Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Жээнбековго тийчү тизгин, Текебаевдин мандаты


Сооронбай Жээнбеков шайлоочулар менен жолугушуу учурунда. Октябрь, 2017-ж.
Сооронбай Жээнбеков шайлоочулар менен жолугушуу учурунда. Октябрь, 2017-ж.

“Электрондук маалымат каражаттарынын дээрлик баары “Аки-Пресс” маалымат агенттигинин булактарына таянуу менен Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтын эки тизгин, бир чылбырын алуу аземи 24-ноябрда - “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтө тургандыгын кабарлап жиберди.

Бирок буга карабастан инагурация өтө турган жай жана күнү менен убактысы азырынча расмий жарыялана элек.

Ал эми президенттик жаңы кызматка киришүү салтанаты ушул жылдын 1-декабрына чейин өтүшү керек. Ушул сааттан тарта президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктары аягына чыгат.

Баса, эсиниздерге сала кетели, кызмат мөөнөтүн аяктап бараткан президент Алмазбек Атамбаевдин салтанаттуу инагурациясы алты жыл мурда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Чоң залында өткөн.

* * *

Бишкек шаарында Эл аралык террордук уюмдун чет өлкөлүк эки мүчөсү кармалганын “Жалбырак ТВ” сайты билдирди. Террорго каршы иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук Коопсуздук Комитети тарабынан 27 жана 29 жаштагы аял жана эркек кармалган.

Экөө тең октябрдын башында Кыргызстанга келип, Сирия менен Ирактагы согуштарга адамдарды тартуу менен алектенип келгендиги аныкталды.

Расмиц маалыматтар боюнча, ушу тапта Сирия менен Ирактагы диний радикал топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат, мунун 140ка жакыны аялдар, 100гө жакыны балдар. Бүгүнкү күнгө чейин алардын 92си согуш талаасында өлгөн.

* * *

“Кактус Медиа” Жогорку Кеңеште майрамдык даталар боюнча талаш-тартыш болгонун кабарлады. Эсиңиздерге сала кетели, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен 7-жана 8-ноябрды “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” деп жарыялаган.

Айрымдар, анын ичинен Орусия Федерациясынын Мамдумасынын кээ бир депутаттары буга нааразы болгон. Жарлыкта Улуу Октябрь Революциясынын маани-маңызын кемите тургандай эч нерсе жок, тескерисинче кыргыз элинин таалайына жаралган Улуу Октябрь дагы, ошону менен бирге эле Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон ата-бабалар дагы эскерилип турмакчы.

Депуататтар да ушул датанын тегерегинде талашып-тартышып жатып, акыры спикер мыйзам долбоорун экинчи окууга жөнөтүп талашты баскан.

* * *

24.kg сайты өспүрүмдөргө медициналык-психологиялык жактан жардам берүү боюнча Республикалык наркология борборунун бөлүм башчысы Ирина Алымкулованын билдиргени боюнча акыркы беш жылда балдар тарабынан алкоголь колдонууда өсүш болгон эмес, бирок бул боюнча маселе жок дегендикке жатпайт, тилекке каршы ичимдик ичүү кыздар арасында көбөйүп кеткендигин жазды.

Медиктин айтымына караганда, жаштар бүгүн клей, ацетон жана башка зыяндуу химиялык заттарды арбын колдонушууда. Кыргызстанда атургай балдардын өлүмүнө спайс деген балакет зат себепкер болууда.

* * *

Борбордук шайлоо комиссиясы 1-ноябрдан тарта Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратканын “Аки-Пресс” маалымат агенттиги жазып чыкты. Каршы добушту Атыр Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева бергени менен Боршайкомдун калган 10 мүчөсү Текебаевди мандатынан ажыратууга макул болушкан.

* * *

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ күнкү куттукттоосунда күч органдарынын кызматкерлери үчүн дагы көп кабаттуу 32 үй курула тургандыгын билдиргенин “Жалбырак ТВ” сайты жазып чыкты.

Белгилей кетчү жагдай, соңку эки жылда аскер жана күч кызматкерлерине жалпы жонунан 69 турак үй курулуп, 220 үй-бүлө үйлүү болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG