Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Интернет акысы Кыргызстанда да азаюуда


Адистердин айтымында, бара-бара интернеттин баасы төмөндөп, ылдамдыгы күчөй берет.
Адистердин айтымында, бара-бара интернеттин баасы төмөндөп, ылдамдыгы күчөй берет.

Соңку жылдары Кыргызстанда интернетти камсыздаган ишканалар кардарларга ылдамдыгы да күчтүү, баасы да ыңгайлуу ар түрдүү тарифтерди сунуштап жатат. Аны менен кошо уюлдук интернет да өнүгүүдө.

Интернет Кыргызстандын аймактарына да жеткени менен ылдамдыгы төмөн болуп, баасы жогору бойдон калууда. Бул көрүнүштөрдүн себептери эмнеде?

Бишкектин тургуну Эркин Мамасалиев үйүндө интернет колдонгонуна он жылдай болуп калды. Жумушуна байланышкан маалыматтарды карайт, андан тышкары көбүнчө чет өлкөлүк сайттарды кызыгып окуйт.

Мурун жергиликтүү жана тышкы сайттарга кирген сайын акчасы менен саатын санап отурса, 2011-2012-жылдан баштап эч ойлонбой каалаган сайттарда каалаган убакытта кире баштады. Себеби ал азыр мурдагыдай айына 2000-3000 миң сом эмес, 500-600 сом төлөйт экен.

- Биринчи ылдам интернет 2008-жылы пайда болгон. Ошол убакытта ал кымбат болуп, ички жана сырткы трафик деп бөлүнгөн. Азыр анча деле айырмасы жок. Мурун тышкы трафик кымбат болгондо анча деле колдончу эмесмин, видеолорду көрбөй жөн эле форумдарда отуруп, маалымат издейт элем. Азыр болсо видеону You tube же Намбадан көрөм, анын эч кандай айырмасын деле сезбейм.

Кыргызстанга интернет Казакстан менен Орусиядан келет. “Кыргызтелеком” ишканасынын коммерциялык директору Акыл Түгөлбаевдин айтымында, суроо-талапка жараша 2011-жылы өлкөгө келе турган интернеттин көлөмү көбөйүп, ылдамдыгы артып, баалар төмөндөй баштаган:

- Ошол себептен чексиз интернеттин баасын төмөндөткөнбүз. Мисалы, 512 килобитт ылдамдыгындагы тариф 2011-жылдын башында 2000 сомдун тегерегинде болсо, азыр 500-600 сом болуп атат. Анан өзүңүз көрүп атсаңыз керек, интернет менен камсыздаган башка ишканалар да бааларын төмөндөтүштү.

Маалымат технологиясы боюнча адистердин сөзүнө караганда, 2010-2011 жылдарга чейин интернеттин ылдамдыгы төмөн болуп, баасы жогору болсо, азыр трафик деген эсептөө акырындан четтен чыгып, чексиз интернетти колдонгондор көбөйүп баратат. Интернетти камсыздаган ишканалар чектөөсүз интернетти азыр 200 сомдон баштап сунуш кылып атышат.

Маалымат технология адиси Артем Горяйновдун пикиринде, интернеттин көлөмү көбөйгөндөн сырткары технологиялар арзандап, атаандаштык курчуп жатканы үчүн анын баасы тез төмөндөп, жөнөкөй адамдардын чөнтөгүнө туура келип атат.

Бирок ал мындай көрүнүштөр Бишкек менен Ошто гана байкалып жатканын айтат:

- Биринчиден, аймактарда конкуренция жок болгондуктан анын баасы өзгөрбөй турат. Менин билишимче, ошол эле "Кыргызтелеком" Бишкек үчүн башка баа, аймактар үчүн башка баа койгон. Аймактарда ылдамдыгы төмөн интернет кеминде 1000 сомдон башталат. Экинчиден, инфраструктура жок болгондуктан башка ишканалар ал жакка көп кызыкпайт, анан калса жергиликтүү элден да суроо талап көп эмес.

Адис бирок аймактарда уюлдук интернет активдүү колдонулуп жатканын кошумчалады. Жөнөкөй интернет менен кошо уюлдук интернеттин баасы да төмөндөп атат. Азыр уюлдук операторлор 1 МБ интернет трафик үчүн 19 тыйындан баштап сунуш кылып жатышат.

“Скай мобайл” уюлдук операторунун уюлдук кызмат боюнча менеджери Алмаз Бакасовдун айтымында, эки-үч жыл мурун 1 МБ интернет 5 сомдун тегерегинде болчу.

- Уюлдук интернетти колдонгондордун көбү Бишкек менен Чүй облусунда, бирок 3G технологиясын киргизгенден бери аймактагылар да активдүү колдоно башташты. Негизи жыл сайын уюлдук интернетти колдонуу өсүп баратат. Биз азыр чексиз интернет дегенди киргиздик. Бул уюлдук телефон аркылуу трафик жөнүндө ойлонбой эле интернетти колдонсо болот.

Интернет менен тейлеген компаниялар азыр IP телевидение дегенди да киргизип, баарын бир баанын ичине киргизген кызматты да сунуштап жатат. Адистердин айтымында, интернеттин баасы мындан ары төмөндөй берет, бирок азыркы учурда жөнөкөй интернетти уюлдук интернет акырындан кысып келе жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, өлкөдө интернет колдонгондордун саны жалпы калктын 50 пайызын түзөт, ал эми бейөкмөт уюмдардын изилдөөсүнө таянсак, бул көрсөткүч 25-30 пайыздан ашпайт.
XS
SM
MD
LG