Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

Бишкек - Кара-Балта: жыртылган жолдун талашы


Бишкек - Кара-Балта жолун реконструкциялоо иши каражаттын жетишсиздигинен пландалгандан тогуз чакырымга кыска болот.

Сокулук районунун тургундары Бишкек – Кара-Балта стратегиялык жолу реконструкцияланып, жаңы асфальт төшөлөт дегенди уккандан бери күтүп калышкан. Оңдоо иштери да 15-апрелде башталары кабарланган.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Бирок Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо иши мурда пландалгандан тогуз километрге кыскарганын билдирип жатат:

- Бишкек – Кара-Балта жолун оңдоо иштери башталды. Биз алгач 54 чакырым узундуктагы жолду оңдойбуз деп пландаганбыз, бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу 45 километрин гана жасамай болдук. Азыркы учурда тендерди уткан компания курулуш аянтын таап, жашай турган жерди ылайыкташтырып, топографиялык жумуштар башталды.

Бишкектин чыга беришиндеги бузулган тогуз километр жер оңдолбойт экен деген кабар айрыкча айдоочулардын маанайын бузду:

Айдар: Оңдогонго жараша аягына чейин эле оңдоп коюшпайбы.

Мукан Туратов: Бул жолду карагылачы, асфальтын толук эле алмаштырбаса, башка эч нерсеси калган жок.

Бишкек - Кара-Балта жолунун оңдоло турган жеринин кыскарышы депутаттардын да сынына кабылды. Депутат Алтынбек Жунус уулу жолду оңдоо ишинде Транспорт жана жолдор министрлиги баштапкы долбоорго кайтып келиши керек десе, анын кесиптеши Кожобек Рыспаев өкмөт жолду салууда Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылдарында эл жыш жайгашканын эске алышы керектигин белгиледи.

Бузулган жолдор. Сокулук району.
Бузулган жолдор. Сокулук району.

​Ал эми депутат Акылбек Жамангулов оңдолуучу жолдун кыскарышы техникалык-экономикалык негиздеме түзүлүп жатканда эмес, реконструкция иши башталганда чечилгенин сынга алды:

- Бишкек – Кара-Балта жолу алгач Бишкек менен Сокулуктун кошулган жеринен башталат деп чечилген экен. Андан кийин жол Ново-Павловкадан башталат деп жылдырышыптыр, акча каражаттын аздыгынан кийин Военно-Антоновкага жылдырышыптыр. Азыркы учурда курулуш иштерин Маловодныйдан баштайбыз деп жатат. Эмне үчүн мындай көрүнүштөр техникалык-экономикалык негиздеме учурунда өзгөртүлбөй, азыр долбоор ишин баштаганда чечилип жатат? Бул үчүн өкмөт Транспорт министрлигине протоколдук тапшырма бериши керек.

Бишкек шаарынан чыга бериш жол абдан бузулган тилкелердин бирине кирет. Бул тилкеде аң-тешиктерди бүтөө мүмкүн болбой калганын министр Жамшитбек Калилов өзү да моюнга алууда. Ошентсе да жакынкы үч жылда бул жолдо баары бир тешиктерди бүтөө иштери гана жүрөт дейт:

Жамшитбек Калилов
Жамшитбек Калилов

​-Реконструкцияланбай калган тилкеде биз март айынан бери тешиктерди бүтөө иштерин баштаганбыз. Ал жакта кээ бир участоктор таптакыр жарабай, асфальты толугу менен жыртылып, болбой калган. Андай жерлердин асфальтын кырып, убактылуу жаңы басып турабыз.

Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо алгач 115 млн долларга бааланган. Каржы таңсыктыгынан улам долбоор 23 миллион долларга кыскартылып, аны менен чогуу жолдун узундугу да кыскарууда.

Жолду кытайлык China Railway №5 компаниясы оңдойт жана келишимдин суммасы 70 миллиондон ашуун долларды түздү.

Транспорт министрлиги жолду оңдоо үч жылга созуларын, кан жолдо каттаган жүргүнчүлөргө жеңилдик болушу үчүн атайын Бишкек – Кара-Балта ортосунда поезд каттамын жандантууну көздөөдө.

Бишкек - Кара-Балта жолун куруу боюнча тендерге Италиядан, Казакстандан, Кытайдан, Орусиядан, Түркиядан, Кыргызстандан жана Азербайжандан 36 компания катышкан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG