартып калды. 64 кг салмактагы Эрмек Сакеновдун алгачкы атаандашы ирандык Фортуна Голарайды утуп, кийинки таймашууга жолун ачты. 69 кило салмактагы Эркин Болотбек уулу ооганстандык Аллах Дад Рахим менен күч сынашканы турат.

"52 кг салмакта Азат Үсөналиев, 56 кг - Өмүрбек Малабеков, 60 кг - Медер Мамакеев, 81 кг - Александр Панарин жана 91 кило салмакта Сергей Паренко Азия чемпионатында күч сынашып жатат. Азия биринчилигинин жеңүүчүлөрү 8-июлда анык болуп калат", - дейт Азия оюндарынын коло байге ээси Таалай Кадыралиев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG