Ал "каралар" өз иш-аракеттерин шариятка негиздегенге аракет кылып, ал эми радикал динчилдер болсо, бийликке каршы каяшасында "каралардан" колдоо таап жатканын баса белгилөөдө.
"Азаттык": Бакыт мырза, кримчөйрөнүн айрым өкүлдөрү “Ислам мамлекети” делген уюмга кошулганын айтып, жихадга чакырган учурларды интернетте көп эле көрүүдөбүз. Бул кылмыш дүйнөсү менен диний радикалдардын биригүүсүнүн мисалыбы?
Бакыт Дубанаев: Ооба, сиз айтып жаткан фактылар криминалдык чөйрө менен диний радикал топтордун карым-катнаш куруп, жуурулушуп баратканын көрсөтүп турат. Эртеңки күнү диний радикалдар мамлекетке каршы чыгышса, криминалдар аларды колдоп бериши ыктымал. Ушуга барышы мүмкүн.
"Азаттык": Радикал диний агымдардын мүчөлөрүнүн колдоруна курал жарак кайдан келет өзү? Себеби жашырылган курал-жарактар табылган, алардын курал менен кармалган учурлары аябай эле көбөйдү акыркы мезгилде?
Бакыт Дубанаев: Түрмөлөр боюнча изилдөө жүргүзгөнүбүздө диний радикалдар кылмыш чөйрөсүнүн куралдарды табуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланганын, мунун арты менен куралданганын байкадык.
"Азаттык": Бул эки башка дүйнө, чөйрө орток, жалпы кызыкчылыгы бар болгону үчүн биригип жатышабы же кандай?
Бакыт Дубанаев: Экөөнүн албетте орток кызыкчылыгы бар. Кылмыш чөйрөсү негизи эле мамлекетке, мамлекеттик мыйзамдарга каршы турушат. Ошол эле кезде радикал динчилдер да, мамлекеттик түзүлүштү “каапыр”, “динге каршы”, ал эми мамлекеттик кызматкерлерди “муртад” (динден чыккан) деп атап алышкан. Булардын мамлекетке каршы болуу идеологиялары окшош болгондуктан бири-бири менен айкалышып турушат. Булардын өзгөчө Жаза аткаруу жайларында биригип, сиңишип кетип жатканы байкалууда.
Бул мамлекет, коом үчүн реалдуу коркунуч болуп эсептелинет. Мисалы айтсак ушул жылдын 16-июнунда Казакстандан келген радикалдар менен бул жердеги криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү биригип, биздин күч органдарга ок атып, каршылык көрсөтүшкөн. Башкача айтканда казакстандык жихадчылар биздин эле кримчөйрөнүн өкүлдөрү менен чогуу жүрүшкөн. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү ал радикалдарга курал таап берген.
"Азаттык": Радикал динчилдер курал-жарак табууда криминалды колдонуп жатса, криминалдар радикалдарды кандайча колдонуп жатышат?
Бакыт Дубанаев: Радикалдар кылмышкерлерге эгер алар динге кирсе күнөөлөрү кечирилээрин, эгер мурда жасаган иштерин "дин жолунда жасаса" жана тапкан акчасын “диндеш бир туугандары” менен бөлүшсө, анда жасаган иштери "амалият" (дин жолунда жасалган иш, операция) болоорун, сооп табаарын айтышат. Ушундай жол менен караларга өз кылмыштарын диндин атынан жасоого шарт түзүлүүдө.
"Азаттык": Акча ташыган инкассаторлорго, банктарга карата жасалган кээ бир кол салууларды радикал динчилдер уюштурушу мүмкүн деген пикирлер айтылып келүүдө. Өзгөчө бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алууну ислам аркылуу “адалдоо” жайылып бара жаткандыгы тууралуу сөздөр көп?
Бакыт Дубанаев: Мен өзүм Сирияга кеткен жаштар жөнүндө изилдөө жүргүзгөнүмдө бир мисалга дуушар болдум. Бир жаш жигит өзү Сирияга барып келип, анан Ош тараптан башка жаштарды Сирияга жөнөткөнгө аракет кылган. Үч баланы жөнөтүп жаткан кезде аэропорттон кармалган. Бул бала кайсы каражатка балдарды жөнөтүп жатат деген суроо көтөрүлгөндө, алардын Өзгөндө бир бизнесменге кол салуу уюштурушканы маалым болгон. “Амалият” кылабыз деп булар тоноо жана кол салуу жасашып, тартып алынган акча жана алтын буюмдарга Сирияга кетиш үчүн билет сатып алышканы белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облусундагы өкүлдөрү “амалият” кылабыз деп ууручулук, каракчылык жасалган башка фактыларды да аныктап, далилдеп беришкен.
"Азаттык": Кримчөйрө менен радикал динчилдердин жуурулушуп кетүүсү ушул ылдамдык менен жүрүп отурса, алдыда бизди эмне күтөт? Бул нерсе эмнеге алып барышы мүмкүн?
Бакыт Дубанаев: Биз изилдөөбүздүн жыйынтыгында ушул боюнча да жазганбыз. Өзгөчө Жаза аткаруу мекемелеринде абал оор. Бул мекемелер мамлекеттин ичиндеги мамлекеттей болуп калышкан. Ал жерге укук коргоо органдарынын аралаша турган жагдайы жок. Террордук уюмдар, радикал идеологияларды тутунган агымдар ушундай жол менен иш алып барууну уланта турган болсо, ошол жерлер террористик, экстремисттик базага, полигонго айланып кетиши мүмкүн. Террорчул уюмдар мындай жагдайды колдонууга даяр. Себеби киши өлтүрүп, кишиге зулумдук көрсөтүп көнгөн кылмышкерлер агрессивдүү болот. Андай адамдардан террорчуну даярдоо аябагандай эле оңой жана кылмышкерлер террорчу кылып "жууруш" үчүн ыңгайлуу "камыр" болуп эсептелинет. Ошондуктан биз изилдөөбүздүн жыйынтыгында мамлекеттик органдарга мындай кооптуу жагдай пайда болуп жатканын айтуудабыз.