Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Жаңы өзгөрүүлөр, эски жүздөр


"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу өкмөттүн жаңы курамындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу болду. Талкуу административдик ведомстволор боюнча сунушталып жаткан өзгөрүүлөргө арналды.

Талкууга Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев катышат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Буга чейин парламенттин макулдугу менен 20 министрликтин ордуна 15 министрлик, бир комитет түзүлгөн болчу. Азыр эми 6-7 агенттик, 9 кызмат, 3 фонд, 2 мамлекеттик мекеме түзүлүп жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда. Мындай сунушту өкмөт түзүмүн оптималдаштыруу максаты менен байланыштырышууда. Ушул оптималдаштыруу, жөнөкөй тил менен айтканда батыл кыскартуулар кайсы критерийлердин негизинде жасалып жатат?

Темир Сариев: Коомчулук мобилдүү, кыска, өзүн-өзүн актаган, профессионалдык негизде иштеген өкмөттү талап кылууда. Муну биз сунуштадык. Өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш бекиткен. Ал эми өкмөттүн астындагы ведомстволорду өкмөт өзү иштеп чыгып бекитет.

Ошонун негизинде өкмөттүн астында жалпысынан 23 мекеме болот дедик. Анын беши агенттик, 9у кызматтар болот, андан башка инспекция, комиссия жана 4 фонд бар.

Бул жерде эң негизги принцип, биринчиден, мамлекеттик аппараттын бирин-бири кайталап турган органдарын жоюп, кыскартуу. Экинчиси, бюджеттик каржылыкты кыскартуу. Анткени каржы аябай чоң болуп кеткен. Жалпы бюджеттин 24 пайыздан ашыгы мамлекеттик кызматтагы чиновниктерди кармоого кетип атат.

Үчүнчүдөн, текшерүү, контролдук функциялары бар мекемелердин санын, алардын өздөрүн да кыскартуу болгон. Төртүнчүдөн, мамлекетке тиешеси жок ашыкча кызматтарды өзүнө албоо, аларды өзүн-өзү тескеп туруучу коомдук уюмдарга, же бизнес уюмдарына өткөрүп берүү. Ушулардын баарын камтыган идеологиясы бар саясат сунушталды.

Жалпы аткаруу бийлигинен 3 миңден ашык кызматтар кыскарат. Бул жалпы санынын 20 пайызын түзөт. Ошону менен бир жылда 1 млрд. 200 млн. сомго чейин кыскартуу болот. Экинчи жагынан унааларды да кыскарттык. Министрликте бирден гана машина болот.

"Азаттык": Айылчы мырза, бүгүнкү өзгөрүүлөргө, жаңы түзүмгө кандай карайсыз? Бул канчалык деңгээлде бүгүнкү реалдуу турмушка, башкарууга дал келет?

Айылчы Сарыбаев: Тилекке каршы 20 жылдан бери мындай кыялдар, тилектер, максаттар көп эле коюлуп келип, 20-30 пайыз деген сөз көп эле айтылып, бирок баары токтоп калчу. Эми ошол этаптын баарынан өткөндөн кийин албетте бир деңгээлде иш жүрөт деген ишеним бар.

Тилекке каршы бул бир этап, анан 2-3 этап дей берсек, келээрки 20 жылда да толугу менен мамлекетибизде башкаруу системасын өзгөртпөйбүз. Себеби бир жылда бирден кыла берсек бир-бирден болуп отуруп жетсек жетебиз, жетпесек жок. Бул жерде мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, анын негизинде керексиз структураларды жоюу, керектүүлөрүн калтыруу маселеси жөн эле механикасы.

Сыртынан караганда коюлуп аткан министрликтин аттары, ошол министрликтин ичинде иштей турган адамдар кимдер болот? Баягылар эле калып, жарабагандары чыгып калабы? Кызматтарды калтыруу, калтырбоо, мыйзамдардын ар кандай критерийлерин иштеп чыгып атабыз дейт. Кыргызстанда мыйзам, кагаз, критерий, каалоолор көп, бирок бүгүнкү күнгө чейин реалдуу иш жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG