Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Пирматов менен Чудинов камалабы?


Исхак Пирматов
Исхак Пирматов

“ПолитКлиника” гезити Таластын Бакай-Ата районунда жашап турган Жамарат Арсыбаевдин президент Алмазбек Атамбаевга жазган каты менен бүгүнкү санын ачты.

Кат “Адам аткандарды коргоого алган соттун ишин көзөмөлдөп бериңиз” деп аталды. Ушул эле гезит андан аркы макаласын “Депутаттар ант берип, мандат алышты” деп атап, КСДП партиясы депутаттык кол тийбестиктен, кызматтык машинадан жана депутаттын эки жардамчысынын биринен баш тартуу чечимине келсе, ага удаа “Ата Мекен” партиясы да кол тийбестиктен баш тартарын билдирип, ага кошумча парламентке келген депутаттардын жакын туугандары чоң кызматтарга дайындалбашы керектигин айтып чыгышканын кабарлады.

“ПолитКлиника” гезити Акылбек Чынтемировдун “Токтайым айым террорчулардын укугун коргоодо токтоно албай калабы?” деген макаласын басты. Гезит муну менен бирге эле мыйзамга ылайык террорчулардын сөөгү ата-энелерине же жакындарына берилбестигин, ал тургай алардын кайсыл жерге көмүлгөнү да айтылбастыгын маалымдады. Генерал Токон Мамытов маек куруп, буга чейин өмүр бою кесилгендер да, тоок уурдагандар да түрмөдө бирге жатып келишкенин, диний чала сабаттык эмнелерге алып келерин, түрмөлөрдүн абалын кенен кеп салып берди.

“Эгемен” гезити “Эгер депутаттардын кол тийбестиги алынып салынса, анда биринчи кезекте “Бир болчулардын” ичиндеги Исхак Пирматов менен Игорь Чудинов камакка алынабы?” деген суроону койду. Ушул эле гезит укук коргоочу уюмдарды сындаган макала басты.

Токтайым Үмөталиева террорчуларды коргоп чыкканын, ушу тапта канчалаган бей-бечаралар соттон акыйкат таппай, көрүнгөн эшикти жыртып жүрсө кылмышкерлерди коргоого алып келатканын, маселен, 2014-2015-жылдары бир да чет элдик уюм Кыргызстандагы улуттар аралык мамилени сынга албаганын, тескерисинче, АКШ баштаган бир катар демократиялуу деген мамлекеттер Кыргызстанда улуттар аралык мамиле бекемделип жатканын белгилешсе, тилекке каршы, өзүбүздөн чыккан укук коргоочулар ар кандай билдирүүлөр менен тыным албай чыгып жатат деп жазды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG