Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Лейлектеги мушташ иликтенүүдө


Баткендин Лейлек районунда эки айылдын жаштарынын ортосунда мушташ чыгып, ок атылды.

22-августта Лейлек районунда жаштар арасында чыр ырбап кетип, пневматикалык тапанчадан ок атылып, бир нече адам жабыркады.

Мушташ ошол күнү кечки саат жетилер чамасында райондун борбору - Исфана шаарындагы кафеде үлпөт тоюн өткөрүп жаткан Кулунду айылынын тургундары менен жолдон өтүп бараткандардын арасында чыккан.

Окуянын чоо-жайын Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдон уктук:

- Жолдо портер үлгүсүндөгү унаа менен чөпкө кетип бараткандар тиги тарап машинасын жолго коюп койгон деп айтып жатышат. Алар “Машинаңды ал” десе тойго келгендер каяша айтып, ошо жерден мушташа кетишкен.

Район башчысы андан ары чыр ырбап, пневматикалык тапанчадан ок атылганын айтат:

- Тапанча менен аткан тарапты таш мененби же кыш мененби уруп коюшкан, алар башынан жарат алган. Эки киши ооруканада жатат. Экинчи тарап - кулундулук жаштардан алтоо ооруканага кайрылган. Бирок ошол эле күнү чыгып кетишкен.

Ал арада бул окуя айрым интернет сайттарда кыргыз-тажик жаңжалы, криминалдык топтордун кагылышы катары сыпатталып кетти.

Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Тажибаев мындай маалыматтарды четке кагып, эч кандай улут аралык уруш болбогонун ырастады:

- Бул тойлордо чыга жүрчү пикир келишпестик, тууган-туушкан эки айылдын жаштары элдешпей кайда бармак эле. “Эки айылдын балдары атайын атышкан, мушташкан, криминалдык чөйрө аралашкан” деп эле маалымат чыгып жатпайбы интернетте. Жалгандарды жазып жатышат, булар кайра элди дүрбөлөңгө салат экен деп жинибиз келип отурабыз. Туура маалымат бербестен каяктагы ушактарды айтып жатышат.

Баткен милициясы азыр бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, тергеп баштады. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Болот Мирзалиев жараландыруучу тапанчаны колдонгон Чимген айлынын тургуну экенин, андан жабырланып ооруканага түшкөн кулундулуктар экенин тастыктады.

- Исфаналыктардын бирөөндө жараландыруучу тапанча болгон. Ал бир-экөөнү атып жиберген. Ал жерде эч кандай криминалдар жок. Уруу-уруу болуп эле талашып, урушуп жатышат. Эч кандай криминал аралашкан жок.

Болот Мирзалиев бул окуя облустагы кырдаалга таасир этпегенин айтып, уюшма кылмыштуу топтор Баткенде жок деп ишендирүүдө.

Лейлек Кыргызстандын түштүк-батышындагы эң четки район. Аймак көп улуттуу, район борбору - Исфана шаары менен айрым айылдарда өзбек, тажиктер кыргыздар менен аралаш жашайт.

XS
SM
MD
LG