Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Укук коргоочулар президентке нааразы


Азимжан Аскаров Бишкектеги 47-түрмөдө, 28-декабрь, 2011.
Азимжан Аскаров Бишкектеги 47-түрмөдө, 28-декабрь, 2011.

Укук коргоочулар кеңеши камактагы Азимжан Аскаровдун маселеси боюнча президент Алмазбек Атамбаевге сын тагууда.

Бүгүн алар билдирүү таратып, Атамбаевдин "менде Аскаровдун күнөөсүздүгү тууралуу далил жок” деген сөзү Жогорку Соттун чечимине таасир этти дешти. Жогорку Сот өткөн аптада Азимжан Аскаровдун жактоочусунун тергөө ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Кыйноолор жогорку деңгээлде колдоо таптыбы?

Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши президенттин Бельгияда Аскаров тууралуу айткан сөзү Жогорку Соттун кечээ жакында чыгарган чечимине таасир этти деп эсептейт. Кеңештин мүчөсү Алмаз Эсенгелдиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Эң жогорку сот органы көптөгөн көрсөтмөлөр, күбөлөрдүн, Аскаровдун өзүнүн билдирүүсүнө карабай, айыпталуучуга карата кыйноо тууралуу ишти кайра карап чыгууга негиз жок деди. Бул - тартип коргоо кызматкерлерине кыйноого эң үстүңкү деңгээлде уруксат берилип жатат дегендей белги болот. Ага чейин президент Европага барганда массалык маалымат каражаттарына Аскаровдун күнөөсүздүгү тууралуу далил анда жок экенин билдирди. Күнөөсүздүк принциби деген бар. Күнөөңдү мамлекеттик айыптоо далилдеш керек, бирок күнөөлүү эмес экениңди далилдөөгө милдеттүү эмессиң.

Укук коргоочулар кеңеши тараткан билдирүүдө президент Алмазбек Атамбаев Аскаровго карата кыйноо тууралуу маалыматтарга көңүл бурбаганы, бул көрүнүш Кыргызстанды кыйноо жогорку саясий деңгээлде колдоо тапкан өлкөлөрдүн катарына кошоору тууралуу айтылат.

Өткөн жылы Германияга болгон сапарында президент соттун ишине кийлигишпесин айткан. Быйыл сентябрда Бельгияга сапары учурунда Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деген:

- Мен Аскаровдун эбак эле эркиндикте болушун каалайт элем. Анткени мен президент болгон бир жыл тогуз айдан бери Аскаров тууралуу гана угуп жатам. Бирок андай болуш үчүн далилдер керек да. Эки милиция кызматкери өлтүрүлгөн, баштарын кесип өрттөп жиберишкен. Ошол эле учурда так Аскаровду көрсөткөн күбөлөр бар. Анын күнөөсүздүгү тууралуу ушул тапта далилдерди алган жокмун, кайрылуулар гана бар.

Укук коргоочулар президенттин мына ушул сөзүн сот эрежелерине туура келбейт, ошондой эле Жогорку Соттун чечимине таасир этти дешүүдө.

Көрсөтмөлөр дал келбейт

Быйыл февралдан бери Аскаровдун ишин териштирип жаткан жактоочу Валерьян Вахитов Жалал-Абад облустук прокуратурасынан 2011-жылдагы ишти кайра иликтөө боюнча арыздан баш тарткан токтомун жокко чыгарып, кайра тергөөнү суранган.

- Мен кыйноо болду же болбоду деп айткан жокмун, аны прокуратура текшерет. “Бир дүйнө - Кыргызстан” уюмунун өтүнүчү менен ишти карап чыктым. Ал жакта бир топ жасалма учурлар кездешет. Мисалы, ошол облустук прокуратуранын өтүнүчтөн баш тартуу токтомунда Аскаров 2010-жылы 16-июнда кармалган деп жазылса, 15-июнь күнү медициналык экспертиза жүргүзүлдү дейт. Кантип бир күн мурда жүргүзүлдү же чыгып кетип, кайра келген болсо, аны белгилешпейби? Бир камерада отурган адамдын сабаганы тууралуу көрсөтмө дагы айрым жерлери менен туура келбейт. Документте атайлап оңдолгон жерлери бар. Мен ушул сыяктуу учурларды кайра карап чыгалы деп Жогорку Сотко кайрылганмын.

Бул өтүнүчтү 16-октябрда Жогорку Соттун коллегиясы карап, канааттандырган эмес.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында башаламандык уюштурган, милиционерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Эл аралык уюмдар, укук коргоочулар аны камоодо мыйзам бузулганын, кыйноого кабылганын айтып келет. Аскаров өзүн күнөөсүз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG