Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Виртуалдык китепкана - маалымат булагы


Бул долбоор аркылуу окумуштуулар 16 миллиондон ашык илимий макалаларды таба алат.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Геомеханика институтунун директору, техникалык илимдердин доктору, окумуштуу Камчыбек Кожогулов өзүнүн илимий изилдөөлөрүнө керектүү маалыматтарды топтоо үчүн Совет доорунда алыскы Москвага барып, доор урагандан кийин Бишкектин китепканаларында материалдарды казып, араң таап келгени тууралуу айтты.

- Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан баштап бизге маалыматты алыш кыйыныраак болуп калган. Советтер союз убагында Москвадагы китепканалардан, башка чоӊ шаарлардан алчу элек, ал эми азыр болсо илимпоздорго кыйын болуп калды. Айрыкча соңку жылдары. Азыр ушул виртуалдык китепканага кирип колдонсок бизге абдан жакшы болот деген ойдомун. Абдан жеңил болот.

Окумуштуу Камчыбек Кожогулов айтып жаткан виртуалдык китепкана – бул KyrgyzstanVSL.org веб-сайты. Анда дүйнө жүзү боюнча 12 миӊден ашуун илимий журналдардын ар кандай темаларга макалалары түптөлүп, жаӊы чыккан иштер дароо эле бул сайтка да кирип турмакчы.

Оксфорд, Кэмбриж университеттеринин окумуштууларынын иштери, Бириккен улуттар уюмунун Reserch4life коллекциясы жана башка көптөгөн басылмалардын макаларын Кыргызстандагы окумуштуулар да бекер колдоно алат дейт долбоордун координатору Алмазбек Каракожоев.

- Негизи мындай сайттардын макалаларына мүмкүнчүлүк алыш үчүн чет өлкөдө акы алынат жана бул кадимкидей эле көрүнүш. Ал эми бул жерде кыргызстандык окумуштууларга сайт өзүнүн дисертациялары, изилдөөлөрү жана башка илимий иштери үчүн акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Биз өлкөнүн университеттеринде, китепканаларында, илимий-изилдөө борборлорунда бул виртуалдык китепкананы туура пайдалануу боюнча семинар өткөргөнү жатабыз. Долбоор үч жылга эсептелген. Андан ары азырынча белгисиз.

Бирок виртуалдык китепканага интернеттин каалаган колдонуучусу кире албайт. Долбоордун кызматкерлери тиешелүү илимий мекемелердин бир гана компьютерине уруксат бермекчи. Тизмеге кирген IP дарек аркылуу ачылган сайтка логин менен сырсөздү киргизгенден кийин окумуштуулар же китепкананын кызматкерлери болобу, мугалимдер же студенттер болобу – өзүнүн иштерине издөө функциясы аркылуу керектүү макалаларды таап, көчүрүп алып, колдонсо болот.

Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев
Жөн гана көчүрбөстөн, ушул китепкана аркылуу Кыргызстандын окумуштуулары эл аралык илимий коомчулук менен байланыш түзө алат деген ойдо Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев.

- Бул айрыкча билим берүү менен илимге керек, анткени илимдин өзү – бул жаңы нерсени табуу деген да. Бул маалыматсыз эч убакытта болбойт. Университеттер менен институттар бир гана Кыргызстан эмес, ушул интернет аркылуу эл аралык илимий коомчулук менен маалымат алмашып, маалымат алганга чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат да. Өзүӊүз уккандай мындай иш биринчи жолу Борбор Азия боюнча Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында болуп жатат.

Бул долбоор АКШнын Энергетика министрлигине караштуу Өзөктүк коопсуздук боюнча улуттук башкармачылык менен каржыланып, ишке ашырууга CRDF Global уюму жардам берип жатат. Ишке ашыруунун алгачкы кадамдары бул жылдын апрель айында Билим берүү жана илим, Улуттук илимдер академиясы менен бирге башталган. Виртуалдык китепкананын кызматы англис тилин билгендерге багытталган.
XS
SM
MD
LG