Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Чоң футболдун кичинекей жылдызы


Жеткинчек футболчу Эрбол Атабаев
Жеткинчек футболчу Эрбол Атабаев

11 жаштагы кыргызстандык Эрбол Атабаев Испаниянын айтылуу “Барселона” клубунун футбол академиясына расмий кабыл алынып, окуп жана машыгып жатат.

Испаниянын айтылуу “Барселона” клубунун футбол академиясына расмий кабыл алынып, окуп жана машыгып жаткан Эрбол Атабаев 2001-жылы 15-августта Кант шаарында туулган. Азырынча бою – 134 сантиметр, салмагы – 30 килограмм.
Учурдагы жетишкендиктери - Орусияда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн 4 ири мелдеште “Мыкты оюнчу” болуп табылган. Кыргызстанда өткөн жеткинчектердин турниринде “мыкты чабуулчу” деген сыйлыкка арзыган. Эрбол Атабаев үч жыл
Кант шаарынын “Абдыш-Ата” клубунда, эки жыл Орусиянын Казан шаарындагы “Рубин” футбол мектебинде тарбияланган.

Эрбол катардагы эле үй-бүлөнүн кулуну. Үйдө 3 бир туугандын ортончусу. Улуу агасы Алмаз 26 жашта. 6 жашар Алиаскар аттуу иниси бар. Апасы Чолпон кесиби боюнча орус тили мугалими. Атасы Канат 20 жылдан ашуун Мамлекеттик автоинспекция тармагында иштеп, учурда ардактуу эс алууда.

Эрбол баскан күндөн тарта топ тээп, футбол ойноп, чоңоюп келатат. Алтыга чыкканда канттык машыктыруучу Николай Рослов анын жөндөмүн байкап, өзүнөн 3 жаш улуу балдар менен кошо машыктыра баштаган. Анын футбол талаасындагы ордун таап, ачыла элек булактын көзүн ачкан ошол Николай Рослов болду.

2010-жылы Эрбол мадриддик “Реал” футбол мектебине барып, сынактын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынбай калган.

- Андан кийин Татарстандагы “Рубин” мектебине барган. Жаш баланын шагын сындырбайлы деген ата-энебиз Канттагы үй-жайды таштап, Эрболду алып Казан шаарына барган. “Рубин” Эрболду мыкты деңгээлге өстүрүп чыгарды, - дейт агасы Алмаз Атабаев.

Быйыл “Барселонанын” кароо-сынагына барып, апрелде 1-турдан өткөн. 2 ай Барселонада жашап, июнда 2-турдан өттү. Негизи Эрболдой жаш таланттар Европадан агылып келгендиктен, тандап алууда 15 орун үчүн 300дөй бала ат салышкан.

- Сынак жөнөкөй типте өткөрүлдү. Балдарды командаларга бөлүп ойнотуп, чеберчилик менен майдандагы ой жүгүртүүсүнө карап тандашты. Бул – Эрболдун кезектеги тепкичке көтөрүлүүсү. Азыр футбол десе Испания курама командасы же “Барселона” эске келчү заман болгондуктан, Эрбол үчүн мыкты мектеп болот,- дейт өлкөнүн Испаниядагы ардактуу консулу Таалайбек Бапанов.

Бул мектепте Эрбол 3 жыл окуйт. Окуу жылы – 9 айга созулат. Жылына окуусуна 10 миң доллар төлөнөт. Аптасына 3 ирет машыгуу, бир ирет оюн болот. Испан тилин билбегендиктен Эрбол бир класс төмөнкүлөр менен окуп жатат.

Эрбол даңазалуу футболчу – Лионель Мессиге окшошкусу келет. Ал түгүл чач жасалгалары да окшош. Экөө тең 10 номерде ойношот.

Бойлору кичинекей. Азыр Эрболдун бою – 134 сантиметр. 11 жашында Мессинин бою 140 сантиметр болгон экен. Ойноо ыкмалары окшошуп кетет. Ошондон улам Месси “Жаңы Марадона”, Эрбол “Кичинекей Месси” деген лакап атка ээ болгонун серепчилер айтып жүрүшөт. Экөөнүн тең ата-энелери уулунун келечеги үчүн Испанияга барып жашайт. Месси – чабуулчу. Эрбол ортодо оюнду уюштуруучу борбордук коргоочу.
Испаниянын “Барселона” академиясына Месси 13 жашында, Эрбол 12ге толо электе келди.

- Эрбол футбол ойноп баштагандан тарта “Абдыш-Атанын” президенти Советбек Сакебаев көп жардам берип келет. Өлкөнүн Испаниядагы ардактуу консул Таалайбек Бапанов да каралашып, демөөрчү табууга жардам берип жатат, - дейт Эрболдун атасы Канат Атабаев.

“Барселона” футбол академиясына кабыл алынган Эрбол Атабаев Испанияда үч жыл окуп, машыгат.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын устаты Ниязбек Алиев Эрбол келечекте кыргыз футболунун жылдызы болооруна ишеним артат:

- Эрбол Канатбек уулу топту жерге түшүрбөй 285 ирет элеп, адистердин көңүлүн бурган. Эгерде ушул калыбынан жазбай, машыгып, таланты дагы ачылса, кыргыз футболунда жылдыз болооруна ишенем.

Жаш өспүрүмдүн жөндөмүн байкаган Түркия, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөгү футбол клубдарынан сунуштар, чакыруулар түшө баштаган. Бирок Эрбол Испаниянын “Барселона” академиясын тандады.

“Абдыш-Ата” футбол клубунун менежери Азатбек Шайлдабековдун айтымында, эки жүздөн ашуун жөндөмдүү балдар футбол менен машыгып, Эрболдон сырткары Киев шаарынын “Динамо” клубуна кабыл алынган өспүрүмдөр да бар.

Жеткинчек футболчуга “Азаттыктын” жамааты да ийгилик каалайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG