Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Кыргызча жашоо бормулалары чыкты


Бүгүн "Азия ньюс", "ПолитКлиника" гезиттери жарык көрдү.

"Азия ньюс" гезити депутат Абдувахап Нурбаевдин "Биз "Семетейди" текшерүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма бердик" деген маегин басты. Анда Бишкектеги "Семетей" мейманканасы тууралуу сөз болот.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери "Бакыт Төрөбаев "Президенттик шайлоодо мыйзам бузулса элдин толкунун басалбай калабыз" деп маек берип: "Фракциянын лидери катары менин позициям мындай. Жаңы шайланган президент 1-декабрда өзүнүн кызматына киришиши керек. Бүттү. Шайлоо 15-октябрда болобу, 27-августта же 19-ноябрда болобу, анын мага айырмасы жок" деп билдирди.

Экс-министр Нурлан Шакиевдин маеги "Мындан ары Келдибеков, Ташиев, Маудмаровдун саясатына кошулбайм" деген ат менен жарык көрдү.

Тоо-кен адиси Дүйшөнбек Камчыбековдун "Жерүй алтын кени кимдер үчүн кызамт кылат?" деген, университеттин окутуучусу Лира Калчаеванын "Чоң атамдын майрамы" деген макалалары жарык көрдү. "Эл уулу Темир Сариевди экстер колдоп чыгышты" деген теманын алдында Бейшен Болотбековдун, Алмаз Акматалиевдин, Рысбек Качкеевдин, Эркингүл Иманкожоеванын, Эмил Алиевдин, Эмил Каптагаевдин, Токтогул Какчекеевдин ойлоруна орун берилди. Баары бир ооздон Темирдин жакшы жактарын кеп кылышты.

"Азия ньюс" гезити Улуу Ата Мекендик согушта каармандыкты көрсөткөн согуш ардагерлерин эскерүүгө арналган макалаларды тартуулады. Адаттагыдай эле юрист Бекибай Мамытовдун окурмандардын суроолоруна берген юридикалык кеңештери басылды.

"ПолитКлиника" гезити "Россия Кыргызстандын карызын кечти" деген, "Жогорку Кеңеш жерди күрөөгө коюп насыя алуу маселесин талкуулады" деген кабарларды, "Жүрөктүн үшүн алган жер көчкү. Бул кырсыктан кантип сактанууга болот?" деген теманын алдында Айжан Айтышеванын макаласын тартуулады.

Гезиттин "Экономика: сандар жана турмуш сабагы" деп аталган тегерек үстөлүнө катышкан саясатчылар Элмира Ибраимованын, Адахан Мадумаровдун, Феликс Куловдун, Ахматбек Келдибековдун, Равшан Жээнбековдун, Жылдыз Жолдошеванын ойлоруна орун берилди.

Акылбек Чынтемиров макаласын "Темир Сариев Нарында" деп атап, Сариев Кочкор районунун эли менен жолугуп, бак-дарактын көчөттөрүн отургузганын, Теңдик айылына барып, мамлекеттик ишмер, маркум Турдакун Усубалиевдин үйүнүн короосуна арчанын көчөттөрүн тигип, куран окутканын жана Сариевге карата айрым адамдардын пикирин жарыя кылды.

Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовдун "Диний билим берүүнү иретке келтиребиз" деген маеги, Эмилбек Каптагаевдин "Референдум сабактарынын" уландысы, журналист Дилбар Алимованын "Киев кайрыктары" деген жол баяны, "Феликс Куловдун атасы журналист, апасы актриса болгон" деген макаласы жарык көрдү.

Айтылуу журналист Султан Ак Торпоктун "Кыргызча жашоо бормулалары" деген сатиралык аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Кыргыздын нукура турмушун сатиранын тили менен көркөм сүрөттөгөн жазуучунун прозалык бул жыйнагы окуган адамды кайдыгер калтырбайт. Ушул эле гезит Карлыгач Кудайбердиеванын "Турсунбай Бакир уулунун канча үйү, канча кайненеси бар?" деген ат менен Турсунбай Бакир уулунун өзүнүн жоопторун басты.

Жумабек Ибраимовдун жубайы Шайыр Сагынбаеванын күйөөсү тууралуу маеги тартууланды. Булардан тышкары Эл акыны Майрамкан Абылкасымованын, куудул Камчы Сарыбаевдин, жазуучу Жеңишбек Эдигеевдин "Эне. Тоолор жана Калмурат" аттуу эскерүүлөрү, Айжан Айтышеванын "Пенсия алганды унутуп койгон чаткалдык чебер Байыскан Көчөрбаева" аттуу маеги, ырчы Райкан Абдувалиеванын "Туура тамактанганды үйрөнүп алдым" деген маеги бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG