Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Тарыхка таянган кыргыз-мажар алакасы


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанда расмий сапар менен келип кетти.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына, кийинки күнү өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жыйынына катышкан Виктор Орбан Кыргызстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Венгер премьер-министринин Кыргызстанга алгачкы сапарында туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Чолпон-Атада өткөн жолугушууда тарыхый тамыры окшош эки өлкө кызматташтыкты өнүктүрүүгө бел байлады. Бирок кыргыз-венгер алакасын бекемдөөнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги кандай?

Тарыхый тамыр издеген Орбан

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга үч күндүк алгачкы расмий сапары карыды. Сапардын акыркы күнү мажар премьери менен кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жолугушууларды өткөрүштү.

Орбан менен Жээнбековдун бир саатка жетпеген сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында президенттер кызматташтык боюнча билдирүүгө кол коюшту. Мындан башка туризм тармагында алаканы өнүктүрүү боюнча бир гана меморандумга кол коюлду.

Эшигин ачкан Европага эмне сатабыз?

Эшигин ачкан Европага эмне сатабыз?

Кыргызстан адам укугун сактоо менен гана Европа Биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул тууралуу Бишкекте жалпы жеңилдик системасын колдонуунун жол-жобосуна арналган талкууда айтылды.

Сүйлөшүүлөр негизинен эки элдин тектеш экени, маданияттардын окшоштугу боюнча сөздөр менен коштолду.

Бирок президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан бул өлкө менен экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин билдирди:

- Биз жакын арада соода-экономикалык өкмөт аралык комиссиянын ишин жандандырууну макулдаштык. Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында кредиттик линия ачуу боюнча сүйлөшүү болду. Ал жакын арада башталат жана кредиттик линия Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ачылат.

Виктор Орбан болсо эки улут ортосундагы тарыхый жакындыкка басым жасап, мамиленин өнүгүшүнө дал ушул тилдин жана маданияттын окшоштугу өбөлгө болот деп ишеним артты.

Премьер Орбан Европада мажарларды жалаң жат элдер курчап турганын айтып, түбү бир мамлекеттер алаканы өнүктүрүүнү кааларын билдирди:

- Венгрия Европадагы өлкөлөр сыяктуу эле өнүгүп жатат. Бизди жат элдер курчап турат жана биздин туугандарыбыз жок. Ошондуктан Венгрия өзүнүн географиялык, маданий жана рухий тамырларына кам көргүсү келет, - деди Орбан.

Виктор Орбан Жээнбековду Будапештке чакырды. Акыркы жолу экс-президент Роза Отунбаева 2011-жылы Венгриянын борбор калаасы Будапештке сапар менен барган.

Амреев: Венгрия кеңешке байкоочу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Кыргызстан менен Венгриянын дипломатиялык байланышы 1992-жылы башталган. Бирок өткөн 25 жылдан ашык убакыт аралыгында чеке жылытарлык алака түзүлгөн жок.

Расмий Бишкек менен Будапешттин мамилеси акыркы жылдары гана жанданып, көбүнчө гуманитардык багытта болуп келет. Буга чейин мажар бийлиги 25 кыргызстандык студентке акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берсе, быйылтан тарта анын саны 75ке көбөйтүлгөн. Венгрияга студенттерди жөнөтүү да жаңжал менен коштолуп, жалаң чоң кызматтагылардын уул-кыздары бул өлкөгө кетип жатканы боюнча маселе парламентке чейин жеткен.

Будапешттеги Борбордук Европа университетинин магистры Амангелди Жумабаев Венгриянын билим берүүдөгү потенциалын Кыргызстан колдонушу керек деген ойдо:

- Акыркы учурда Вышеград тобуна кирген өлкөлөрдүн Кыргызстанга кызыгуусу артып жатат. Вышеград өлкөлөрүнө Венгрия, Чехия, Польша жана Словакия кирет. Биз бул өлкөлөр, анын ичинде Венгрия менен билим берүү тармагында кызматташтыкты тереңдетишибиз керек. Алар да биздин студенттерге берген квотаны көбөйтүп жатат. Бул жакшы көрүнүш жана аны пайдаланышыбыз керек. Ал эми экономикалык жаатта учурда кызматташтык шыр жүрүп кетет деп айта албайм.

Жакын арада иши жанданат деген соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттүк комиссиянын башкы милдети Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода жүгүртүүнү жолго коюу болмокчу. Учурда Кыргызстанга Венгриядан 7 миллион долларлык товар импорттолот. Аны негизинен дары-дармек түзөт.

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдувахап Нурбаев Венгрия менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасаш керек деген пикирде:

- Венгрия Европанын ичинен бизге кызыгып, мамиле түзүүнү каалаган өлкөлөрдүн бири. Биз да аны Европага терезе катары колдонсок болот. Анын үстүнө Евробиримдик берген жеңилдиктердин ВСП+ системасына кирет. Негизинен бул жерде биздин ишкерлер менен алардын ишкерлеринин ортосундагы мамилени түзүп, колдонуш керек. Кыргызстандан эмне сата алабыз жана ал жактан эмнени алып келсек болорун анализдеп, ушул жаатта ишти алып баруу зарыл деп ойлойм.

"Ишке караганда сөз көп..."

Виктор Орбандын Кыргызстанга сапарында дагы бир жагдайга көңүл бурулду. Сооронбай Жээнбеков быйыл жазында Евробиримдик институттарына сапар менен барганы менен бул чөлкөмдүн өлкө жетекчилери учурдагы президенттин тушунда Кыргызстанга келе элек болчу. Орбан президент Жээнбековдун башкаруусу учурунда Кыргызстанга расмий сапар жасаган алгачкы европалык лидер болду.

Виктор Орбан Европа Биримдигинин ичинде акыркы кезде Орусияга ыктаган саясатчы катары да белгилүү. Советтер союзуна каршы ойлору менен 1990-жылдардын башында белгилүү болгон Виктор Орбан акыркы кезде Москва менен мамилени жакшыртуу зарылдыгын белгилеп келет. Европанын айрым өлкөлөрү Венгрия НАТО жана Евробиримдиктин мүчөсү экенине карабай демократиялык баалуулуктарды коргобойт деген сындап келет.

Ошондуктан Виктор Орбандын бул сапары жалпы Европанын Кыргызстанга позициясын билдирбейт деп жана алаканын келечегине ишенбегендер да бар.

Алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Мен кыргыз-венгр мамилесин эки багытта караар элем. Биринчиси - албетте түрк тамырындагы өлкө катары жакын улут, жакын мамлекет болуп саналат. Ал эми реалдуу кызматташтык жок. Канча жылдан бери бул багытта мамиле түзөбүз деп аракет кылганыбыз менен ал ишке аша элек. Көрүнүктүү бир долбоор же иш болгон жок. Андай болгон соң мындан ары деле Венгрия менен маанилүү же келечектүү мамилебиз болоруна ишенбейм.

Ошол эле кезде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы бир тилдик топтогу тарыхый жакындыктан башка байланыштырган бир жагдай бар. Ал совет доорунда Кыргызстанга келип, өнөр жайды түптөөгө катышкан Интергельпо кооперативинин негиздөөчүлөрдүн арасында мажарлар болгон жана бул элдин айрым өкүлдөрү кыргыз тарыхын, маданиятын иликтеген.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга 2-сентябрда келген. Ал Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин VI cаммитине байкоочу катары катышты.

Бул Венгриянын өкмөт башчысынын Кыргызстан эгемендик жылдарындагы алгачкы расмий сапары.

Чолпон-Ата: президенттер саммитке даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG