Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Кодиров: Жээнбеков туура жолду тандады


Абдумалик Кодиров.
Абдумалик Кодиров.

Кыргызстандагы соңку саясий окуялар, коррупцияга каршы күрөш, мурдагы жогорку даражалуу чиновниктердин камалышы тууралуу коңшу өлкөлөрдөгү байкоочулар эмне дешет? Тажикстандык саясат талдоочу Абдумалик Кодиров “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Абдумалик мырза, Кыргызстанда акыркы эки ай ичинде коррупцияга шектелип, мурдагы эки премьер-министр, бир министр, эки мэр камакка алынды. Сыртка качып кетүүгө үлгүргөндөр да болду. Тыштан байкоочу катары бул окуяларды кандай баалап жатасыз?

Кодиров: Биз аймактык прессадан окуп жаткандарыбызды, Кыргызстандагы кесиптештерибиз социалдык тармактарга чыгарган маалыматтарды эске алсак, чынын айтсам мен коңшу өлкөнүн жараны катары силерде жүрүп жаткан коррупцияга каршы өнөктүккө кубанычтамын деп айтсам аша чаппайм.

Сооронбай Жээнбеков жарандык коом менен жолугушуудан кийин, 19-июль, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жарандык коом менен жолугушуудан кийин, 19-июль, 2018-жыл.

Мындагы эң башкы нерсе, менимче, силерде коррупцияга каршы өнөктүк жасалма эмес, реалдуу жүрүп жаткандай көрүнөт. Менимче, азыркы президент бул маселеге олуттуу киришкендей. Анын тушунда бул нерсени турмушка ашыруу мүмкүндүгүнүн башкы себеби – Жээнбековдун кайсы бир бизнес структуралар, өз кызыкчылыгын сүрөгөн кайсы бир кызыкчылыктар тобу менен байланышы жок. Башкача айтканда колу-жону бош. Андыктан Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн ал коррупцияга каршы аёосуз күрөштү жүргүзө алат деп ойлойм.

Кыргызстандын азыркы президентинде, менимче, коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тандаган жолдо кетүү мүмкүнчүлүгү бардай. Ал дагы узак жылдар бою мурдагы президент Ислам Каримовдун командасында жүргөнү менен, анын жолу туура эместигин сезгенин, билгенин көргөзүп жатпайбы.

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

​Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аёосуз жүрөөрүн эскертти.

“Азаттык”: Президент Сооронбай Жээнбековдун сегиз айлык ишмердигине азыр коомдук колдоо дагы бардай. Албетте социологиялык көрсөткүч менен айта албайбыз, себеби андай иликтөө жүрө элек. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ага жан тарткандарды эске албаганда, Жээнбековго жана анын командасына саясий күчтөрдөн азырынча сын деле жок. Ушул коомдук колдоону жоготпош үчүн кыргыз президенти эмнелерди эске алышы керек?

Кодиров: Жаңы президент коррупцияга каршы күрөштү жогорку тепкичтеги чиновниктерден баштаганы жакшы. Бирок эң башкысы - бул иштин арты оюнчуларды гана алмаштырууга айланып кетпеши керек. Башкача айтканда кайра эле коррупциялык схемалар менен алектенип, элди, бюджетти уурдай турган өз кишилерин коюш үчүн мурдагы президенттин адамдарын четтетип жаткандай болбош керек.

Эң башкысы - президентте коррупцияга каршы күрөштү аягына чындап чыгаруу үчүн ак ниети бар. Анткени жогорку тепкичтеги аткаминерлер соттоло баштаганда, орто жана төмөнкү звенодогу чиновниктер бюджеттик каражатты уурдап же пара алаардан мурда эки-үч жолу ойлонушса керек. Бирок чыныгы коррупцияга каршы күрөш өтө татаал жол. Көп аракетти, ырааттуу жана узак ишти талап кылат.

Жарандык коомдун окулдөрү менен жолугушуу, 19-июль, 2018-жыл.
Жарандык коомдун окулдөрү менен жолугушуу, 19-июль, 2018-жыл.

Президент бул иште жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына таянышы керек. Бактыга жараша Кыргызстанда көз карандысыз медиа бар. Алар президенттин өзүн, анын оппоненттерин, коррупционерлерди сындоого жөндөмдүү. Андыктан президент медиа менен кызматташуудан качпай ачык болуп, жарандык коомду душман катары көрбөшү керек. Президент өзүнүн алдына койгон максаттарга жетүүдө журналисттер жана жарандык активисттер кол кабыш кыла алат.

Жарандык коом, жарандык активисттер менен иштешүү, биринчиден, анын элден колдоо алышын шарттайт. Экинчиден, баштаган ишин аягына чыгарууга жардам берет.

“Азаттык”: Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыкка келгенден бери биринчи жолу 19-июлда жарандык активисттер менен жолукту. Төрт саатка созулган пикир алышуудан ал жыйынга катышкандардын дээрлик баары жайдары чыгышты.

Кодиров: Ал алдыңкы маалымат агенттигине каршы мурда берген доо арызын чакыртып алганы, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп жатканы кырдаалды түшүнүп турганынан, ниети чындап эле ак жана түз экенинен, туура жолду тандаганынан кабар берет. Бирок эми алдыда анын максаттарын ишке ашырат делген кадрларды тандоодо өтө этият, сак болушу абзел.

Эгер ал Борбор Азиянын көпчүлүк президенттериндей туугандык-кландык мамилеге таянса, Кыргызстанды өнүктүрбөй эле эски жолго түшкөн болот. Коңшу өлкөдөгү саясат таануучу катары Жээнбеков Кыргызстандын президенттигине келгенден бери туугандарына кызмат берип жатканын байкай элекмин. Бул жагы бизге абдан жагып, атүгүл бизди суктандырып жатат.

“Азаттык”: Коррупцияга каршы өнөктүктө президент Сооронбай Жээнбеков үчүн кандай тобокелчиликтер бар?

Кодиров: Коррупция ачык-айкындуулук жок жерде башталат да. Андыктан бардык чөйрөдө ачык-айкындуулукту орнотпой, ага жетишпей туруп, коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес. Тобокелчиликтер да мына ушул жерде жатат.

Менимче, Кыргызстанда деле Жээнбековго коррупцияланган чиновниктердин чоң институту тымызын каршылык көргөзсө керек. Анткени алардын жашоо артыкчылыктарынын, жакшы үйлөрү менен машиналарынын, дачаларынын ачкычы бюджетте, коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдө жатат. Мындан улам ошол чиновниктер ачык-айкындуулуктун орношуна болушунча каршылык жасашат, электрондук өкмөттүн түзүлүшүн создуктурушат, тендерлерди көз боёмочулук менен өткөрүүгө аракеттенишет, жаңы схемаларды иштеп чыгышат.

Бирок эгер президент жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташса, ошондой эле оппозициялык партиялардан чыга турган сынга кулак салса, бир нерсеге жетише алат. Президент оппозициячыл ишмерлерден душманды көрбөшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG