Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Көптүн көзүн кызарткан Коомдук канал


Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы Байкоочу кеңешине талапкерлердин арызын кабыл алуу мөөнөтүн узартуу сунушталууда.

Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы Байкоочу кеңешине талапкерлердин арызын кабыл алуу 5-мартта соңуна чыгат. Азырынча Жогорку Кеңештин үч фракциясы: “Ата Мекен”, КСДП, “Ата-Журт” фракциялары бирден гана талапкерлер көрсөткөн. Ал эми жарандык коомдон 15 адам документтерин тапшырган. Президент көрсөтө турган адамдардын аты айтыла элек. Тарайт деп турган Байкоочу кеңештин өкүлдөрүнүн аты да азырынча аталган жок.

Көрсөтүлгөн талапкерлер арасында УТРКда мурда иштеп кеткендер, куудул, журналист, коомчулукка белгилүүсү да, белгисизи да бар. Эксперттер талапкерди тандап алуу критерийлери жоктугун айтып жатышат. Серепчилер болсо эң башкысы Коомдук канал баштаган реформаларды алдыга сүрөй турган профессионалдар аз экенин белгилешүүдө.

Коомдук каналдын башкы директору Кубат Оторбаев:

- Албетте жаңы адамдар да болуш керек. Азыркы курамда бардыгы мыкты иштеди деп айта албайбыз. Ошолордун ордун татыктуу алмаштыра турган адамдар болушу керек. Эң негизгиси коомдук каналдын табиятын түшүнүш керек. Байкоочу кеңеш - бул байкоочу орган. Ал стратегиялык чоң-чоң маселелерди чечиш керек. Ошондой эле коомдук берүүнүн миссияларына жана табиятына коркунуч келген учурда өзүнүн салмактуу сөзүн эч бир саясий күчтөрдөн жалтанбай айта турган адамдар керек. Азыр 20дай адамдын аты аталып жатат талапкер катары. Арасында татыктуулары да бар. Айрым талапкерлердин кайда, эмне максатта, кимдер үчүн, каякка баратканы такыр эле түшүнүксүз.

Азыркы иштеп жаткан Байкоочу кеңештин төрайымы Элвира Сариева талапкерлерди аймактык, гендер, улутуна жана жаш өзгөчөлүгүнө карап тандоону сунуштады. Анын айтымында, Коомдук каналга өтүп, Байкоочу кеңеши бир топ убактан бери иштеп калган мамлекеттер ушул критерийлерди эске алышат экен.

Ал эми депутат Эгемберди Эрматов позициясы бекем адамдар келиши зарыл деп эсептейт:

- Саясий позициясын накта көрсөткөн мыкты адамдар да болуш керек. Экинчиден, мамлекеттин келечегине күйгөн, мамлекетибиздин келечегин сактап кала турган жана жалпы элдин кызыкчылыгын коргой тургандар болуш керек. Азыр Бишкекте отурган эле жарандык коомдор катышып атат. Кыргызстандын 75% эли элетте жашайт. Алардын да укугун коргой турган адамдар кеңешке келиши керек.

Анткен менен жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин аталган комитеттин өзүнүн Коомдук канал жана Байкоочу кеңеш тууралуу көз карашы жок деп сындап жатышат. “Мындай учурда кеңеш мүчөлүгүнө татыктууларды тандап алуу оор болот”, – дейт “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова:

- Биз Биринчи каналды, РТРди көрүшүбүз керекпи же КТРКны көрүшүбүз керекпи? Эмнеге көрүшүбүз керек? Кандай берүүлөр көбүрөөк, кайсынысы азыраак болушу керек? Ушунун баарына тең комитеттин өзүнүн көз карашы болсо талапкелер арасынан тандап алуу оңойураак болот. Азыр булар формалдык жол-жоболорун гана жасап жатышат. Байкоочу кеңеш - Жогорку Кеңеш эмес, саясий дагы орган эмес. Ошондуктан гендердик, этностук деген нерселер негизги маселе болбошу керек. Эң негизги тараза - келе турган адам профессионалдуу болушу зарыл. Экинчиден, менежментти жакшы билип, үчүнчүдөн стратегия иштеп чыга ала турган адам болгону жакшы. Эми дагы бир сыйра жарыялап, арызды тапшыруу мөөнөтүн жок дегенде 15-мартка чейин узартыш керек.

Байкоочу кеңеш 15 адамдан турат. Бешөөнү президент, дагы бешин парламент, калганын жарандык коом сунуштайт.

Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомдук каналга айланган. 2010-жылы 3 жылдык мөөнөткө дайындалган Байкоочу кеңеш жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу тарай турган болгон. Бул кезинде парламенттин ар кандай саясий окуяларда Коомдук каналга таасир этүү аракети катары бааланган.
XS
SM
MD
LG