Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

"Жандуу үн" деп жаңылбайлы...


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргыз тилинде бир эле сөздүн бир канча маанини түшүндүргөндөрү арбын кездешет.

Мисалы “кат” дегенди алып көрөлү.

“Кат”, орусчасы “письмо”. Кат деген сөз баштапкы маанисинде “кол жазма” дегенди да билдирген. “Ал кат билет” десе, “ал жазганды, окуганды билет, билими бар киши” дегени. Эми каттын түрлөрү: Тил кат—расписка, жол кат - путевка, куш кат - каллиграфия, сал кат - опись, чөп кат - закладка, кол кат - ишеним кат же доверенность жана башка.

“Туяк кат” деген да бар. Бул деген дыйкандын жайытына экинчи бир киши малын жайса, ошонун акысы үчүн алына турган акчага күбө болчу катты билдиргени.

“Кат” сөзүнүн экинчи мааниси - “тогуз кат”, “кош кат”, “кат-кат”, “эки кат”, “беш кат” жана башка.

Үчүнчү мааниси - каткан нан, көз кат... Мисалы, “Ушул баламды мен көз катканда көргөн элем” дейт. Көксөп, эңсеп жүрүп көргөн элем дегенди билдирет.

“Ээ, жолуң каткыр, каяктан келдиң?”,- деп жиберди кемпир” дейт.

“Ал эмне кыларын билбей башы катып турду” дейт.

Суусап турганын билдиргенде “каным катып турат” деп да айтат. Бийлиги тайып барткан ханды “Хандын тилеги катты” деп да коюшкан.

“Жолуң каткыр!” деп да каргашкан.

Бул сөздүн дагы бир мааниси - жашыр деген маанидегиси. Мисалы: “Аныңды бекем жерге ката көр” дейт. “Койнума катып алдым”. “Каткан-үткөнүнүн баарын алып чыкты”, “Баш катарга жер жок калды”, “Аны күбө катары чакыртышты” дейт.

Эми “кой” дегенге келсек. “Кой сой” дейт. Төрт жаштагы койду – “кунан кой”, беш жаштагы койду “дөнөн кой”, гисар куйруктуу койду - “кисер кой” деген. Мериносту - “ак кой”, кыргыз койду - “кара кой” деп атаган.

Календарда жылдын бир атын “кой жылы” дешкен..

Чечкинсиз, жоош кишилерди “кой оозунан чөп албаган” дешкен. Күрөң көздүү кишилерди “кой көз” деп коюшкан. Кыргыз оймо-чиймелеринин аттарын “кой текей, койсары” "кой макмал” деп да атаган.

“Кой” сөзүнүн дагы бир маанисине келели. “Кул күмүш тапса, коерго жер таппайт” деген бар. “Жерге кой” дейт. “Ары кой” дейт. “Чай кой” дейт. “Ал арак ичкенин койду” дейт. “Бирин койбой чакыргыла” дейт. “Кой, тийбегиле!” дейт. “Аялын кое берди” дейт. “Бетке кой” дейт. “Кол койдуң беле?” дейт. “Иче гой” дейт.

“Жин” деген “оору” деген мааниде. “Жин оору тийбей бакшы жок” деген бар. “Жин окуган молдо бар” дейт. “Акыл ашса жин болот” дейт. “Ал кийин жинди болуп кетти” дейт.

Кыргыздар жин чалган кишилерди “жандуу илдети бар киши экен" дешкен. Аларды медицина илими келгенге чейин күчтүү молдолорго окутушкан.

Азыркы күндө “фонограмма” деген музыкалык терминди чанып, жалаң кыргызча кылабыз деген куру патриоттуулукка азгырылгандар “фонограммасыз ырдоо” дегенди “жандуу үн” менен ырдоо деп которуп алышты.

“Жандуу үн” деген сөздүн маанисин музыкалык билим берген окуу жайларынын окутуучулары студенттерине жакшылап окутуш керек эле.

Мисалы “жандуу дарт” деген адамдын “жин оорусун” же “жинди” экенин түшүндүргөндөй эле, “жандуу үн” деген, “жин оорусу бар үн” же “жиндүү үн” же “жинди үн” дегенди түшүндүрүп жүрбөсүн.

Ошондуктан “жандуу үн” деген ойлонуп табылган сөз “фонограммасыз” ырдоо дегендин маанисин бере албайт. Бул сөз менен кыргыз тилин байытып жатабыз деп ойлогондор жаңылышат.

Тил деген кыргыз тилине башка тилдерден бир дагы сөз киргизбей коюу жолу менен байыбайт, тескерисинче башка тилдерден сөз кирүү менен байыйт. Эзелтен бери бардык тилдер ушундай болуп келген, ушундай боло берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG