Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Кыргыз футболунун башчысы тандалат


Кыргызстандын Футбол федерациясынын келерки президенти ким болот? Спорт коомчулугу ушул суроого жооп күтүүдө.

Өлкөнүн футбол федерациясынын президенти, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен. Ошондон бери федерациянын чет жерде туруп башкарып, алтурсун ФИФА жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып жүрдү.

7-декабрда федерациянын жетекчиси шайланганы турат. Футболдун дүйнөдөгү кадыр-баркы токтоосуз өсүп, азыр чоң саясатка таасир берүүчү кудуретке ээ болуп турганын эске алганда, бул орун да Кыргызстанда саясый салмакка ээ боло баштады.

Ошондуктанбы, федерацияга жетекчи болууну самагандар арбын. Учурда футбол чөйрөсүндө федерация президенттигине бир нече талапкердин ысымдары айтылууда. Алардын катарында футбол ардагери, милициянын полковниги Манас Акматбаев, “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков, федерациянын вице-президенти, генерал Өмүрбек Кутуев, мурдакы “АиК” командасынын негиздөөчүсү Эрнис Адылов, “Абдыш-Ата” футбол клубунун президенти Совет Сакебаев, кичи футбол бирикмесинин жетекчиси Медет Букуев, “Футболду өнүктүрүү фондусунун” жетекчиси Семетей Султанов жана башкалар бар.

Талапкерлердин бири катары президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы, “Футболду өнүктүрүү фондусунун” жетекчиси Семетей Султанов аталууда. Спорт адиси Бообек Кадыркулов анын күчүн жана тажрыйбасын мындайча баалады:

- Бул жигит жакында эле футболду колдоо фондун түздү. Азырынча тажрыйбасы аз. Коомчулукка деле тааныла элек. Федерацияга жүк көтөрө турган, иш билги жетекчи керек.

Бул ишке бийликтер канча таасир этип киришет – азыр айтуу кыйын.

Футбол серепчиси Табылды Асыгалиевдин пикиринде, футбол федерациясына иш билги менеджер керек.

- Европада абдан күчтүү менеджерлер бар. Алар футболдогу ар бир ишти уюштуруп, карап турушат. Кыргызстанда ушундай кесипкөй менеджерлер жетишпей жатат. Бул футбол гана эмес, спорттун башка түрлөрүндө да байкалат. Эгерде өлкө чемпионаты күчтүү болсо, ошол жерде улуттук команда күчтүү болот.

Канттын “Абдыш-Ата” клубунун өкүлү Азатбек Шайылдабеков өлкөдөгү футболдун деңгээли өспөй токтоп калганын, жаңы шайлана турган жетекчи деле бардык маселени өзү чече албастыгын белгилейт.

“Учур” гезитинин спорт кабарчысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде, федерациянын президентин алмаштуруудан Кыргызстандын футбол чарбасында жылыш болоору күмөн.

Футбол федерациясын уюштуруп, 16 жыл жетекчи болуп турган мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев да талапкердин ичинен Аскар Салымбековдун тажрыйбасы мол, футболго кошкон салымы чоң экенин белгиледи.

7-декабрга чейин талапкерлер дагы иргелип, жыйында жашыруун добуш менен татыктуусу шайланаарын федерациянын башкы катчысы Асылбек Кадыралиев “Азаттыкка” билдирди.

Мурда кеңеш курамында турганда коңшу Казакстан, Өзбекстан менен теңтайлаш абалда турган кыргыз футболу учурда алардан ат чабым артта калган. Атүгүл дүйнөдөгү эң жакыр саналган Сомали, Эритрея, Папуа Гвинеядан да төмөн калды.

Эл аралык футбол федерациялар ассоциациясынын акыркы жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнөдөгү 207 мамлекеттин ичинен 200-орунду ээледи. Бул - кыргыз футбол тарыхында эң төмөн көрсөткүч.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG