Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Салянова абактан ооруканага түштү (видео)


Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды.

Маалыматты Салянованын жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Аны Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да ырастап, Салянова дарыгерлердин жана Саламаттык сактоо министрлигинин "дарыланууга муктаж" деген бүтүмүнөн кийин бейтапканада калганын айтты.

Буга чейин Аида Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева "Азаттыкка" дарыгерлер мурдагы башкы прокурорду тез арада ооруканага которуу керектигин айтканы менен Жаза аткаруу кызматы ага тоскоол болуп жатканын билдирген.

Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги Салянованы текшерген дарыгерлерге басым жасап жатканын, саясатчыны ооруканага которуу мөөнөтүн кийинки шейшембиге жылдырып жатышканын кошумчалаган.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын саламаттыгы начарлап, абалы өтө оорлоп кетти деп айтылгандарды төгүндөгөн.

"Дарыгерлердин сунушу болсо биз аны ооруканага чыгарабыз. Бүгүн жүрөгүн тарттырса керек. Бирок ооруканага жаткыруу керектиги боюнча эч ким сунуш берген жок. Абалы туугандары айткандай өтө коркунучтуу эмес. Кадимкидей эле. Тергөө абагында отургандан кийин сөз жок стресс болот. Балким ошондон ооруп атышы мүмкүн. Сиңдиси, адвокаты маалымат берип жатат. Түндө эки жолу "Тез жардам" чакырды деп да жазып атышат. Мындай маалымат чындыкка жатпайт. Салянова келгенден бери бир жолу гана "Тез жардам" чакыртылды", - деди Элеонора Сабатарова.

Салянова абактан ооруканага түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

14-июнда Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова саясатчыны абактан ооруканага которуу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга өтүнүч жибергенин маалымдаган. Экс-башкы прокурор буга чейин жүрөк кемтиги илдетинен жабыркап келгенин, ал оорусу абакка түшкөндөн кийин күчөй баштаганын, түндө тахиркардия дарты козголуп, абалы оорлоп жатканын айткан.

Ага чейин айрым басылмалар Саляновага түнү менен бир нече жолу "Тез жардам" кызматы чакырылганын жазып чыгышкан.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары 3-июнда камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG