15 жаштагы Алина көз жашын тыя албай отурду. Белгилүү себептерден улам жабырланган кыздын атын өзгөртүп койдук. Өспүрүмдүн жүрөгүнө кетпес так салган окуя мындан эки жыл мурун болгон. Коңшу үйдө жашаган 18 жаштагы боз улан 13 жаштагы майып кызды кара күчкө салып зордуктап койгон.
Ошол каргашадан кийин Алина сексуалдык кордуктун торуна түшүп, айылдагы башка балдар да аны зордуктай баштаган. Андан кийин айылдагы беш бала кызды эки жыл бою көрүнгөн жерден зордуктап, каалаганча кордошкон.
- Биринчи жолу зордуктаганда, окуя Рыспайдын сарайында болгон. Ал ишин бүткүчөктү достору терезеден шыкаалап карап турушкан. Андан кийин мага: “мен чакырган жерге келгин, болбосо апаңа айтам” деген.
"Азаттык": Сен апаңа өзүң айткандан корктуңбу?
- Ооба, коркком. Дос кызыма айтсам, ал мага "кыздыгыңды алдырганыңды апаң билсе үйдөн кетирип жиберет" деп айткан. Ошол себептен айткандан аябай коркком.
Эки жыл бою кордук көргөн бул кыздын окуясы үстүбүздөгү жылдын май айында гана ачыкка чыккан. Ал күнү өз айылдашы кордоп, кийим-кечеси булганган Алинаны жеңеси көрүп, кыздан эмне болгонун тыкыр сураган.
- Үйдүн короосунда кир жууп отурсам эле, кайынсиңдим кийими чаң, шымы айрык болуп кирип келди. Эмне болду деп сурасам, башында айткан жок. Мен ой-боюна койбой сурай бердим. Ал мага Исхак деген бала зордуктаганын айтты. Апама бул окуяны айтсам, кан басымы көтөрүлүп, аны тез жардам менен ооруканага алып кетишти.
Алинаны азыркы ата-энеси төрөтканадан эле асырап алышкан. Үйдөгү төрт уулдан кийин кыздуу болууну самаган ата-эне 10 жашка чейин кыздын акыл-эсинде кемтиги бар экенин билишкен эмес. 2010-жылы дарыгерлер Алинаны текшерүүдөн өткөрүп, майып деп табышкан. Ошол себептен Алина шаар четиндеги майып балдар окуган жатак мектепте билим алып, жайкы каникулда гана үйүнө келип турган.
Кызы үч ай үйүндө жүргөндө айылдаш балдар коркутуп, ар кайсы жерде кордоп жүрүшкөнү эненин үч уктаса түшүнө кирген эмес. Оорукчан кызынын тагдырына балта чабылганын көргөн эне айылдагы зөөкүр жигиттер тиешелүү жазасын алсын деп, ушул тапта милициядан акыйкаттык издеп жүрөт:
- Кызымдан сурасам, башында үн каткан жок. Урушуп сураганымда гана “Рыспай, Исхак зордукташты деп” алты баланын атын атады. Биринчи Рыспай зордуктаптыр, кийин аны ал видеого тартып, телефон аркылуу айылдаш балдарга жарнама кылып таратып жиберет. Видеону көргөн балдар кызыма келип алып: "Рыспай менен болгон тасманы көрдүк, апаңа айтабыз” деп коркутушчу экен. Анын үстүнө кызым бакма экенин кошуна балдар билип, коркутушса, апам мени кетирип жиберет деп ишениптир. Окуяны уккандан кийин дароо арыз жаздым. Ал балдар, ата-энелери моюнуна албай бир нече ирет үйгө келип кызымды коркутуп жатышты. Тергөөчү уюштурган беттешүүдө жабалактап жатып, бизди сүйлөтүшкөн жок. Кызым катуу стресс болуп, араң өзүнө келтирдим. Кылмышка шектелген балдардын бири муну менен бирге окуган, калгандарын деле тааныйм, бир көчөдө жашайбыз. Ал ата-энелер өз канынан жаралган баланы коргосо болот, а мен багып алсам эле унчукпай, карабай коюшум керекпи?! Мен да кызымды кымындай кезинен өстүргөм. Бирөөнүн апасы мага "көк мээ кызың ушундан көрө асынып албайбы" дейт. Алар бирден уй берип эле ишти жаап коебуз дешкен. Мына эми, иш козголгону менен аягына чыга элек. Эмне үчүн кылмыш кылган балдар өз жазасын албайт? Кылган ишине жооп беришсин!
Энеси айтып жаткан зордуктоого тиешеси бар делген алты баланын төртөө 12-13 жашта, ал эми экөө 18ден өткөн.
Алинанын энеси үстүбүздөгү жылдын 2-майында Сокулук райондук милицияга арыз менен кайрылат. Милиция өспүрүмдү зордуктоо беренеси боюнча иш козгоп, соттук-медициналык жана психологиялык экспертизалар өткөрүлгөн. Текшерүүдө кыздын зордукталганы аныкталса, экинчи текшерүү аны тастыктаган. Дарыгерлер кыздын психологиялык жактан жабыркаганын дагы бир жолу аныкташкан.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нургул Нусупова иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын гана айтты:
- Өспүрүмдү зордуктоо боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул боюнча кылмышка шектүү деп төрт бала суралган. Алардын экөөнүн жашы 18ге жете элек. Мыйзам боюнча өспүрүм жашы 14төн өткөдө гана өз жазасын алат.
Беш айга созулган тергөөдөн кийин Алинанын үй-бүлөсү “Адилет” укуктук клиникасына кайрылган. Бейөкмөт уюмдун юристтери кийлигишкенден кийин гана иликтөө иши ордунан жылып, 4-сентябрда балдар менен Алина көзмө-көз беттештирилген.
"Адилет" укуктук клиникасынын юристи Эркин Ирискулбеков Кыргызстанда ювеналдык системанын өнүкпөгөндүгүнөн улам тергөөчүлөр өспүрүмдөр менен иштөөдө аксап жатышканын “Азаттыкка” курган маегинде айтты:
- Эгер жогорудагы иш боюнча шектелген балдарды жашы жете элек деп жазалабай койсок, биз аларды мыйзамсыз жолго өзүбүз түртөбүз. Кыргызстанда өспүрүмдөргө карата болгон кылмыш иштерин караган тергөөчүлөргө тажрыйба көп жетише бербейт. Алар бул боюнча билим дагы алышпайт. Мындан сырткары тергөөчүлөрдүн башкы максаты - кылмышкерди табуу, жабыр тарткан өспүрүмдүн кийинки жашоосу анчейин деле кызыктырбайт. Маселен, зордукталган өспүрүм кызды кылмышка шектелгендер менен беттештиргенде, кыздын майыптыгына карабай психолог жанында болгон жок.
Ал арада "Адилет" укуктук клиникасы жогорудагы үрөй учурган ишти көзөмөлгө алуусун өтүнүп, ички иштер министри Мелис Турганбаевге кат жазышты. Акыйкаттык издеген Алинанын ата-энеси кылмышка шектүүлөр жазага тартылбаса, коомчулукка ачык кайрылууга бел байлап турганын айтышат.