Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

Сатыбалдиев интернетте тараган үн тасманын таржымалын айтты


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кечээ интернетке тараган үн тасманы мурдагы бийлик учурунда жаздырылганын билдирди. Бул тууралуу Сатыбалдиев бүгүн “Кыргыз Туусу” гезитинин окурмандарына жооп берип жатып ачыкка чыгарды. Анын айтымында, 2007-жылы Ош облусунда губернатор болуп турганда Кожоев аттуу адам менен чогуу иштешкен. Ал учурда Кожоевге жалган жалаа жабылып, кылмыш иш козголгон. Ошондо Кожоев менен бир нече жолу телефондон сүйлөшкөнүн өкмөт башчы жашырган жок.

Бирок Жантөрө Сатыбалдиев интернетке жарыяланган тасмада айрым жерлер атайын бурмаланганын кошумчалады.

Жантөрө Сатыбалдиевдин үнүнө окшош киши менен белгисиз бирөөнүн телефондогу сүйлөшүүсү кечээ интернетке тараган. Анда мурда жасалган мыйзам бузууларды жаап-жашыруу жөнүндө сөз болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG