Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Кыргызстан ЖЭБ үчүн 493 млн. доллар төлөйт


Депутат: Жыйынга Атамбаев менен Жээнбековду да чакыргыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:53 0:00

Депутат: Жыйынга Атамбаев менен Жээнбековду да чакыргыла

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин Жылуулук электр борбору боюнча талкууга азыркы жана мурдагы президенттерди чакырып суроо керек деп айтты:

- Аткаруучулар камалып отурат. Жети бала камалды. Ал эми башкаруучулар биякта отурбайбы! Бир депутат Алмазбек Шаршеновичтин атын айтты. Сапар Жумакадырович Сооронбай Шариповичти дейт. Эркиңер жетеби, урматтуу комиссия, экс-президентти да, азыркы президентти, өкмөт башчыны (ал кезде биринчи вице болуп отурган) да чакыргыла! Бул жерде отуруп алып айлантып-айлантып элге шылдың болбой. Чакыргыла, Алмазбек Шаршенович келет, Сооронбай Шарипович келет. Жооп беришсин. Ошондо чындыкка жетесиңер. Мамлекеттик комиссия түзүш керек болчу.

Бишкектин Жылуулук электр борборун оңдоо үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион доллар насыя үстөк пайызы менен 493 миллион доллар болуп төлөнөт. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын айтымында, насыя 20 жыл аралыгында төлөнүп бүтүшү керек жана төлөөнүн эң көп көлөмү 2023-2024 жылдарга туура келет.

Ал эми финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков азыркы учурга чейин бул насыя боюнча 19 миллион доллар төлөнгөнүн билдирди.

Бул маселени көтөргөн “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Кытайдан алынган 386 миллион доллардын айланасында сөз кылуу туура эместигин айтып, андан көрө бул каражатты төлөөнүн жолдорун ойлонууну сунуштады.

Ошондой эле парламенттеги жыйында Кытай Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого бөлгөн акча Кыргызстанга келбегени айтылды.

Депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков:

- Келишимде “Эксимбанк” өзү эсеп ачат деп жазылган. Кыргызстандагы банктарда биздин Каржы министрлигине эсеп ачылган эмес, - деди.

Ошону менен катар ал мындай тажрыйба башка жерлерде деле бар экенин айтып, “мисалы, Дүйнөлүк банк деле каражатты түзмө-түз куруучунун же консультанттын эсебине которушу мүмкүн” деп кошумчалады.

Парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытов ЖЭБ чуусу боюнча жоопкерчиликти мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнө алышы керек деп эсептейт:

- Исаков премьерлик кызматка жай айларында келген эле. Ал кышка даярдык боюнча ноябрь айында отчет берген. Ошондуктан Исаков жоопкерчиликти башкаларга жүктөбөстөн, өзүнө алышы керек,-деди Мамытов.

Исаков жоопкерчиликтен эч качан качпаганын билдирди. Бишкек ЖЭБде кырсык болгондо элден кечирим сураганын, жоопкерчиликти өзүнө ала турганын дароо айтканын билдирди. Бирок кышка даярдык боюнча иштерди жакшылап иликтеп, ага чейин штабдын жетекчиси ким болгонун, кандай токтомдор чыкканын териштирүү керек экенин кошумчалады. Ошондой эле эл аралык аудит өткөрүү зарылдыгын билдирди.

Талант Мамытов Бишкек жылуулук борборундагы коррупциялык иштерге жол берген жетекчилерди жазага тартып, насыяны алардын эсебинен кайтарууну зарылдыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу катары кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG