Кыргызстанда үй бүлө түшүнүгү өтө идеалдаштырылган
"Азаттык": Айтсаңыз, жубайлардын ичинен сизге күйөөлөр көп кайрылабы же аялдарбы?
Мануэл Мартинез: Чындыгында бизге кайрылып, депрессиядан арылгысы, үй-бүлөдөгү чырды жөнгө салгысы келгендердин 90 пайызы аялдар. Албетте, акыркы учурда эркектер деле келе баштады деңизчи. Бирок баары бир аялдар маселеге терең маани беришет.
"Азаттык": Борбор Азияда үй-бүлө социалдык статус катары кабылданат. Ажырашкан аял же эркекке карата жакындарынын, коомчулуктун кысымы күч. Дал ушул психологиялык кысымдан кантип арылса болот?
Аял урганды адат кылган күйөө көп...
Аял урганды адат кылган күйөө көп...
Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш күчөгөнү менен аялдардын запкы көрүүсү, өлүмү азайбаганын белгилешүүдө.
Мануэл Мартинез: Бул сурооңуз чындыгында абдан жүйөлүү. Анткени Кыргызстанда же Казакстанда баш кошуу эки адамдын ортосундагы биримдик эмес, социалдык статус катары каралат. Жубайларга туш тараптан кысым болот. Ата-эне балдарын эрте эле турмушка даярдап, жашы 25тен өтсө эле "Качан үйлөнөсүң?" деген суроолорду жаадыра башташат. Мындай мамиле өзгөрүшү керек. Анткени биздин клиникага кайрылган бактысыз түгөйлөрдүн көбү дал ошол социалдык статуска байланып, ата-энесинин же жакындарынын кысымы менен той өткөрүшкөн.
Бирок тойдон кийин сүйүү, түшүнүү мамилеси жок болуп чыгып, депрессияга учурап калгандар толтура. Балким алар никеден мурда үй-бүлө куруу эки кишинин тең чоң аракетин, тынымсыз эмгекти, узак мөөнөттүк планды талап кыларын билишпейт. Эки жылга эле үйлөнгөндөй мамиле кылышат. Ошентип түгөйлөр бири-биринен жадап, ажырашып тынышат.
Кыргызстан менен Казакстанда айрым жаш жубайлар насыя алып үйлөнүшөт экен. Анан алар кыйратып акча таба албай, мүнөздөрү, балким көз караштары дал келбей ажырашууга барышат. Бирок туугандары аларды "Эл эмне дейт?" деген стереотиптен улам ажыраштырбай, туш тарабынан психологиялык кысымга алышат.
Ушундай эки ача жолдо турган жубайларга менин биринчи кеңешим, эгер убактыңар жана акчаңар болсо чогуу психологго барып, келишпестик мамиленин өзөгүн аныктоого аракет кылгыла. Адистин жардамы менен ички проблемаларыңарды, коркуу, депрессия сыяктуу сезимдерди жөнгө салып, курулган бир уяны сактап калса болот. Мындай аракеттерге карабай мамиленин акыркы чекити ажырашууга жетсе, анда диалогду токтотпой, бири-бириңерге өчөшпөй кечире билүүнү үйрөнүшүңөр керек. Жылуу сөз менен жубайлар коомчулукта да кийинки ордун таап, эгер балдары болсо алардын жашоосуна да жаман так калтырышпайт. Кыргызстанда үй-бүлө түшүнүгү өтө идеалдашкан. "Чоң үй-бүлө ар дайым чогуу, бирге аракет кылып, ынтымактуу болушу керек" деген көз караш менен жашайсыңар. Бирок мындай идеал үй-бүлөдөгү ар бир мүчөгө депрессияны алып келиши ыктымал. Себеби ошол чоң механизмди иштетүүнүң өзү оор милдет да. Азыркы учурда заманбап тенденцияга жараша ар бир жуп эркин болушу керек. Туш тараптан жасалган кысым жуптардын ажырышуусуна 100 пайыз себеп болот.
Көп аялдуулук көйгөйү
"Азаттык": Азыркы учурда Кыргызстанда, Казакстанда деле экинчи аял алгандар көбөйдү. Мыйзам жол бербесе да буга баргандар арбын. Мындай кадамга эркекти же аялды психологиялык кандай факторлор түртөт?
Сексуалдык зомбулуктун тагы кетпейт
Сексуалдык зомбулуктун тагы кетпейт
Кыргызстанда жыл сайын зордукталган 300гө чамалуу кыз-келиндин 30 пайызы гана милицияга кайрылат. Ар бир 25-аял сексуалдык зомбулукка кабылат, ар бир алтынчы аял ала качууга дуушар болот.
Мануэл Мартинез: Ооба, эркек биринчи аялга расмий үйлөнүп, андан соң үстүнө дагы бир аял менен бейрасмий жашаганда психологиялык чыңалуу өтө эле жогору болору талашсыз. Ушундай кырдаалдагы эркектерге айтарым, биринчи үйлөнүп жатканда эмнени ойлодуңуз? Ушундай учурда былжырап ортодо жүргөн эркектер болот. Биринчи аялын таштап кетпей, экинчисине барып эки үйдө жан бага берет. Мунун баарын билип туруп деле аялы ажырашпаган абдан көп учурларды кездештирдим. 50дөн өтүп калган аялдар адатта ушундай кырдаалга туш келишет. Алардын университетте окуган балдары бар. Коомдо белгилүү кишилер. Анан ошондой күйөөсү токол алган аялдардын психикасы өтө эле бузулат. Абдан терең депрессияда болушат. Алар биринчи кезекте башканы ээрчип, көзүнө чөп салып жаткан күйөөсүн эмес, өзүн күнөөлөшөт. "Балким мен сулуу эмесмин, төшөк сырларын тигил жаш аялындай жакшы билбейм" деп кыйналышат. Мындайча айтканда, өз трагедиясы менен жалгыз калышат. Буга кошумча эркектин токол алуусуна себеп болгон эң чоң фактор катары динди көрүп жатабыз. Азыр аймактагы бир топ өлкөлөрдө диний көз караштар инсандык жеке психологияга үстөмдүк кылууда.
Үй-бүлөнү бузган кызганыч
"Азаттык": Эми жубайлардын ортосундагы дагы бир проблемага - кызганычка келсек. Маселен, эркек аялды иштетпей, кемсинткен учурлар болот?Бул учурда жубайларга абалдан чыгуунун оңой жолу барбы?
Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?
Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?
Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.
Мануэл Мартинез: Эркектер негизи өтө өзүмчүл калк келебиз. Үйлөнгөндөн кийин аялыбыз ар дайым үйдө отуруп, эч кимдин көзүнө көрүнбөсө деп, айрымдарыбыз көлөкөдөн да аны кызганабыз. Ошол эле кезде эркек сырттагы башка аялдарга сугун арткан учурлар абдан көп. Үйлөнгөндөн 10-15 жыл өткөндөн кийин жубайынан тажап, сырттагы келин-кызды эңсегендер көбөйөт. Муну менен кошо эркектин кызганыч сезими да артат. Аялдарга айтарым - эч качан жумушуңарды эркектин каалоосу менен таштап кетпегиле. Кесиптик карьераңарды аз болсо да илгерилеткиле. Анан жеке досторуңардан, туугандарыңардан баш тартпагыла. Эркек кызганган сайын аял курбулары менен көчөгө чыкпай, төркүнүнө барбай кыйнала баштайт. Зомбулук мындай шартта эки эсе күчөйт.
Кокус эртеңки күнү ооруп же жардамга муктаж болсоңуз сизге туугандарыңыз гана келет. Анан үйдөгү эркек көрсөткөн кордукту жашырбаңыз. Досторуңузга, жакындарыңызга айтып кеңеш сурап туруңуз. Күйөөнүн зомбулугу менен жалгыздыкта калбай, жардам сураңыз. Эркек өзүн ар дайым жогору турарын көрсөткүсү келген учурлар толтура. Бул туура эмес. Канчалык эркек аялынан башка кыз-келинге кызыккан сайын анын кызганыч шкаласы да жогору болот. Бул паталогиялык, психикалык бузулуу. Унчукпай коюу менен аялы зомбулуктун отуна май гана тамызат.
"Азаттык": Дагы бир жагдай: азыр айрым аялдар эркектерге караганда көп каражат таап жатышат. Кээде үйдө ишсиз жатып калган күйөөлөрү өздөрүн оңтойсуз сезип, аялына, балдарына түрдүү зомбулук көрсөткөн учурлар жок эмес. Үй-бүлөдөгү гармонияны сакташ үчүн аял өз ишин курмандыкка чалганы туурабы?
Мануэл Мартинез: Дүйнөлүк тажрыйбадан байкадым, 45 жаштан улуу эркектердин көбү жумушунан ажырап, үйдө отуруп калышат. Мунун менен алар атаандаштык дымагынан да ажырайт. Анан ичкиликке берилип, үйгө аз акча алып келишет. Аялдар эркектерге салыштырмалуу үй-бүлөгө күйүмдүү келип, балдарына, жубайына кам көрүшөт. Бул кырдаал жубайлардын ортосундагы тирешүүгө жол ачат. Эркек аялдын ийгилигине ичи ачышып, өзүн алсыз сезет да үйдө эч нерсе кылгысы келбей, ал тургай аялынын ар бир кадамын көзөмөлдөп, көржемеге айланат.
Аялдарга айтарым - эч качан жумушту таштабагыла. Күйөөнү жумушка чыкканга, элге аралашканга түртүңүз. Ишти таштап, үйгө келсеңиз эле күйөөңүз мыкты адамга айланып калат деп ойлобоңуз. Проблема сизде эмес. Ишсиз калсаңыз мүшкүл андан бетер ырбайт. Дүйнөдөгү бардык эркектердин дараметке байланышкан чоң кыйынчылыгы бар. Жогорулабай калганды сезгенден кийин биз, эркектер, алсыздарга зомбулук кыла баштайбыз. Жогорулоо дегендин ичине материалдык байлык, кымбат машине, жакшы кызмат, сексуалдык активдүүлүк да кирет. Мунун баары ылдый түшсө эркек депрессия болот. Үйдө ушундай эркектин болуусу аял жана бала-чака үчүн чоң трагедия.