Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Референдум: үгүтчүлөр БШКга даттанат


Кыргыз улуттук университети
Кыргыз улуттук университети

Бишкектеги жогорку окуу жайларында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы расмий каттоодон өткөн топтордун үгүт жүргүзүүсүнө тоскоолдуктар болуп жатканы айтылууда.

“Референдумга - жок” кыймылы Кыргыз улуттук университети бийликти колдогон топторго шарт түзүп берип, бирок алар барган учурда декандар студенттер менен жолугуштурбай, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук жасаган фактылар тууралуу БШКга жана прокуратура органдарына кайрыла турган болду. КУУнун басма сөз кызматы мындай фактылар туурасында маалымат жоктугун айтып, коюлган дооматтарды четке какты.

Эки башка мамиле

БШКдан расмий каттоодон өткөн “Референдумга - жок” кыймылынын жогорку окуу жайларда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт жүргүзүү аракеттери тоскоолдуктарга дуушар болду. Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү колдоого чакырган үгүт топторуна куйрук улаш эле ага каршы добуш берүүгө үндөгөндөр улуттук университетке барып, бирок андагы студенттер менен жолугуша алышкан жок.

“Референдумга - жок” кыймылынын расмий өкүлү Рита Карасартова мыйзамга ылайык, университеттин жетекчилиги үгүт жүргүзүүгө бирдей шарт түзүп бермек турсун, алардын аракетине тоскоолдук жасаганына токтолду:

- Мыйзам эки тараптын тең үгүтчүлөрүнө бирдей мамиле кылып, үгүт иштерине көмөк көрсөтүүнү милдеттендирген. Бирок окуу жай жетекчилиги бизге көмөктөшмөк турсун, тоскоолдук жасап жатпайбы. Бийликтен келген топтор үчүн студенттердин бардыгын чогултуп даярдап беришүүдө. Бирок алардын артынан эле ал жакка барсак, бизди залга киргизбейт. Уруксат бербегендиктен күтүп туруп калсак, колдоочу үгүт тобу сөзүн баштабай койду. Биз баштай берели десек, ага дагы болушпайт. Анан студенттерди кайра тарата башташты. Башында алар эмне сөз болорун угабыз дешсе, декандар студенттерин жулкулдатып жетелеп, залдан алып чыгып кетишти. Ачык эле “студенттердин башын айлантпагыла, аларды биз силер үчүн топтогон эмеспиз, залдан чыгып кеткиле” деп кодулай башташты.

Референдум акыры өтмөй болду

Референдум акыры өтмөй болду

Жогорку Кеңеш "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдоду. Ага ылайык, жалпы элдик добуш берүү 11-декабрда болот.

“Референдумга - жок” кыймылы Кыргыз улуттук университетиндеги мындай көрүнүштү каттоого алып, бул боюнча жакында БШКга жана прокуратурага даттана турган болду. Ошол эле кезде Кыргыз улуттук университетинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Эралиев үгүт жүргүзүү үчүн бардыгына бирдей шарттар түзүлгөнүн айтып, айрым үгүт топторунун койгон дооматын четке какты:

- Бизде бардык жолугушуулар атайын график боюнча эле өтүп жатат. Бизге кандайдыр бир көрсөтмө болуп, бирөөн колдоп, экинчисине тоскоолдук жасоо дегенди көргөн жокмун. Жыйындар залында жолугушуулар өтүп жатат. Бирок биз жолугушуу кандай өтүп жатканына кийлигише албайбыз. Студенттерди бул жакка зордоп келтире албайсың. Баягы студенттер жок. Алар азыр каалаган жолугушуусуна кирет, каалабаса киришпейт. Ошондуктан кандайдыр бир тоскоолдук болду дегенге кошула албайм. Андай арыз менен бизге эч ким келип, кайрылган деле жок.

БШКнын жообу

Жакында эле Борбордук шайлоо комиссиясы Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү колдогон тогуз жана ага каршы үгүт жүргүзө турган төрт топту расмий түрдө каттоодон өткөргөн болчу. Алдыдагы референдумда Баш мыйзамды өзгөртүүгө “макул” же “каршы” деп добуш берүүгө жарандарды үндөй турган үгүт топтору үчүн мыйзам бирдей шарттарды камсыздоону талап кылат.

Референдум 11-декабрда өтөт
Референдум 11-декабрда өтөт

Анткен менен БШКнын өкүлдөрү шайлоо мыйзамындагы бирдей шартты камсыздоо деген талап үгүт топтору үчүн адамдарды дагы чогултуп берүүнү милдеттендирбейт деп түшүндүрмө берди. Бирок бир тарабына мындай шарт камсыздала турган болсо, мыйзам анын экинчи тарабына дагы ошондой шартты түзүп берүүнү талап кылары айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамдын бул талаптары боюнча мындайча түшүндүрмө берди:

- Биз бирдей шартты камсыздоо дегенде мамлекеттик маалымат каражаттарынан бирдей эфирдик убакыт жана басылма бет бердирүүнү чүчү кулак аркылуу акысыз уюштурууну айтабыз. Ошондой эле үгүт топторунун жолугушуулары өтө турган жайларды мыйзам боюнча бирдей ырастап, шарттарын камсыздоо жагы каралган. Алардын жолугушууларына студенттерди топтоо маселесине биз кийлигише албайбыз. Аны үгүт топтору өздөрү уюштуруп, жолугушууларды өткөрүшү керек. Бирок ошол жер-жерлердеги жетекчилик алар менен жолугушууларга адамдарды чогултуп бергенге милдеттүү эмес. Ошол эле кезде үгүтчүлөр жыйындар залын ырастап, андагы электр жарыгы же үн күчөткүч сыяктуу техникалык жабдуулардын иштешин камсыздашы зарыл.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум быйыл 11-декабрга дайындалган болчу. Бийлик бул өзгөртүүлөр кабыл алынса, өкмөттүн жана коомдун туруктуулугу үчүн шарттар камсыз болот десе, оппозиция муну азыркы президенттин кызматтан кеткенден кийин дагы таасирин кармап калуу амалы катары сыпаттап келүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG