Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Лидердин байлыгына байланган партия


Өткөн аптанын соңунда өткөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын курултайындагы бөлүнүп-жарылуулар көп талкууга жем таштады.

Башкаруучу партиядагы пикир келишпестиктер демократиянын кадимки көрүнүшүбү же саясий уюмдун ыдырай баштаганыбы? Кыргызстандагы саясий партияларда башка пикирлерди угууга шарт түзүлгөнбү же лидердин акчасына байланган диктатурасы үстөмдүк кылабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна “Бириккен элдик кошуун” уюмунун жетекчиси, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөсү Алга Кылычев жана Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, бул убакытка чейин бир нече партия өз лидерлерин президенттикке талапкер катары бир добуштан көрсөтсө, 15-июлда башкаруучу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын съездинин алдында, анын жүрүшүндө партия мүчөлөрүнүн ортосунда ача пикирлер көп болду. Муну сиз кандай баалап жатасыз? Бул демократиянын кадыресе көрүнүшбү же партиядагы саясий кризистин башталышыбы?

Бакыт Аманбаев: Биринчиден, сырттан байкаган адамга маанилүү, тагдыр чечүүчү маселелер боюнча партиянын ичинде бирдиктүү пикирдин, ынтымактын жоктугун көргөзүп койду.

Экинчиден, партиянын чечимдери совет заманындагыдай эң маанилүү суроолор партия башчысынын көрсөтмөсү менен гана чечиле турганынан кабар берүүдө.

Үчүнчүдөн, Кыргызстанда көп партиялык система өсүп жетиле электигин, калыптанып бүтө электигин айтып турат. Партиядагы ырктын жоктугу Чыныбай Акуновичтин партия төрага орун басарлыгынан капысынан түшүп калышы, саясий кеңештен чыгарылышы, кечээги партиянын курултайында Жогорку Кеңештин төрагасы катары да сөз берилбегендигинен көрүнүп турат.

Партиянын чечимин аткарбаса, колдобосо партиядан чыгарылат деп Фарид Ниязов коркутуп-үркүтүп жатат, бул дагы суроо туудурат. Партиянын айрым мүчөлөрү курултайга кирбей калганы да маселе болууда. Ушуга окшогон фактылар көп күмөндүү ойлорго жем таштоодо.

“Азаттык”: Алга мырза, жалпы партиядагы пикир келишпестиктердин болушу толук мүмкүн. Бирок КСДПнын саясий кеңешинде тил табышуу жок экендигинин негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз?

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Алга Кылычев: Биздин партия демократияны, сөз эркиндигин, адам укугун сыйлаган саясий уюм. Партиянын ар бир мүчөсүнө оюн айтканга толук жагдай түзүп берген партия деп ишенимдүү айта алам. Ринат мырза эмне деп айтканын өзү түшүнбөй калды. Себеби президенттикке талапкерди жеңил тандоо (праймериз) деген партиянын баштапкы уюмдарындагы жыйындарда болгон. Мисалы, мен Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда жашайм. Дагы башкалары болуп отуруп, республика боюнча баштапкы, райондук, шаардык конференцияларда баары Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдошкон.

“Азаттык”: Бакыт мырза, КСДПнын кечээги съездине делегат болуп шайланган жаштар канатынын төрагасы Ренат Самудинов кире албай калды. Жаш активист муну партиянын иштерин сындап жүргөнү үчүн алган жазасы, партияда башка пикирлерге орун берилбегени менен түшүндүрдү.

Бакыт Аманбаев: Партиянын курултайында сүйлөгөн сөзүндө Чыныбай Турсунбеков “көптөгөн адамдар курултайга келбей калды, келгендери киргизилбей калды” деп айтты. Бул көп суроо жаратат.

Экинчиден, өнүккөн өлкөлөрдө президенттикке партиянын ичинде мыктынын мыктысын, билимдүүнүн билимдүүсүн тандоо (праймериз) жүрөт. Ошондой тандоо болгон жерде партиянын бир дагы мүчөсү каршы боло албайт. Тилекке каршы, бул жолу КСДПда анчалык татыктуу эмес, бир гана партия жетекчисине жаккан гана адам болуп жатканы коомчулукка ачык көрүнүп жатпайбы.

“Азаттык”: Алга мырза, КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязов Жогорку Кеңештин Турсунбековдун айткандарын комментарийлеп жатып, партия бир гана талапкерди сүрөөнгө аларын, КСДПнын чечимдерин кимде ким аткарбаса, ага партияда орун жок экенин айтты. Муну партия лидеринин диктатурасы катары бааласак болобу?

Алга Кылычев: Жалпы угармандар билип коюшу керек жер-жерлердеги өткөн жыйындарда он миңдеген партия өкүлдөрү Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошкон. Элдин, партиялаштардын каалоо-тилектери, ойлору ушул съездде айтылат, чечим ошол жерде бекитилет. Эгер ошол чечимге кимде ким каршы болсо, ал элдин, партиянын тилегине каршы болду деп түшүнсөк болот. Талапкерге келгенде партия лидеринин ой-тилеги менен республика боюнча партиялаштардын пикири бир жерден чыгып калды.​

(Талкуунун толук бөлүгүн ушул жерден угасыз)

Лидерге гана байланган партиялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:49 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG