Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Ысык-Көл фонду: жоголгон акчага ким жоопкер?


Ысык-Көл
Ысык-Көл

"Агропромсоцкурулуш" бирикмеси бийликти Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондундагы коррупциялык көрүнүштөргө көңүл бөлүүгө чакырды.

Анда Кумтөр алтын кенинен жылына түшкөн 500 миллион сом мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, жең ичинен "жем болуп" жатканы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда каражат бекитилген багытка жумшалбай, облус аймагындагы бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык курулуштар токтоп калганын билдирген жарандар сын айткандар куугунтукталып жатканына даттанышты.

Мыйзамсыз которулган миллиондор, үн катпаган жетекчи

Кайрылууда Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна түшкөн 500 миллион сом максатсыз колдонулуп, майда-барат иштерге багытталып, орто жолдон сол чөнтөктөргө солонуп кетип жатканы сөз болгон.

Фонддун каражатын мыйзамсыз пайдалануу жана андагы акчанын жетишпестиги боюнча козголгон кылмыш иштеринин баарына чекит коюлбай жатканы белгиленген.

Фонддун төрагасынын мурдагы орун басары Бактыгүл Эмилбекова "Шияр курулуш" деген компанияга 7 миллион сом мыйзамсыз которулган фактыны менен кошо кызматынан айдалган жагдай тууралуу айтып берди:

- Мен өз учурунда мыйзамсыз акча которулуп жатканы тууралуу айтсам да облус жетекчилиги ага чара көргөн жок. Мыйзамсыз акча каражаты дагы эле которулуп жатты. Анан мен ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго арыз жаздым. Ал киши Башкы прокуратурадан текшерүү жиберди. Келген текшерүү тобу башында 9 миллион сом мыйзамсыз акча которулган фактыны аныктап чыкты. Анан кылмыш иши козголуп, ишти тергөө Каржы полициясына өткөрүлүп берилди. Тергөө жети айга чукул созулуп, фонддун жетекчисинин орун басарларынын бири Элебесов деген адам, анан башкы эсепчи Сапар уулу Атай гана бул иш боюнча кармалып, аларга кылмыш иши козголуп, абакка киргизилди. Ошол акчаны котортууга көрсөтмө берген Рустам Садыралиевдин жоопкерчилиги каралбай калды.

Кумтөр кенинин түнкү көрүнүшү. 2013-жыл.
Кумтөр кенинин түнкү көрүнүшү. 2013-жыл.

Бул иш боюнча башында Өнүктүрүү фондунун мурдагы төрагасы Рустам Садыралиевге, аны орун басары Руслан Элебесовго, башкы эсепчи Сапар уулу Атайга жана "Шияр курулуш" ишканасынын кожоюну Марс Дүйшөбаевге кылмыш иши козголгон. Бирок фонддун төрагасы менен курулуш ишканасынын башчысы кийин камактан бошотулган. Аларга келишимде спорт зал курууга каралган акчадан тышкары 7 миллион сом мыйзамсыз которулганы боюнча айып коюлган болчу.

Учурда абакта отурган мурдагы эсепчи Сапар уулу Атайдын эжеси Тамара Асаналиева аягында барып, айыптын баары инисине жүктөлүп жатканын айтып берди:

- Биздин инибиз башкы эсепчи болуп туруп, анын жетекчиси "акчаны бул жакка котор" десе, ошону аткарып которуп турган. Анын болгон күнөөсү - ошол буйрукту аткарганы. Ал ошол акчаны өзүнө которуп же уурдап алган жери жок. Ал эч убакта жетекчинин көрсөтмөсү болбосо өзүм билемдик менен акчаны башка бирөөгө которбойт болчу. Анын башы экөө эмес да? Башында Садыралиевге да кылмыш иши козголуп, бирок анын байланыштары күчтүү экен. Ал жоопкерчиликтен бошотулуп жатат.

Курулушчулардын таң калуусу

Анткен менен фонддун каражатын куруучу компаниянын эсебине мыйзамсыз которууга буйрук берген жетекчилик сыртта калып, буйрукту аткаргандар гана камакта калып жаткан жагдайга айрым жергиликтүү курулушчулар да бушайман. Ушуга байланыштуу курулушчулардын "Агропромсоцкурулуш" бирикмеси бул маселеге көңүл бөлүүнү суранып, президентке жана парламентке кайрылуу жиберди.

Курулушчулар бирикмесинин төрагасы Абдирайим Касымов чыныгы күнөөкөрлөр жоопкерчиликтен четте калып жатканын айтты:

- Бул жерде кызыктай бир жагдай орун алды. Жетекчилик ал каражатты которгонго буйрук берип коюп, аягында өзү жоопкерчиликтен четте калды. Аны алган курулуш ишканасынын кожоюну да бошоп кетти. Буйрукту аткаргандар азыр камакта отурушат. Карапайым эки адам түрмөгө түштү. Ишти жасагандар азыр кенен жүрүшөт. Эми ушул акыйкаттыкпы?

Каржы полициясынын маалыматы боюнча, өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен курулуш ишканасы келишип алып, жалпысынан 12,5 миллион сомду кымырып алган фактынын бети ачылган. Анткени буга чейин "Шияр курулуш" ишканасына Тогуз-Булак айылындагы спорт залдын курулушуна 15 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп, бирок текшере келгенде 9 миллион сомдук гана жумуш аткарылганы аныкталган. Буга кошумча ага 7 миллион сом сметадан ашыкча акча которулган.

Кайтарма жооп

Бирок Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы төрагасы Рустам Садыралиев ага доомат койгон тараптын өзүн айыптап, тергөө материалдарына карабастан ал кыңыр иштер ага чейинки жетекчилердин учурунда болгонун айтты:

- Эми бул иштин аткаруучусу гана катары чыга калышканы туура эмес. Анын авторлору да өздөрү болгон. Бул ишти мен ал кызматка барганга чейин эле жасап жүрүшкөн экен. Алардын калп айтып жатканын жакында сот далилдеп берет. Мага курулай доомат коюп жаткандар жооп беришет. Акчаны ошол эсепчи мага чейин эле которуп жүргөн. Мага тергөө тарабынан "Шалаакылык" беренеси боюнча "ишти көзөмөлдөгөн эмес" деген гана айып коюлуп жатат. Бул ишке менин башка эч кандай тиешем жок.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун айланасындагы бул иштер боюнча облустун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Жакында фонддогу кыңыр иштер боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, соттук териштирүү баштала турганы белгилүү болду. "Кумтөр" алтын кен долбоорун иштеткен "Центерра" компаниясы 2009-жылдагы макулдашууга ылайык жылдык тапкан кирешесинин 2 пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG