Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Коопсуздукка бут тоскон кайдыгерлик


Бишкек мэриясы
Бишкек мэриясы

Акыркы күндөрдө адамдын өз үйүндө атып өлтүрүлгөн кылмыш фактысы, 15 өмүрдү алган жол кырсыгы, токтобогон талап-тоноолор жарандардын коопсуздугу жөнүндөгү маселени кайрадан күн тартибине алып чыкты.

Мамлекет жарандардын коопсуздугу үчүн жетиштүү чара көрүп жатабы? Кылмыштуу топтор менен чечкиндүү күрөш болдубу? "Коопсуз шаар" долбоору эмне үчүн ишке ашпай жатат? Жарандар өз коопсуздугу үчүн кандай кам көрүшү керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна мурдагы прокурор Байтемир Ибраев жана Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын ага инспектору, майор Мирлан Кожосабыров катышты.

"Азаттык": Байтемир мырза, мурдагы башкы прокурор, азыркы Жогорку Кеңештин депутатынын бир тууганынын ок атып өлтүрүлүшү катардагы боло жүрчү кылмышпы же жарандардын коопсуздугу үчүн тынчсыздануучу көрүнүшпү?

Байтемир Ибраев: Бул окуяга, кылмышка коомчулуктун көңүл буруп жатканы депутат Аида Салянова менен байланыштуу болуп жатса керек. Адам өлтүрүү өтө оор кылмыш. Мындай кылмыш биздин коомдо өнөкөт болуп келген, боло берет. Ак-каранын күрөшү сымал кылмыштуулук менен күрөшүү улана берет.

“Азаттык”: Мирлан мырза, өлкөдө коомдук, жарандык коопсуздук боюнча абал кандай, коопсуздукка коркунуч туудурган фактылардын тенденциясы кандай?

Мирлан Кожосабыров: Азыркы учурда коомдук коопсуздук боюнча абал тынч деп айтсак болот. Милиция кызматкерлери бүт аракеттерин жумшап жатат. Кечээ болгон резонанстуу кылмыштын бетин ачуу боюнча болгон катуу аракеттер жүрүп жатат. Ички иштер министрлигиндеги реформанын алкагында коомдук коопсуздук кызматы түзүлгөндөн бери ишибизди ыкчамдатып, коомдук жайларга, көчөлөргө, мекеме-ишканаларга видеобайкоолорду койдуруп, көзөмөлдөр күчөтүлүүдө. Облустарда, алыскы аймактарда жарандардын арыз-даттанууларын ыкчам иликтөө, кылмыштын бетин ачуу боюнча көп иштер аткарылып жатат, коомдук кабыл алуулар уюштурулууда.

"Азаттык": Байтемир мырза, "Коопсуз шаар" долбоору башталганына он жылга жакындап калса да эмне үчүн ишке ашпай жатат? Мынчалык кечигип жатканына эмне себеп деп ойлойсуз?

Байтемир Ибраев: Мен бул долбоордун ишке ашпай жатканынын бирден бир себебин кайдыгерлик деп ойлойм. Он жылдан бери буга окшогон он долбоорду ишке ашырса болмок.

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

Акыркы айларда Кыргызстанда жолдо катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени чоң көйгөйгө айланууда.

Долбоордун ишке ашпай жатканынын дагы бир себеби Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин тез-тезден алмашып жатканы. Балким, ошол министрге долбоорду ишке ашырууга убакыт берип койсо да жакшы болмок. Мүмкүн башка да себеби бардыр. Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда “Коопсуз шаар” даяр болуп калганын айтты эле. Мүмкүн эми ишке ашар, үмүт кылып туралы. Ишке ашып кетсе милицияга, башка тергөө органдарына аябагандай чоң жеңилдик болор эле.

Башканы коюңуз, Москвада, жакынкы эле Алматыда бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып жатат, жомоктогудай көрүнүш болуп жатпайбы. Аны жасабасак баягы эски ыкма менен иштөө азыр эч нерсе бербейт. Өзгөчө оор кылмыштардын, адам өлтүрүү фактыларынын бетин ачуу оңойго турбайт. Ошондуктан бул долбоорду чет өлкөлүктөргө эле ишенип отурбай өзүбүздүн өкмөт жасаса болот.

Мирлан Кожосабыров: Бизде азыр кылмыштын кандай түрү жасалбасын, административдик жазага тартылгандар болсун республика боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүп жатабыз. Кылмыш боюнча жазылган ар бирин протокол ошол база боюнча көзөмөлгө алына баштады.

Аймактардагы биздин бөлүмдөр бул талаптарды аткарууга аракет кылып жатышат. Бул максаттарды турмушка ашырууда жергиликтүү бийликтер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштөө колго алынууда.

Биз коопсуздук маселесинде коомчулук өкүлдөрү жардам берсе дейбиз. Бизде айына бир жолу кылмыштын алдын алуу боюнча коомчулук менен бирге иштөө чаралары өтүп турат. Аксакал соттору, аялдар кеңештери менен иштер жүрүүдө.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Күн тартибине чыккан коопсуздук
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:05 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG