Сарыгулов: "Жашыл ай" жаман адаттарга каршы
Кыргызстанда чылым, арак-шарап, маңзат кумарына азгырылуу, заманбап технологиялык каражаттарга көз карандылык өңдүү коомдогу терс илдеттердин алдын алуу багытында иштей турган "Жашыл ай коому" коомдук бирикмеси түзүлдү. Аталган коомдук бирикменин төрагасы, Кыргызстан-Түркия коомдук бирикмесинин жетекчиси Айбек Сарыгулов жана бирикменин мүчөсү Эркинбек Жороев менен маек.