Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Соцфонддо кымырылган миллиондор


Социалдык фонд кызматкерлери 10 миллион сомду кымырып алган деп шектелүүдө. Пенсионерлерге деген акчанын сол чөнтөккө кетип калган учурлары буга чейин да катталган. Эки жыл мурда бул мекемедеги коррупция өлкөнүн Коргоо кеңешинде да талкууланып, аны жоюунун планы иштелип чыккан.

Социалдык фонддун Бишкектин Биринчи Май райондук башкармалыгында болгон окуяга байланыштуу иш Кылмыш кодексинин “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” деген эки беренесинин негизинде козголгонун Башкы прокуратура дүйшөмбү күнү билдирди.

Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Назик Байгазинованын кабарлашынча, кылмыш иш аудиттин жыйынтыгында чогулган материалдардын негизинде ачылды:

- 2014-2015-жылдары райондук башкармалыктын кызматкерлери ишкерлерге 11 772 даана камсыздандыруу полисин сатып, андан түшкөн 9 млн 980 миң сомдон ашык акча каражатын өзүнө ыйгарып алганы аныкталган.

Бул фактыны Социалдык фонддун өзүнүн ички аудит башкармалыгы таап чыккан. Алгач маалымат УКМКга жөнөтүлүп, андан кийин Башкы прокуратурага өткөн.

Райондук мекеменин кылмышка шектүү жетекчиси жана тогуз кызматкери ошол замат иштен алынган. Айрымдары 2 миллион сомго жакын акча каражатын кайра кайтарып берген дейт ички аудит башкармалыгынын башчысы Акылбек Байдылдаев:

- Ушул тогуз адамдын бешөө акчасын ордуна койгон, квитанцияларын алып келген, күнөөсүн моюнуна алып, иштен бошоп кеткен. Калгандары убагында төлөп берген эмес, жашырып, “кийин өзүңөргө жеңил болот” дегенибизди да укпай коюшкан.

Бул иш азыр тергөөдө, сотко өтө элек.

Социалдык фонд иштегендерден акча чогултуп, пенсионерлерге таратып берүү менен алектенген мекеме. Анын тутумундагы жемкорлук тууралуу көптөн бери айтылып келет. Жада калса маселе өлкөнүн Коргоо кеңешинде да каралган.

2014-жылы мамлекет башчы өзү жетектеген бул орган Социалдык фонддо коррупцияга өбөлгө болчу жети багыт бар экенин аныктап чыккан. Алар: кирешени, активдерди башкаруу, жарандарды каттоого алуу, пенсия чегерип бөлүштүрүү жана «Кыргызпочтасы» бирикмеси менен иштөө.

Мына ушул жерлерде акчаны сол чөнтөккө салып алууга өзгөчө ыңгайлуу шарттар бар экени аныкталгандан кийин коррупцияга жолтоо болчу иш-чаралардын планы кабыл алынган. 2017-жылга чейин эсептелген пландагы 62 пункттун бүгүнкү күнгө карата 38и аткарылып бүттү дейт Коргоо кеңешинин көз каранды эмес эксперти Кулубек Батырканов. Анын белгилешинче, жемкорлук фактылары аныкталып жатканы мына ушул иштин үзүрү:

- 5-10 жыл мурда мындай кылмыштар тууралуу айтылчу да эмес. Эч ким билбей калчу. Ал эми азыр бул проблемалар ачыкка чыгарылып жатат. Бул Коргоо кеңешинин гана эмес, күч органдарынын ишинин үзүрү десем болот. Бул өтө позитивдүү тенденция.

Коррупция эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эки ыңкылаптын чыгышына түрткү болгон себептердин негизгилеринин бири болчу. 2010-жылы келген азыркы бийлик жемкорлукту түп орду менен жоготуу убадаларын берген.

Бул иш канчалык натыйжалуу жүрүп жатканы тууралуу серепчилер жана байкоочулар арасында пикир бирдей эмес.

Коррупция маселелери боюнча талдоочу Бакыт Бакетаев:

- Бир куралы кылыч, экинчи куралы сөз. Президент Атамбаев баш болуп кылыч менен аябай иштешти. Эл өзү көрдү, укту. Спикер болобу, премьер болобу, баарына кылмыш иш козгоп, сотторго өткөрүп берди. Бирок эмнегедир сөз куралын кошпой жатат. Системалуу коррупцияны азайтыш керек, мээни кошуш керек. Касапчыларды табыш керек. Мына ошондо гана биз коррупцияны азайтабыз.

Социалдык фонд системасында иштегендер пенсионерлерге деген акчаны жымырып алган учурлар буга чейин да болгон. Былтыр Бишкектин Свердлов райондук башкармалыгында ири өлчөмдөгү акча каражатынын дайыны табылбай, бир топ кызматкер иштен айдалган, айрымдары жарым жылча тергөө абагында отуруп чыккан. Азыр иш сотто каралып жатат. Ушул сыяктуу эле окуя жакында Сокулукта да катталган.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш сөз, кагаз жүзүндө гана жүрүп жатат деп сындагандардын көбү кылмыш иш козголуп, тергөө жүргөнү менен сотко келгенде айыпталуучулардын көбү акталып же жазаланбай калып жатканын жүйө келтиришет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG