Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Тарт улакты, азамат!


28-августта Бишкектеги “Аккула” ат майданында эгемендик күнүнө карата президентин Кубогуна арналган көкбөрү мелдеши уланды.

28-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өлкөнүн эгемендигинин 20 жылдыгына арналган көкбөрү боюнча президентин Кубогу турнири улантылды.

Быйылкы мөрөй талашууга 11 команда катышууда. Алар Жалал-Абад облусунун “Камбар-Ата”, Ысык-Көл облусунун “Кабылан”, Талас облусунан “Ынтымак” менен “Ой-Кайың” командалары жана калганы Чүй облусунун командалары болуп, төрт топко бөлүнүп, күч сынашып жатышат.

28-августта төрт оюн болуп, 2 миңден ашуун күйөрман жигиттерди сүрөөнгө алып турушту. Бул күнкү беттешүүдө Ысык-Көл облусунун “Кабылан” командасы менен Сокулуктун “Белек” командасын 20:0 ири эсеби менен утуп алды. Бул беттешүүдө ысыккөлдүк улакчылардын чеберчилигине күйөрмандар, адистер жогору баа беришти.

Экинчи беттешүү да курч мүнөздө өтүп, Талас облусунун “Ой-Кайың” командасы менен мурда Бишкектин атынан чыгып жүргөн, бул ирет Сокулуктун намысын коргоп жаткан айтылуу “Бөрүлүү” командасы күч сынашты. Натыйжада президенттин Кубогун беш ирет уткан “Бөрүлүүнүн” жигиттери таластыктарды 15:4 эсебинде утуп алышып, жарым финалга чыкты. Алар 29-августта жарым финалда Ысык-Көлдүн “Кабылан” командасына каршы турушат.

Үчүнчү беттешүү Сокулук районунун “Конуш” жана Чүй облусунун “Кожомкул” командаларынын ортосунда болду. Бул оюнда мурда “Рассвет” командасы деген ат менен чыгып жүргөн жаш жигиттер өнөрү менен таанылып, 11:0 эсебинде утушка ээ болушту.

Сокулук районунан жаңы уюшулган “Аюу” командасы менен Жалал-Абад облусунун “Камбар-Ата” командаларынын беттешүүсү курч мүнөздө өткөнүн өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азаматов “Азаттыкка” айтып, Нарын, Ош, Баткен облустарынан командалар келбей калганын өкүнүү менен билдирди.

Көк бөрү спорт федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеевдин айтымында, өлкө Президентинин Кубогу үчүн таймашууларга жаш жигиттер катышып, аттын кулагы менен тең ойногон чеберчилиги өскөнү байкалууда.

Президенттин кубогуна арналган эларалык турнирге мурдакы жылдары Казакстан,Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Тоолуу Алтайдан тандалма командалар келип, мелдештин деңгээли жогору болчу, - деп Казакстандын Чымкент шаардык ат оюндары спорт мектебинин директору Ганы Ахметбаев “Азаттыкка” айтып, үзүлгөн байланышты чыңдоо керектигин билдирди.

Коомдук ишмер, Көк бөрү күйөрманы Дөөлөтбек Шадыбековдун пикиринде, быйыл дагы Казакстандын мыкты командалары келбей калып, оюнга Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көлдүн жигиттери гана катышууда.

Учурунда Президент кубогунун жалпы байге фондусу 2 млн. сомдон ашчу. Бирок быйылкы эгемендиктин 20 жылдыгына арналган мелдештин байгеси канча болоору азырынча табышмак.

Оюндар «Аккула» ат майданында күн сайын түштөн кийин башталып, жеңүүчүлөр 31- августта аныкталат.

27-августта Токмоктун “Тынай” командасы менен Сокулуктун “Белек” командасынын ортосундагы таймаш 7:0 эсебинде токмоктуктардын жеңиши менен аяктады. Таластын “Ынтымак” жана “Ой-Кайың” командалары беттешип, 5:0 эсебинде “Ынтымактын” жигиттери жеңди. Үчүнчү оюн Чүй облусунун “Суусамыр” жана “Кожомкул” командаларынын ортосунда болуп, мында 6:3 эсеби менен суусамырлыктар утуп, алар дагы жарым финалга чыкты.

29-августта жарым финалга чыккан Ысык-Көлдүн “Кабылан” менен Сокулуктун “Бөрүлүү” командасы, ошондой эле Чүй облусунун “Суусамыр” жана “Аюу” командаларынын таймашуулары болот.

30-августта көкбөрүчүлөр тыным алышат.

31-августта баш байге үчүн таймашууларга кезек берилет. Мындан сырткары “Аккула” ат майданында ат чабыш, жорго салдыруу, кыз куумай, оодарыш сыяктуу элдик оюндарга да күйөрмандар күбө болушат.
XS
SM
MD
LG