Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:14

Шайлоо: Бюллетендер колго эсептелип бүттү


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун добуштары кол менен эсептелип бүткөнүн, эми расмий жыйынтык 5-ноябрга чейин жарыяланарын билдирди.

Боршайком кол санак менен электрондук эсептин айырмасы жалпы жыйынтыкка таасир этпей турганын белгиледи. Ошондой эле БШК Сузак районундагы төрт участоктун жыйынтыгын жокко чыгарып, дагы эки участок боюнча арызды карап жатат.

БШК Сузак районундагы төрт участоктогу добуш берүүнү жокко чыгарууга шайлоо участокторундагы шайлоочулардын саны менен автоматтык эсептөөчү үкөктөгү бюллетендердин саны дал келбей калганына негиздеди. Натыйжада бир талапкер 3 миң, дагы бирөө 800дөй добуш жоготууда.

- Төрт участок боюнча чечим даяр. Аларда шайлоонун эсеби жокко чыгарылат. Азыр дагы эки участокто ушундай маселе көтөрүлүп жатат. Алардыкы дагы жокко чыгарылышы мүмкүн, - деди БШКнын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Гуля Алмамбетова.

БШК өкүлү ошондой эле добуш салууга байланыштуу мыйзам бузган кызматкерлерге кылмыш иши козголушу мүмкүн деп билдирди. Жалпысынан БШКга 94 арыз келип түштү, жогоруда аты аталгандардан башкасы боюнча фактылар дээрлик аныкталган эмес. Президенттик шайлоого байланыштуу арыз-даттанууларды кабыл алуу күнү 19-октябрда аяктады. БШКнын маалыматы боюнча жарышка катышкан талапкерлердин биринен дагы арыз түшкөн жок.

БШК: Сузакта добуштар жокко чыгарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Ошол эле учурда президенттик жарышта утулган талапкерлер акыркы аныкталган төрт участоктогу мыйзам бузууларга кадыресе мамиледе болушууда. Арыз-даттануулар менен кайрылбаган талапкерлердин бири Улукбек Кочкоров себебин мындайча түшүндүрдү.

- БШК дагы алардын колунда болуп жатпайбы. Кимге барып, эмнени далилдей аласың? Бул жөн эле убактыңды, нервиңди кетиргенге барабар. Мыйзам бузуулар интернетке, башка жерлерге чыкты. Муну сокур эле көрбөйт, дүлөй эле укпайт. Баарыбыз эле көрүп-билип турабыз, бирок кимден акыйкаттык, кимден чындык издейсиң? Бизде андай жок.

Шайлоо жарышында үчүнчү орунга чыккан талапкер Адахан Мадумаров болсо президенттик шайлоону тааныбай турганын билдирип, "Мен макул эмесмин" кыймылын түзөөрүн бир күн мурда уюштурган маалымат жыйынында билдирген. Талапкерлердин ичинен шайлоонун жыйынтыктарын тааный турганын жарышта экинчи орунду алган Өмүрбек Бабанов гана жарыялаган.

Талдоочу Сейтек Качкынбаевдын пикиринде БШКнын айрым участоктордогу шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгаруусу - кожо көрсүн мамилеси. Негизинен президенттик шайлоонун болжолдуу жана расмий жыйынтыктары күтүлгөндөй эле болууда:

- Эми азыр таң калычтуу эч нерсе жок. Мунун баары башында эле белгилүү болчу. Биз мамлекеттик секторду азайтышыбыз керек экен. Балким анда 54% эмес, 44% болмок. Экинчи тур болсо шайлоонун лигитимдүүлүгү көбүрөөк болмок. Бирок баягыдай 76%, 68% менен уткан жок. Мурдагыларга караганда реалдуураак.

15-октябрдагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык Сооронбай Жээнбеков 54,74%, Өмүрбек Бабанов 33,7% добушка ээ болгон. 15-октябрдагы шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түздү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG