Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Голуновду колдогондордун көбү камалды


12-июнь, 2019-жыл. Москва.
12-июнь, 2019-жыл. Москва.

Орусиянын эгемендик майрамы бийлик менен макулдашылбаган жүрүш, жеке каршылык акциялары, массалык камоо менен коштолду.

12-июнда Москвадагы маршта беш жүздөй адам кармалып, жарымынан көбү бошотула элек. Алар «митинг өткөрүү эрежелерин сактабаганы» үчүн жоопко тартылып жатат. Мындай административдик тартип бузуу 15 күнгө чейин камакка алуу менен жазаланат.

Башында журналист Иван Голуновго тилектештик билдириш үчүн уюштурулган марш адамдардын куру дооматка каршы жүрүшүнө өтүп кетти.

«Полициянын террорун токтоткула!» деген ураан менен көчөгө чыккандар Жазык кодексиндеги баңгизат боюнча 228-беренени өзгөртүүнү, атайылап токулган кылмыш иштерин кайрадан кароону, абакта куру жалаа менен отургандарды бошотууну талап кылышты.

«Иван Голунов - бир гана символ. Токулган кылмыш иштери боюнча орус түрмөлөрүндө отурган адамдар аябай көп. Биз алардын баарына колдоо көрсөтүш үчүн чыктык», - дейт активисттердин бири.

Ал эми таанымал орусиялык укук коргоочу Лев Пономарев Голуновду коргоодогу коомчулуктун биримдиги башка »токулган кылмыш иштерин» токтотууга түрткү боло алат деген ойдо.

«Бул жүрүш өтө маанилүү, - деди ал. - Көчөгө жаңы адамдар чыкты. Мындайча айтканда алдыңкы басылмалар биригип, бийликке ультуматум коюшту. Гезиттен бул окуяны окуп, ойгонгондор болду. Бул жеке мен үчүн маанилүү. Голуновдун иши башкаларга да таасирин тийгизиши мүмкүн. Эми »Новое величие», «Сеть» деп чыгышыбыз керек».

Эскерте кетсек, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Сеть» жана «Новое величие» кылмыш иштери боюнча 18-30 жаштагы 21 адамды экстремизмге байланыштуу айыптаган. Бул эки топ «Орусиядагы бийликти кулатууну көздөгөн» деп айыпталууда. Балдардын ата-энелери муну «күч органдары уюштурган чагым» деп жатышат.

Орусиянын ИИМи расмий Москвадагы жүрүшкө 1200дөй адам катышканын кабарлады. Ал эми басылмалар маршка андан эки эсе көп киши чыкканын, бул Москвада бийликтин уруксаты жок өткөн биринчи митинг болгонун белгилешүүдө.

Москванын бийлиги мындай массалык иш-чараны баш калаада майрам күнү өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Адамдар ага карабай шаршембиде түшкө маал «Чистые пруды», «Цветной бульвар» метро станцияларына чогула баштаганда эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жакынкы көчөлөрдү курчоого алып, жүрүшкө чыккандарды четинен кармай баштаган. Полиция бөлүмдөрүнө жеткирилгендердин арасында өспүрүмдөр болгон.

Жүрүштүн башталышында эле дароо кармалган оппозициячы Алексей Навальный полиция бөлүмүндө он саат отургандан кийин бошотулду. Саясатчы «акция өткөрүү эрежелерин кайрадан бузганы» үчүн дагы жоопко тартыларын «Твиттерде» билдирди.

Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

«Сот болот, 30 күндүк камак да болот. Бирок шайлоого жакындаганда. Мен бүгүн жүрүшкө чыкканыма өкүнгөн жокмун. Адамдар мен үчүн чыгып келишкен, мен да алар үчүн чыгам. Журналист, таксист, жеке ишкер же профессор үчүн болобу, мага баары бирдей. Жакшы жашоого баарынын укугу бар», деп жазган Навальный.

Башында маршты уюштуруучулардын тобунда жүргөн журналисттер Илья Азар менен Елизавета Нестерова жүрүштүн соңунда камакка алынып, административдик протоколдон кийин бошотулган.

Мындай каршылык акциялары Санкт-Петербург, Владивосток шаарларында да өттү.

«Медуза» басылмасынын иликтөөчүсү Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасы боюнча кармалып, үй камагына алынган.

11-июнда журналисттин кылмышка катышы далилденбегендиктен, кылмыш иши токтотулганын Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев өзү кабарлаган. Журналистке баңгизат соодасы боюнча айып тагып, камакка алган полиция кызматкерлерине чара көрүлөрү маалымдалган.

Иван Голунов ага колдоо көрсөтүү максатында уюшулган Москвадагы маршка катышкан жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG