Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Салянованын иши Ленин райондук сотунда каралат


Салянованын ишин Ленин райcоту карайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00

Эми Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иши Бишкектин Ленин райондук сотунда каралмай болду.

29-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянованын иши каралды. Судья Мирлан Термечиков сот процессинин ачык өтүшүнө, журналисттер катышып, аудио, видеого жаздырууга уруксат берди.

Сот отурумунда депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова ишти Ленин райондук соту карасын деген өтүнүч келтирди. Ал кылмыш иши Салянованын юстиция министри болуп турган учуруна байланыштуу козголуп жаткандыктан жана министрлик Ленин районунда жайгашкандыктан соттук териштирүү да мыйзам боюнча ошол аймакта жүрүшү керектигин белгиледи.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети тергегендигин жүйө келтирип, адвокаттын өтүнүчүнө каршы болду.

УКМК Cаляновага айыбын угузду

УКМК Cаляновага айыбын угузду

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

Судья Мирлан Термечиков депутаттын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырып, ишти Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Салянованын баш коргоо чарасына байланыштуу өлкөдөн чыкпоо тил каты өзгөртүүсүз калтырылды.

Адвокат Чынара Жукупбекова ишти башка районго өткөрүү өтүнүчүнүн себебин "Азаттык" радиосуна түшундүрдү.

- Мыйзамга ылайык кылмыш иши кайсыл жерде болсо ошол жерде каралат. Ошого карабай эмнегедир ишти Биринчи май районуна берип койгон. Ошондуктан соттун биринчи отурумунда эле Ленин райондук сотунда каралышын өтүндүм. Ал эми ишенбөөчүлүк боюнча Шыкмаматовдун ("Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу - ред.) ишин адвокаты башка районго өткөрүү боюнча өтүнүч келтирген. Анда соттун токтомуна карата арыз жазганга 10 күн мөөнөт бербей чуркаткан. Ошондуктан соттор өздөрү ишти шаштырып жатат. Кандай негизде экенин билбейм. Эгер иш Биринчи май райондук сотунда каралса анда кандайдыр бир алдын ала чечимдер болушу мүмкүн.

Оппозициячыл депутатка Башкы прокуратура былтыр декабрда кылмыш ишин козгоп, Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти кароодо министрдин милдетин аткаруучу катары жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган.

УКМК март айында Саляновага козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, айыбын угузган. Анын негизинде эл өкүлү Кыргызстандан эч жакка чыкпоого милдеттендирилген.

Салянова өзүнө козголгон кылмыш ишин тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келе жатат. Ошондой эле митинг-пикет өткөрүүнү пландабаганын билдирди.

- Биринчиден, бизде митинг өткөрүү максатыбыз жок, эч кимди чогулткан жокпуз, жарыя кылган жокпуз. Бүгүн негизинен процедуралык маселелер каралышы керек болчу. Негизи көбүнесе саясий өңүттөгү кылмыш иштер Биринчи май райондук сотуна керек. Эгер мыйзамда так, даана Ленин райондук сотто өтүшү керек деп жазылып турса, сот мыйзамдын нормасын бузса, анда ишенбөөчүлүк билдирмекпиз.

Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

Ал эми КСДП фракциясынын мүчөсү, эл өкүлү Осмонбек Артыкбаев саясатчылар өзүн коргоо үчүн козголгон ишке саясий бойок берип жатышат деп эсептейт.

- Коррупция менен күрөштө президенттин саясий эрки жетип жатат. Негизинен кызматына, иштеген ишине карабай бир топ адамдар жоопко тартылып жазасын алгандар да бар да. Өзүн коргош үчүн саясатка таянган адамдар дагы бар. Муну ар кандай абалда айтып жүрөм. Баары мыйзам алдында кызматына карабай бирдей жооп бериш керек.

Эми Ленин райондук соту Саляновага байланыштуу иш менен таанышып чыгып, 10-15 күндүн ичинде соттук отурумду белгилеши керек.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаевге, Алмамбет Шыкмаматовго жана Аида Саляновага козголгон иштер сотко өтсө, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев менен Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаковдун иштери тергелип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG