Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Сманалиев: Жаңы кодекс адам укуктарын коргойт


2019-жылдын 1-январынан тарта Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясы күчүнө кириши керек.

Жаңы кодекстин буга чейин иштеп келген кодекстен өзгөчөлүктөрүн “Азаттыкка” аны даярдаган жумушчу топтун башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Кынатбек Сманалиев чечмелеп берди.

Кылмышты, жорукту каттоо

“Азаттык”: Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясына ылайык, адам кылмыш жасады деп шек саналган учурда ал оболу бул тууралуу кабарландырылуусу керек. Буга чейинки, кылмыш ишти козгоо деген баскыч жоюлуп жатат. Бул эми кандай өзгөрүүгө алып барат?

Сманалиев: Биз жакшы билгендей, кылмыш иликтөө жараяны кылмыш ишти козгоо баскычынан башталат. Бул укук коргоо органдары, тергөөчүлөр кылмыш ишти козгоо боюнча токтом чыгарган же андан баш тарткан эң биринчи баскыч. Адамдын укуктары менен эркиндиктери мына ушул убакыт аралыгында бузулат. Башкача айтканда, буга чейин күчүндө болгон же жаңы иштей турган Жазык-процесстик кодексте каралбаган чаралар колдонулушу мүмкүн.

Экинчиден, кылмыш иши козгологонго чейинки процессуалдык аракеттер “тергөөгө чейинки текшерүү” деп аталат. Ошол тергөөгө чейинки текшерүү эски Жазык-процесстик кодекс менен тескелген эмес. Бул - коррупциялык тобокелчиликтерди жарата турган жагдай. Андыктан жаңы кодексте кылмыш ишин козгоо баскычынын ордуна кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри деген жаңы институт киргизилүүдө. Муну кантип түшүнүүгө болот? Укук коргоо органдарына келген арыздар менен маалыматтардын баары 24 сааттан кечиктирилбестен, тергөөчү тарабынан ошол реестрде катталышы керек.

Тергөө аракеттери конкреттүү арыз же маалымат түшкөндөн кийин башталат. Тергөө аракеттерин жүргүзүү аркылуу тигил же бул адам ал кылмыш жасады деп шектелип жатканы тууралуу кабарландырылат. Эгер буга негиз болбосо, анда жаңы Жазык-процесстик кодекстин 26-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш токтотулат.

“Азаттык”: Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясында “тергөө судьясы” деген жаңы түшүнүк да каралыптыр. Бул судья кадимки судьялардан эмнеси менен айырмаланат? Кылмыш же жорук жасады деп шектелген адамга ал эмне берет?

Сманалиев: Ооба, жаңы Жазык-процесстик кодексте “тергөө судьясы” деген институт же тагыраак айтканда процессуалдык фигура киргизилүүдө. Буга чейин иштеп келген Жазык-процесстик кодекс боюнча судья бир эле учурда бир нече функция аткарчу: сот акыйкаттыгын ишке ашыруу функциясы, ага катар соттук көзөмөл функциясы.

Сот акыйкаттыгын ишке ашырган эле судья кылмыш жасады деп шек саналган жарандын кармалуусунун мыйзамдуулугун аныктайт, баш коргоо чарасын чечет. Бул иштер укук теориясында соттук көзөмөл деп айтылат. Жазык-процесстик кодекстин жаңы реадакциясында каралган тергөө судьясына мына ушул соттук көзөмөлдү сотко чейинки өндүрүштө жүргүзүү милдети жүктөлөт. Ал эми андан кийин сотто кылмышты же жорукту карап, чечүү боюнча ишти сот акыйкаттыгын ишке ашырган судья аткарат.

Мындан сырткары тергөө судьясы деген институт Жазык-процесстик кодекске сотко чейинки өндүрүштө тараптардын тең укукта атаандаша алуу принцибин камсыздоо үчүн киргизилди.

Кармалар замат адвокат

“Азаттык”: Жаңы кодекстин жоболору боюнча кылмышка шектүү менен адвокаттын жолугушуусуна эч ким аралашпоосу керек. Демек мурда мындай эмес беле?

Сманалиев: Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясы боюнча, адвокат коргоо функциясын аткарууга кылмышка шектүү кармалган учурдан тарта киришүүсү керек. Тигил же бул жаран кылмышка шектелип кармалды дейли, мына ушул учурдан тарта ал адвокат менен камсыздалмайынча бир дагы көрсөтмө бербей коюуга укуктуу.

Кылмышка шектүүнү коргоо үчүн дагы бир процессуалдык функция киргизилди. Ал бир жолу, акысыз жана натыйжалуу телефон чалууга укуктуу. Бул укукту ал өзүнүн жакындарына кабар берүү же кармалуу фактысы боюнча түшүндүрмө алуу үчүн адвокат чакыруу максатында колдоно алат. Дагы бир жолу кайталайм, кылмышка шектүү жаранды коргоого адвокат ал кармалган учурда тарта киришүүсү керек.

Жарандардын белгилүү бир категориясы адвокатты мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында мамлекеттик реестр аркылуу ала алат, кылмышка шектүү адвокат менен өзүн-өзү камсыздоого да укуктуу.

2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү кодекстер. Сүрөт "Сорос-Кыргызстан" фондунуку.
2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү кодекстер. Сүрөт "Сорос-Кыргызстан" фондунуку.

“Азаттык”: Эски Жазык-процесстик кодексте далилдин бир булагы деп ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгы да таанылчу. Жаңы Кодексте бул булак жокко чыгарылды. Демек бул кадам аркылуу жасалма кылмыш иштерди алдын алууга мүмкүндүк бар десек болобу?

Сманалиев: Биз мына кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри пайда болду, ар бир кылмыш, ар бир жорук ошол реестрде дароо катталат деп айтып жатсак, ыкчам-издөө ишмердиктин эмне кереги бар? Андай ишмердикке жөн гана орун жок болуп жатпайбы! Орун жок. Арыз же маалымат дароо катталып, дароо тергөө аракеттери башталышы керек. Андыктан биз ыкчам-издөө ишмердигин жүргүзгөн органдарга бул жерде жөн гана орун жок деп жатабыз. Эски Жазык-процесстик кодексте ал эмне үчүн бар? Анткени кылмыш ишин козгоо стадиясы бар. Жаңы кодексте ыкчам-издөө ишмердиктин жыйынтыгы кылмыш жасалганын далилдөөнүн булагы боло албайт. Бирок бул органдар албетте ишин уланта берет. Болгону ыкчам-издөө ишмердик жөнүндөгү мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүү керек. Ал органдар белгилүү бир функцияны аткара берет. Алар мисалы тергөөчүгө кандайдыр бир тапшырмаларды бере алышат. Бул тарабы калууда.

Процессуалдык макулдашуу, элдешүү

"Азаттык": Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясында “процессуалдык макулдашуу” деген да жаңы түшүнүк бар. Ал жаранга эмне берет?

Сманалиев: Ооба, жаңы Жазык-процесстик кодекс “процессуалдык макулдашуу” деген жаңы институтту камтыды. Ал үч түрдө болот.

Биринчиси - күнөөнү моюнга алуу боюнча процессуалдык макулдашуу, экинчиси - кызматташтык тууралуу процессуалдык макулдашуу, үчүнчүсү - элдешүү тууралуу процессуалдык макулдашуу. Булар эмнени берет?

Биринчиден, бул кылмыш жасаган адамдын укугун жана кызыкчылыгын коргойт. Биз соттук отурумдар узакка созулуп кетип жатканын билебиз. Бул сотко тиешелүү субъекттер же көрсөтмө берүүгө милдеттүүлөр келбей койгонунан улам болот. Сот мындай шартта жараянды кийинкиге калтырууга аргасыз. Бирок ошол эле учурда соттолуп жаткан адам камакта экендигин унутпоо зарыл. Башкача айтканда анын эркиндиги чектелип, укугу бузулууда. Сот жараянды тездетип, камактагы адамдын тагдырына байланышкан маселени тезирээк чечүүсү үчүн процессуалдык кызматташтык институту киргизилүүдө. Мында кылмыш жасагандардын бири укук коргоо органдары менен кызматташып, жасалган кылмыш тууралуу айтып берет.

Бул өз кезегинде биринчиден кылмыш ишти тезиреек чечүүгө мүмкүндүк берет, экинчиден, укук коргоо органдарынын ишиндеги жүктү жеңилдетет.

Мындан башка тараптардын элдешүүсү тууралуу да процессуалдык макулдашуу бар. Жоруктар кодексинин алкагында каралуучу кылмыштардын баары боюнча элдешүүгө болот. Тараптар, башкача айтканда, жабырлануучу менен айыпталуучу өз ара, же ортомчулардын жардамы менен элдеше алышат. Бирок адам оор же өтө оор кылмыш жасаган учурда тараптардын элдешүүсүнө мүмкүнчүлүк жок. Анча оор эмес кылмыштардын кээ бир түрлөрүндө да тараптар элдеше алат. Элдешүүгө сот өндүрүшү башталганга чейинки учурдан баштап, сот өкүмү чыкканга чейин болот.

Ал эми процессуалдык макулдашуунун күнөөнү моюнга алуу түрүндө да, эгер кылмыш жасаган адам күнөөсүн өзү моюнга алса да, укук коргоо органдарынын, соттун жүгү жеңилдейт. Экинчиден, адамдын тагдыры менен байланышкан маселе да батыраак чечилет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:12 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Кыргызстанда телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо мыйзамсыз жана жашыруун жүргүзүлгөн учурлар боюнча тынчсыздануулар бар. Тергөө жүргүзүү максатында телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоонун жол-жобосу жаңы кодексте кандай каралууда?

Сманалиев: Жаңы Жазык-процесстик кодекске атайын тергөө аракеттери боюнча да жоболор киргизилди. Ошол атайын тергөө аракеттерине тиешелүү маселелердин бири - телефон сүйлөшүүлөрдү угуу. Кодекстин талаптары боюнча телефон сүйлөшүүсүн угууну атайын тергөө аракети катары колдонууга тергөө судьясы уруксат берет. Мен буга чейин айтканымдай, кандайдыр бир кылмыш жасалганы тууралуу арыз түшүп, бирдиктүү реестрде катталгандан кийин тергөө аракеттери башталат. Эгер тергөөчү кылмышка шектүү адамдын телефон сүйлөшүүсүн угуу зарыл деп эсептесе, ал мындай өтүнүч менен тергөө судьясына кайрылат. Тергөө судьясы уруксат берген шартта тергөөчү атайын тергөө аракетин жүргүзүп, кылмышка шектүүнүн телефонун уга алат.

“Азаттык”: Буга чейин деле тергөө органдары телефон сүйлөшүүнү угуп, жазып алууну сөзсүз сот чечими гана жүргүзүш керек болчу да, туурабы? Жаңы кодексте айырмасы эмне болуп жатат?

Сманалиев: Бирок телефон тыңшоону угууга уруксат берген ишти тергөө судьясы эмес, кадимки судья аткарчу да. Ал судья телефон сүйлөшүүлөрдү угууга уруксат берүү менен катар, атүгүл кийин ошол кылмыш иши боюнча териштирүүнү да жүргүзө берүүсү мүмкүн эле. Эми мындай болбойт. Кылмышка шектүүнүн телефон сүйлөшүүсүн угууну талап кылга иште атайын тергөө аракетин жүргүзүүгө уруксатты тергөө судьясы берет, ал эми иштин өзүн бөлөк судья карайт. Башкача айтканда экөөнүн ортосунда байланыш, кызыкчылык болбойт. Белгилеп кетейин, Жоруктар кодексинин алкагында каралуучу кылмыш иштер боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлбөйт. Анткени ал жакта анча оор эмес кылмыштар каралган.

“Азаттык”: Жаңы кодекстерде ишке киргизүүдө башаламандык болот, укук коргоо органдарынын иши аксайт деген эскертүүлөргө, кооптонууларга кандай жооп бересиз?

Сманалиев: Менимче, өзгөчө деле башаламандык болбойт. Кандай сот укуктук реформа болбосун, кандай реформа болбосун, жаркырап, эч бир кынтыксыз кетпейт. Муну биз түшүнүп турабыз, менимче баары түшүнүп турат.

Бир катар новеллалар, жаңы институттар кирүүдө. Укук коргоо жана мыйзамды колдонгон органдардын кызматкерлери окуулардан өткөрүлдү. Менимче, белгилүү бир чалкештиктер, түшүнбөстүктөр болот. Жаңы кодекстерди практикада колдонуу аркылуу эгер кандайдыр катачылыктары байкалып, көрүнүп, аныкталса аларды быскыч-баскыч менен өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү аркылуу оңдойбуз да.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG