Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

КСДПда талаш кызыды


КСДПнын жыйыны.
КСДПнын жыйыны.

Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу боюнча КСДПнын саясий кеңешинин чечимин аткарууга чакырган кайрылуу ар бир фракция мүчөсүнө жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Муну партиянын катчылыгы жана айрым фракция мүчөлөрү да ырастады. Бирок бул маселе кезектеги фракциялык жыйындын күн тартибине киргизиле элек.

КСДПнын расмий өкүлү фракция Өмүркуловдун жоопкерчилигин кароо боюнча саясий кеңештин чечимин кароого милдеттүү экенин билдирди. Ал эми парламенттеги айрым фракция мүчөлөрү партиянын саясий кеңешинин аталган чечиминин легитимдүүлүгү каралышы керек деп эсептешет.

Кайрылууну кароодон карайлаган жагдай...

Саясат талдоочулардын баамында, азыр депутат Иса Өмүркуловду партия мүчөлүгүнөн чыгарып, фракция лидерлигинен алуу маселеси социал-демократтар партиясында "саясий температураны" көтөрүп, башкаруучу партияны ажырымга жеткирген учур.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев партиянын саясий кеңешинин Иса Өмүркуловдун жоопкерчилигин кароо боюнча чечими түшкөнүн ырастап, азыркы учурда фракция мүчөлөрү туңгуюк абалда турганын айтты:

- Партиянын саясий кеңешинин кайрылуусу бизге келип түштү. Бирок биздин фракция бул маселени кароого чогула элек. Биз чогулсак, анан бул маселе талкууга алынат. Бул жерде "Иса Өмүркуловду ким фракциянын лидери кылды" деген суроо туулат. Алмазбек Атамбаев аны партиялык тизмеге киргизгени белгилүү. Бирок юридикалык жактан алып караганда, аны лидерликтен алуу маселесинде партия кризиске кептелчүдөй болуп турат. Анткени азыркы кезде партия менен фракция бир бөлөк, эки башка нерсе болуп жатат.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, фракция лидерин алмаштыруу жана мүчөлүктөн чыгаруу боюнча партиянын саясий кеңешинин чечимин кароо боюнча кайрылуу парламенттеги фракциянын ар бир мүчөсүнө дүйшөмбү күнү жиберилген.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы 38 мүчөдөн турат. Атамбаевдин бийлигинин тушунда анын бир мүчөсү депутат Жанар Акаев фракция мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Жакында саясий кеңеш депутат Кожобек Рыспаевди да мүчөлүктөн чыгаруу чечимин кабыл алып, бирок фракция аны четке каккан.

Абийирге чакыруу аргасы

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул ирет дагы мына ошондой көрүнүш кайталанышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Партиянын фракциясынын мүчөлөрү партиянын саясий кеңешинин чечимин кабыл алууга милдеттүү. Бирок Иса Өмүркулов ар кандай саясий оюндардын негизинде партиянын саясий кеңешинин чечимин аткартпай, Кожобек Рыспаевди фракция мүчөлүгүнөн чыгартпай, алып калбадыбы. Азыр дагы оюн болуп, саясий кеңештин Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу чечими аткарылбаса, анда аны биз партиянын атынан депутат болгон фракция мүчөлөрүнүн абийирине койдук.

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин чечими качан фракциялык жыйындын күн тартибине коюлушу азырынча белгисиз.

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков бул маселе фракциянын күн тартибине кирсе, анда алдыда татаал саясий чечим кабыл алуу милдети турганын айтты:

- Азыр эми майрамдарга байланыштуу дем алыш болуп жатпайбы. Бул маселе фракциянын күн тартибине киреби же кирбейби, эмдиги жумада белгилүү болот. Менимче бул маселени кароо аябагандай татаал болот го. Анткени азыр партиянын ичиндеги кырдаал мына ушундай болуп калды. Партиянын саясий кеңешинин чечими фракциянын көз карашына дал келбей калышы ыктымал. Негизи партиянын саясий кеңеши фракциядан жогору тургандыктан, анын чечимдери аткарылышы керек.

Партиянын күмөндүү чечими

Анткен менен бир эле учурда КСДПнын саясий кеңешинин жана партиянын парламенттеги фракциясынын да мүчөсү, депутат Искендер Матраимов саясий кеңештин болуп өттү делген жыйыны боюнча маселе бар экенин билдирди. Анын айтымында, аталган жыйынга саясий кеңештин бир топ мүчөлөрү чакырылган эмес.

Искендер Матримов.
Искендер Матримов.

Ошондуктан депутат Искендер Матраимов фракция лидерин алмаштыруу боюнча партиянын саясий кеңешинин чечими шек жаратарын айтты:

- Биринчи кезекте Иса Шейшенкуловичти партиядан чыгарып, аны фракция лидерлигинен алууну караган саясий кеңештин чечиминин легитимдүүлүгүн караш керек. Ошол жыйында кворум болдубу? Укуктук жактан алганда, "анын чечими канчалык легитимдүү болду" деген маселе турат. Саясий кеңештин мүчөлөрү бир добуштан мына ошондой чечим кабыл алды деген маалымат чыкты. Бирок, кимдер добуш берди? Жооп жок. Анткени мен да ошол саясий кеңештин мүчөсүмүн. Ушундай чечим депутат Кожобек Рыспаев боюнча дагы чыкканда биздин фракция ага каршы туруп, саясий кеңештин чечимин кабыл алган эмес.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин өткөндө 31-октябрда болуп өткөн жыйынына анын 19 мүчөсү келип катышканы айтылган менен алар кимдер экени аныкталып, аты-жөнү ачык жарыяланган эмес. Партиянын расмий сайтындагы маалымат боюнча саясий кеңештин 34 мүчөсүнүн он бири парламентте, бешөө коррупцияга шектелип абакта отурса, үчөө партиянын жетекчилигинде болсо, калган он беш мүчөсү мамлекеттик, дипломатиялык кызматтарда, конституциялык палатада жана ишкердикте жүрөт.

Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекова саясий кеңештин аталган чечими менен тааныш эмес экенин айтты:

- Мен саясий кеңштин мүчөсүмүн. Бирок саясий кеңештин ошол жыйынына катышкан эмесмин. Анда мен жок болчумун. Саясий кеңештин чечимин колума алып, көрө элекмин. Азыр Ат-Башыда шайлоочулар менен жолугушуп жүрөм.

Мына ошондо КСДП партиясынын саясий кеңешинин кайсы мүчөлөрү анын жыйынына барып катышканы жана канчасы ишеним кат аркылуу добуш бергени жабык бойдон калды.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева чечим кабыл алууга кворум жетиштүү болгонун, күмөн санаган тарап сотко берүүгө акылуу экенин айтуу менен чектелди:

- Саясий кеңештин жыйынында жетиштүү кворум чогулду. Саясий кеңештин 19 мүчөсү чечимди колдоп добуш берген. Эгерде Иса Шейшенкуловичтин саясий кеңештин жыйыны же чечимдин кабыл алынышы боюнча күмөнү бар болсо, анда ал сотко кайрылууга акысы бар.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин курамы 2016-жылы 31-июлда анын кезектеги съездинде бекитилген. Бул партия 1993-жылы негизделип, 2010-жылдан бери Кыргызстандагы башкаруучу партия катары таанымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG