Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:10

Курманбеков: Чөнтөккө ылайык үйлөрдү курабыз


Оштогу жаңы курулуп жаткан үй
Оштогу жаңы курулуп жаткан үй

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду мамлекеттик ипотекага берүү үчүн быйыл жазында аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү кура баштайт. Бирок азырынча канча үй курулары, ага канча каражат жумшалары так эмес.

Ал арада фонд жетекчилиги Баткенде курулуш иштери апрелде башталарын маалымдады. Турак жайлар кандай ыкмада, кандай шартта курулат? Үйлөрдүн баасы мамлекеттик кызматкерлердин чөнтөгүнө дал келеби? Фонддун өкүлү Бакыт Курманбеков “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди:

“Азаттык”: Баткен облусунда мамлекеттик ипотека менен берилчү көп кабаттуу үйлөр апрелде курула баштайт деп кабарланды. Канча үй курулары тууралуу маалымат бересизби?

Курманбеков: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду мамлекеттик кызматкерлерди үй-жай менен камсыздоо программасына катышып жатат. Азыркы учурда фонд жетекчилиги жети облусту кыдырып, жергиликтүү бийликтер менен кошо үйгө муктаж кишилердин санын тактоодо. Андан сырткары, бюджеттик кызматкерлердин кирешелерин аныктап жатабыз. Анын негизинде кайсыл аймакка канча көп кабаттуу үй куруу, турак жайдын эң жогорку баасы кайсыл облуста канча сомдон ашпашы керектиги тууралуу чечим кабыл алабыз.

Биз үйлөрдүн баасы мамлекеттик кызматкерлердин чөнтөгүнө ыңгайлуу болсун деп жатабыз. Ошолордун кирешесине жараша болот. Бирок биз сапаттуу үй болушун камсыздайбыз.

“Азаттык”: Демек, Баткен облусунда курулуш иштери апрелде башталат деген маалымат чындыкка жакын эмеспи?

Курманбеков: Биз Баткенде иш сапар менен болуп, жетекчилер менен жолуктук. Алар биз сураган маалыматтарды тез арада бермей болушту. План боюнча апрелде алгачкы жумуштар башталышы керек.

“Азаттык”: Башка облустарда дагыбы?

Курманбеков: Бардык аймакта баштаганы турабыз. Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып келдик. Азыр Баткен, Ош, Жалал-Абадды көрүп жүрөбүз. Жетекчилер менен кезигип, бизге кандай жерден участок бөлүшөт, аны карайбыз.

“Азаттык”: Үй курууга жерлерди аныктоо иштери кандай болот? Жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сиздерде кандай талаптар бар?

Курманбеков: Жерди бизге мамлекеттик администрациялар өз чечими менен убактылуу колдонууга гана берет. Курулуш бүткөндөн кийин аны муниципалдык мекемелерге же Мамлекеттик ипотека компаниясынын балансына тапшырабыз.

“Азаттык”: Үйлөр кандай типте курулат? Кыштан курулабы же башка курулуш материалдарынанбы?

Курманбеков: Биз үйлөрдүн баасы мамлекеттик кызматкерлердин чөнтөгүнө ыңгайлуу болсун деп жатабыз. Ошолордун кирешесине жараша болот. Бирок биз сапаттуу үй болушун камсыздайбыз. Айта кетчү нерсе ар бир аймакта өзгөчөлүктөр бар. Бир облуста шагыл, кум көп. Дагы биринде цемент чыгат. Ошондуктан, ар бир облуста өзүнчө курулуш долбоорлорун түзөлү деп турабыз.

“Азаттык”: Кайсыл курулуш компаниялары менен иштешесиңер?

Бир облуста шагыл, кум көп. Дагы биринде цемент чыгат. Ошондуктан, ар бир облуста өзүнчө курулуш долбоорлорун түзөлү деп турабыз.

Курманбеков: Тактоо иштери бүткөндөн кийин гана тендер менен курулуш компаниясы тандалат. Кайсыл курулуш компаниясы төмөн баа жана бизге ылайыктуу сапатты сунуштаса, ошол фирма менен иштейбиз.

“Азаттык”: Үйлөрдү курууга кыргыз-орус өнүктүрүү фонду канча каражат бергени жатат?

Курманбеков: Бул анык чечиле элек. Азыр каражаттын жетиштүү же жетишсиздиги эмес, үйгө муктаждардын санын аныктоо маанилүү болуп турат.

“Азаттык”: Үйлөрдү качан куруп бүтүү пландалууда?

Курманбеков: Биздин план боюнча курулуш иштери бир жылда бүтүшү керек.

P.S.: Ипотекага берилчү үйлөрдүн чарчы-метрлерине байланыштуу эрежелер бар. Кабаттуу үйлөр 70 чарчы метрден, жер тамдар 150 чарчы метрден ашпашы керек.

XS
SM
MD
LG