Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

Каныкей апа тажик кызы эмеспи?


Манастын айкели. Улуу-Чат ш., Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР. 08.7.2014.
Манастын айкели. Улуу-Чат ш., Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР. 08.7.2014.

“Эл башчысынын эл аралык аброю өсүүдө”. “Кара-Кеченин кубаты Токтогул ГЭСине теңелет”. Мына ушундай баш темалар менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапары, Ирандын президенти Хасан Роухани, Иран Межлисинин спикери Али Ларижани, Ирандын экс-президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани жана Иран Ислам Республикасынын диний лидери Али Хаменеи менен жолукканын, эки тараптын сүйлөшүүлөрү макулдашуулар менен жыйынтыкталганын билдирди. Жолугушуу учурунда Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун курулушу, эки өлкөнүнүн соода-экономикалык жана маданий гуманитардык багыттагы кызматташуусу талкууланганын, ошону менен бирге эле Ирандын президенти Иран Кыргызстанда ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиргенин жазып чыкты.

Ушул эле гезитке “Дүйнө эпостору “Манастын” мекенинде” деген макала басылып, дүйнөлүк эпостордун үчүнчү фестивалы сентябрдын төртүнөн жетисине чейин Бишкекте болуп өткөнүн, премьер-министр Темир Сариев фестивалды ачып жатып, “ “Манас” эпосу дүйнө дастандарынын башында турарын, фестивал дастандардын мекени болгон Кыргызстанда өтүп жатканына сыймыктанарын, “Манас” рухубуздун туу чокусу, кыргыз элинин энциклопедиясы болуп саналарын белгилегенин маалымдады. Фестивалга 15 өлкөдөн өкүлдөр келип катышты.

Окумуштуу Турдубай Абдыракуновдун иликтөө макаласы “Каныкей энебиз кайсы элден чыккан?” деп аталып, анда Каныкей тажиктердин кызы эмес, орто кылымдагы Караханий каганатынын доорундагы түрк тилдүү “кара йагма” же “бууракандар” уруусунун кызы болгон деген ойду бир катар жүйөлүү фактылар менен тартуулады.

Белгилүү акын Жыпар Исабаева жазуучу жана журналист Айша Алиеванын “Жүрөктөгү жүз секрет” аттуу китебине жакшынакай каалоо тилегин билдирип, бул китеп окуган адамдардын жүрөгүнө жакшылык жандырып, келин менен кайнененин мамилесин, элибиздин каада-салты үй-бүлөнү кантип сактап келгенин кубануу менен кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити 1-бетине Александр Тузовдун “Усубалиевдин доору” деген макаласын алып чыкты. Аталган гезит борбор шаардын ичи партиялардын үгүт материалдарына толуп чыкканын, партбосстор шайланып келчү болсо алдыбызды алтын, артыбызды күмүш менен чайкап турарын какшап, кайта-кайта баягы убадаларын бере баштаганын, угуп турсаң, деги эле булар билбеген балээ жоктугун, шайласаң күйүүчү майды арзандатып, Кыргызстанды гүлдөтүп, коррупция менен күрөшүп, кылмыштуулукту болтурбай коюшарын, жолдорду асфальттап салышарын, суу чыкпаган айылдарга суу чыгарып, кызматтык машинадан баш тартып, кол тийбестикти алып саларын сайрап жатышканын белгилеп, бул убадаларды биздин эл 24 жылдан бери тынбай угуп келгенин, 24 жыл бою убадага тоюп, алданып келгенин, ушул убадаларды берген депутаттардын баары элдин турмушу кантип өтүп жатканын кайыш креслолордо чалкалап олтуруп алып Ак үйдүн айнегинен карап турушканын, андай эле баарын билишсе анда эмне үчүн беш жыл мурда эле жасап салышпаганын, алардын колу-бутун ким байлап, ким антпегиле деп тушап койду эле” деп жазды.

“Фабула” гезити Байтик айыл өкмөтүнө караштуу 263 гектар жер тилкесин учурунда Карганбек Самаков сатып алганын, бирок арадан жети жыл өткөн соң ага ушул боюнча кылмыш иши козголгонун, эми ошол Бакиевдин тушундагы өкмөттүн токтомун азыркы өкмөт Баш порокуратуранын сунушу менен жокко чыгарганын, демек Самаковдун кылмыш иши дагы оорлой турган болуп калганын белгилеп, “Бирок жаңы өкмөт эски өкмөттүн токтомун жокко чыгарардан мурда ал токтомду ким чыгарып, ким кол койсо ошол адамды жоопко тартуу керек болчу. Башкы прокуратуранын эмне себептен бул маселени эске албай жатканы, эл үчүн өтө эле таң калычтуу болуп турат” деп жазды.

“Фабула” гезити “Башкы редакторлордун баасы” деген ат менен шайлоо жарышында бараткан партиялардын рейтингин аныктаган жадыбалды жарыялады. Алдыңкы төртөөн атай кетели. Көч башында КСДП, анан “Ата Мекен”, андан кийин “Кыргызстан”, төртүнчү “Бир бол”, андан кийинкилери булардын артында келатат.

Мурдагы депутаттардын бири Эркин Алымбековдун маеги “Беш жыл ичинде биз депутаттар эмне кылдык?” деген ат менен жарык көрдү.

Жумагүл Барктабасова “Көмүр эле эмес, гипс дагы казылмай болду” деген макаласында Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” шахтасы тууралуу кеп кылды.

XS
SM
MD
LG