Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Сатыбалдиевге козголгон иш саясатташып кеттиби?


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 14-май, 2013.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 14-май, 2013.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ошто губернатор болуп турган кезде козголгон кылмыш иши кайрадан талкууга түштү.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы бул иш эчак эле жабылганын билдирди. Сатыбалдиев менен кошо айыпталган “Ош ресурсу” мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси Абдыразак Кожоев болсо бул кылмыш иши токтой электигин айтып чыкты. Башкы прокуратура болсо бул иштин чоо-жайы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. Өткөн айда Сатыбалдиев менен Кожоевдин 2007-жылда козголгон кылмыш иш тууралуу сүйлөшүүлөрү тымызын жазылган үн тасма интернетке жарыяланып кеткен эле.

Жети жылдан бери чубалган иш

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Оштун губернатору болуп 2006-2007-жылдары иштеген. 2007-жылдын этегинде “Ош ресурсу” мамлекеттик ишканасына байланыштуу “кызматынан пайдаланган” деген айып менен кылмыш иши козголгон. Аталган ишкананын ошол кездеги жетекчиси Абдыразак Кожоевге “салык жашыруу” беренеси боюнча айып тагылган. Кожоев Бишкекте 3-февралда маалымат жыйынын өткөрүп, бул кылмыш иши токтой электигин билдирди.

Ал интернетке чыгып кеткен Сатыбалдиев менен телефон сүйлөшүүлөрү анык экенин ырастады:

- Бардык эле адам жумуш боюнча башына иш түшсө жетекчисине чалат да. Мен деле ошол таризде Жантөрө Сатыбалдиевге чалгам. Ушундай үч айдан бери текшерүү болуп жатат, прокуратура иш козгоп атат деп айткам. Чынында бул кылмыш иш Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон экен. Мен болсо чиркешип калып, жети жылдан бери бул иш бүтпөй жатат. Жети жылдан бери мен үч балалуу болдум. Ошондон бери прокуратуранын, каржы полициясынын жетекчилиги алмашкан сайын ал жактарга жумушка баргандай эле барам. Бул киши саясатчы экен. Ошондуктан аны чукулайбыз дешеби, же кандай, айтор бул иш жабылбайт. Акыркы жолу барганда сенин өнөктөшүң саясатта турганда бул иш жабылбайт деп ачык эле айтышкан.

Кожоев тергөөнүн жүрүшүндө жашырылган делген эки миллион сом салыкты төлөп берген кошумчалады. Ошондой эле бул кылмыш иштин алкагында аны күнөөлүү кылып коюу аракеттерин байкаганын белгиледи.

Өткөн айдын ортосунда интернетте Жантөрө Сатыбалдиев менен Абдыразак Кожевге таандык делген сүйлөшүүлөр тымызын жаздырылып алынган үн тасма пайда болгон. Анда мурда козголгон кылмыш иштин алкагында айрым жагдайларды жаап-жашыруу тууралуу сөз болгон. Өкмөт башчы бул сүйлөшүүлөр болгонун жокко чыгарган эмес, ошол эле учурда айрым жерлери бурмаланганын билдирген.

Жантөрө Сатыбалдиевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов апрель ыңкылабынан кийин эле премьер-министрге козголгон кылмыш иш жабылганын айтууда:

- Бул кылмыш иш саясий өңүттө козголгон болчу. Бирок далилдүү фактылар табылбаганына байланыштуу 2010-жылы бийлик алмашканда жабылган. Булар эки жыл созуп, далил таба алган эмес.

Укуктук баа берилгенби?

Канткен менен өкмөт башчыга байланышкан бул иш кайрадан коомчулуктун талкуусуна түшүп, ар кыл пикирлерге жем таштады.

“Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлү Шайлообек Атазов азыркы бийлик тушунда коррупцияга каршы тандалма саясат жүрүп жатат деп эсептейт:

- Азыр укук коргоо органдары кичинекей ишканаларда 100-150 миң сомго кемчилик табылса басып жатып калбадыбы. Миллиондогон, миллиарддаган кемчиликтерди көргүсү келбей, көрсө да алы жетпей жүрөт. Ошондуктан укук коргоо органдары иликтеп, тактап чыксын. Мына ушундайлардан башташ керек.

Оштогу “Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков кандай болсо да козголгон кылмыш иштерге укуктук баа берилиши керек деп эсептейт:

- Эгерде кылмыш иш негизсиз, саясий өңүттө козголгон болсо кыскартылбаган күндө деле сот тарабынан акталууга тийиш. Экинчиден, соңку учурда биз кылмыш жоопкерчилиги жана кылмыш маселелерине тиешелүү жагдайларды саясатташтырып жиберип жатабыз. Укуктук маселелер мыйзам чегинде чечилип, күнөөлүлөр күнөөлүү деп табылып, күнөөсү октор акталууга тийиш. Азыр болсо ар бир ишке эле саясий боёк бергенге аракет жасап жатабыз.

“Ош ресурсу” мамлекеттик ишканасы Канттан Ошко цемент менен шыйпыр ташып турган. Андан сырткары ташыган курулуш материалдарынын 10 пайызын Ош облусунан башка аймактарга сатуу укугуна ээ болгон.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда облустук администрацияга караган бул ишкана муну менен өкмөт токтомун бузган, курулуш материалдарынын баасын бир кыйла ашырып сатканы айтылып, губернатор Жантөрө Сатыбалдиевге кызматынан пайдаланган деген айып тагылган. Мунун айынан өлкө казынасына 300 миң доллардай зыян келген, ошондой эле 2 миллион сом салык төлөнбөй калганы да айтылган.

XS
SM
MD
LG