Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

Окуучулар террорго каршы

Акциядан бир көрүнүш
Акциядан бир көрүнүш

​Оштун Кара-Суу районунда мектеп окуучулары террорчулук жана экстремизмге каршы жөө жүрүшкө чыгышты.

Алар Париждегидей окуялардын Кыргызстанда кайталануусунан кооптонорун айтып, «Биз терроризмге каршыбыз!», «Биз Кыргызстанды сүйөбүз!» деген чакырыктар менен Кара-Суу шаарын кыдырышты.

Акциянын катышуучусу Нурсултан Зикирбаев Париждегидей окуяны Кыргызстанда кайталануусуна жол бербөө максатында жөө жүрүшкө чыкканын айтат.

- Биздин жаштар да өздөрү билбей диний радикал топторго кошулуп кетишүүдө. Мен аларды адашпоого чакырам. Мисалы, мен Париждегидей окуянын Кыргызстанда да болуп кетишин каалабайм. Андай окуялар биздин аймакта болуусунан чочуганым үчүн жөө жүрүшкө чыктым. Терроризмден ата-энелер, балдар, мен сыяктуу окуучулар мерт болушун каалабайм.

Окуучулардын терроризмге каршы жөө жүрүшү Кара-Суу районундагы диний радикал уюмдарга эң көп берилген көчөлөрү аркылуу өттү. Ага ошол эле райондогу жоолук оронгон окуучу кыздар да катышып, өздөрү жашаган көчөлөрдөн “Исламда террор жок!” деп кыйкырып өтүштү.

Окуучулардын жөө жүрүшүнө күбө болгон район тургундары да терроризм чындап эле коркунучка айлана баштаганын моюнга алышты. Алардын бири Айымкан Саматова:

- Эл арасында бузуку да, тескери да сүйлөгөндөр, мамлекеттүүлүктүн баркына жетпегендер да көп. Терроризмдин корукунучу да жаман экен. Телевизордон атып кетиптир, жардырып кетиптир дегенди күн сайын көрүп атабыз. Биз деле коркуп калдык. Тилегенибиз эле тынчтык болуп калды.

Ош шаарынын тургуну Нигара Касымова:

- Чоң шаарларда террордук актылар болуп жатса, бизде болбойт деп айта албайбыз да. Жардыруу болгон шаарларды телевизордон көрүп корком. Бизде 2010-жылдагыдай, 1990-жылдагыдай окуялар кайталанбасын. Элибиз тынч болсун деп дайыма дуба кылам.

Окуучулардын терроризмге каршы жөө жүрүш акциясы учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да Париждеги кайгылуу окуяга көңүл бурушту.

Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева ар бир кыргызстандык өлкөдөгү тынчтыктын баркын билиши керектигин эскертти.

- Парижде болгон окуя – бул өтө жаман. Эми ошондой окуялар өлкөбүздө, айылыбызда, көчөбүздө болбош керек. Балама диний илим берем деп ата-энелер далбастап атышат. Балдардын диний илим алганы жаман эмес. Бирок ал бала кайсы өлкөдөн кандай багыттагы билимге суугарылып жатат? Ал келечекте Кыргызстанга кандай пайда же коркунуч алып келет? Бул жагын да ойлоп коюшубуз керек. Сирияда, Пакистанда болуп жаткан согуштарга тууганыбыз, кошунабыз, баласы, кызы, небереси кетип жатат. Биз ошого кайдыгер карабашыбыз керек. Интернетте тааныштарыбыз, Кыргызстандын жарандары "өлтүргүлө, согушкула, келгиле" деген чакырууларды жасап жатышат. Эмне үчүн биз тынч жашап жаткан өлкөбүздү коргоп калалбайбыз? Коргошубуз керек.

"Өспүрүмдөр террорчулук жана экстремизмге каршы" деп аталган акцияны уюштуруу демилгесин Ош облусунун 10-бөлүмү көтөрүп чыккан. Алар ушундай эле иш-чараларды Араван жана Өзгөн райондорунда да уюштурганы жатышат. Аталган бөлүмдүн өкүлү Мамашарип Мамижакыпов мындай иш-чаралар аз да болсо элди ойлондурат деп ишенет.

- Кара-Суу району боюнча акыркы 11 айда 26 адам Сирияга кеткен. Алардын ичинен үй-бүлөсү, балдары менен кеткендери да бар. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартып жатабыз. Үйлөрүнөн радикалдык маанайдагы дисктерди, үгүт материалдарын таап жатабыз. Ошондуктан өспүрүмдөр арасында “Биз террорчулукка жана экстремизмге каршыбыз” деген жөө жүрүштөрдү радикализм көйгөйү олуттуу райондордо уюштуруудабыз. Бул иш-чаралар аз да болсо элди ойлондурат деп үмүттөнөбүз.

Ош облусу боюнча Кара-Суу району диний радикал уюмдарга эң көп берилген аймак деп эсептелет. Расмий маалыматтарга караганда, райондон акыркы 11 айда 26 адам Сирияга кеткен. Райондо Сирияга кеткендердин жалпы саны 120 адамга жеткени айтылууда. Ал эми Сирия жана Ирактагы согушка кеткен кыргызстандыктардын жалпы саны 500дүн тегерегинде экени расмий айтылып жатат.

13-ноябрда Парижде болгон теракт жана куралдуу кол салуулардан 129 киши мерт болуп, 350 адам жаракат алган. Алардын жүзгө жакыны оор абалда.

"Биз терроризмге каршыбыз!"

 "Биз терроризмге каршыбыз" аттуу жөө жүрүштүн катышуучулары. 
1/13  "Биз терроризмге каршыбыз" аттуу жөө жүрүштүн катышуучулары. 
Толук көрсөт Кыскарт
Иш-чара Ош облустук ИИБнин 1-бөлүмү тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен уюштурулду.​
2/13 Иш-чара Ош облустук ИИБнин 1-бөлүмү тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен уюштурулду.​
Толук көрсөт Кыскарт
Терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш учурунда дүйнөнүн ар тарабында болуп жаткан террордук актылар да айыпталды.​
3/13 Терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш учурунда дүйнөнүн ар тарабында болуп жаткан террордук актылар да айыпталды.​
Толук көрсөт Кыскарт
Ош облусунун Кара-Суу району ашкере диндешкен аймак деп эсептелет. Дал ушул райондо жоолук оронгон мектеп окуучулары да көп.​
4/13 Ош облусунун Кара-Суу району ашкере диндешкен аймак деп эсептелет. Дал ушул райондо жоолук оронгон мектеп окуучулары да көп.​
Толук көрсөт Кыскарт
Террористтин элеси окуучулардын көзү менен.​
5/13 Террористтин элеси окуучулардын көзү менен.​
Толук көрсөт Кыскарт
Кара-Суу району өлкө боюнча диний радикал уюмдарга эң көп азгырылган аймак деп эсептелет. маалыматтарга карганда учурда Сирияда жүрөт делген 500дөй адамдын жүздөн ашыгы ушул райондун тургундары экени аныкталган. 
6/13 Кара-Суу району өлкө боюнча диний радикал уюмдарга эң көп азгырылган аймак деп эсептелет. маалыматтарга карганда учурда Сирияда жүрөт делген 500дөй адамдын жүздөн ашыгы ушул райондун тургундары экени аныкталган. 
Толук көрсөт Кыскарт
Акцияга Кара-Суу шаарындагы 8 мектептен 5 миңге чукул окуучу катышты.
7/13 Акцияга Кара-Суу шаарындагы 8 мектептен 5 миңге чукул окуучу катышты.
Толук көрсөт Кыскарт
Райондук билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен окуучу балдардын дээрлик баарына калпак кийгизилген.​
8/13 Райондук билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен окуучу балдардын дээрлик баарына калпак кийгизилген.​
Толук көрсөт Кыскарт
Учурда Кара-Суу районунун 240 тургуну диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү катары каттоодо турушат.​
9/13 Учурда Кара-Суу районунун 240 тургуну диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү катары каттоодо турушат.​
Толук көрсөт Кыскарт
Ушундай эле иш-чаралар эми Өзгөн жана Араван райондорунда да уюштурулмакчы.
10/13 Ушундай эле иш-чаралар эми Өзгөн жана Араван райондорунда да уюштурулмакчы.
Толук көрсөт Кыскарт
Жөө жүрүш башталганга чейин жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү окуучуларды таза исламдан оолак болбоого чакырышты.​
11/13 Жөө жүрүш башталганга чейин жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү окуучуларды таза исламдан оолак болбоого чакырышты.​
Толук көрсөт Кыскарт
Терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыккан окуучулар экстремисттик маанай эң көп таралган көчөлөрдү кыдырышты.​
12/13 Терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыккан окуучулар экстремисттик маанай эң көп таралган көчөлөрдү кыдырышты.​
Толук көрсөт Кыскарт
Бейрасмий маалыматтарга караганда, Кара-Суу районунан 120дай адам Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга кетишкен.​
13/13 Бейрасмий маалыматтарга караганда, Кара-Суу районунан 120дай адам Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга кетишкен.​
Толук көрсөт Кыскарт
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу мурдагы кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG