Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:53

Абдрахманов: Реформага акча эмес, эрк керек


Кыргыз депутаттары Грузия президенти Михаил Саакашвилинин кабыл алуусунда. 2012-жылдын 7-февралы.
Кыргыз депутаттары Грузия президенти Михаил Саакашвилинин кабыл алуусунда. 2012-жылдын 7-февралы.

“Ата-Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов Грузиядагы реформаларды Кыргызстанга жайылтуу боюнча кеп салды.

“Азаттык”: Өткөн аптада кыргыз парламентинин өкүлдөрү Грузияга барып келдиңиздер. Адатта Грузия, реформа десе эле тартип коргоо органдары тууралуу сөз болот. Биз башка тармактарга кеңири токтолсок. Медицина, билим берүү тармактарында коррупцияны азайтуу, кызмат көрсөтүү, тейлөөнү жакшыртуу тууралуу айтып берсеңиз. Бул жаатта Грузиядагы реформалар Кыргызстанга өрнөк боло алабы?

Өмүрбек Абдрахманов: Биз Грузиядагы реформаларды өз көзүбүз менен көрөлү, ошондой реформаны Кыргызстанга да жасайлы деген максат менен 10 депутат жана 8 журналист болуп барып келдик. Бизди Грузиянын президенти Саакашвили өзү кабыл алып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болуп, сураган нерселерибиздин баарын көрсөтүштү.

Билим берүү тармагын ала турган болсок, бул тармак толугу менен реформаланыптыр. Реформа деген эмне? Реформа деген кыскача айтканда, советтик системадан кутулуу деген сөз экен. Советтик системадан кутулуп, батыштагы цивилизациялуу, жаңы системаны кабыл алып ошону менен иштеп жатышыптыр.

Мурун ал жакта жогорку окуу жайларга жалаң гана чоңдордун балдары кирчү дешет. Азыр бирдиктүү экзаменди киргизгенден кийин айылдагы таланттуу, жакшы окуган балдар бекер окуй баштаптыр. Андан сырткары мугалимдердин айлыгын эмгегине жараша төлөө киргизилиптир. Жалаң гана билим берүү тармагында эмес, бардык жерде коррупция деген балээден, оорудан кутулушуптур.

“Азаттык”: Грузияда дарылануу бекер бекен? Медицина тармагында урунттуу реформаларды айтып берсеңиз?

Өмүрбек Абдрахманов: Дарылануу ар кандай экен. Мамлекеттик бекер дарылануу да бар. Андан сырткары алтымыштан ашык жапжаңы, жогорку деңгээлдеги ооруканалар курулуптур. Биз ошондой ооруканалардын экөөнө бардык. Мамлекет тарабынан шарт түзүлүп жана камсыздандыруу аркылуу чогулган акчалардан жеке менчик компаниялар ооруканаларды куруп, эл дарыланып жатканын өз көзүбүз менен көрдүк.

“Азаттык”: Бул реформаларды Кыргызстанга жайылтуунун кандай жолдорун көрүп жатасыздар? Мына сиздер барып келдиңиздер, көргөн-билгендериңерди президентке, премьер-министрге айтасыңарбы? Кагаз жүзүндө программа сыяктуу иштеп чыгып сунуштайсыңарбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Грузияга ушундай реформага ынтызар, аны каалаган жаш депутаттарды алып бардык. Анткени адамдын каалоосу болбосо, эрки болбосо реформа болбойт. Мен жакында премьер-министр менен жолугам. Анда Грузиядагы реформаларды көрүп келген депутаттар менен сиз да жолугуп коюңуз, аларды угуңуз, керек болсо “Реформа үчүн” деген кеңеш түзүп, Кыргызстандагы реформалардын жүрүшүн ар жума сайын талдап, ким алдыга жылдырып атат, ким жасабай жатат деп аныктаңыз, деген демилгени көтөрүп чыгайын деп атам.

“Азаттык”: Реформаларды ишке ашырууда акча каражаты канчалык мааниге ээ? Айталы Грузияда реформанын артында саясий эрк, күчтүү команда турат, акча реформалар башталгандан кийин агылып келген деп атышат.

Өмүрбек Абдрахманов: Акча эң артындагы нерсе. Реформа болсо анан акча келет экен. Реформа болгон үчүн Грузиянын бюджети, ички дүң өнүмү 5 эседен ашуун көбөйүптүр. Бизде реформа десе эле акча бер дешет. Жакында эле бизге Грузиядагы реформаторлордун бири келип кетти. Ал “силер реформа десе эле асманды сүйлөйт экенсиңер, жөнөкөй нерседен баштагылачы, бюракратияны алып таштабайсыңарбы, майда-чүйдө убаралардын баарын алып таштабайсыңарбы, жок дегенде медициналык маалымдаманы алып таштагылачы. Мисалы медсправка үчүн адамдар дарыгерлерге 300 сомдон беришет экен. Коррупция деген ушу да”, деп айткан. Бирок биздин өкмөт ошону да алып салган жок. Ошон үчүн биз талапты катуу коёлу деп жатабыз.
XS
SM
MD
LG