Айрым депутаттар мурунку спикер, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Келдибековду үй камагына чыгаруу боюнча Жогорку Сотко өтүнүч жолдоо тууралуу чечимди мыйзамсыз деп атоодо. Башкы прокуратура Келдибеков боюнча ишти тергеп бүтүп 24-июнда сотко жөнөткөн болчу.
Жогорку Кеңеш Акматбек Келдибеков боюнча чечимди 25-июнда, сессия дээрлик аягына чыгып калганда кабыл алды. Мындан улам айрым депутаттар токтомдун долбоору добуш берүүгө чукул коюлганын, айрымдары түшүнбөй эле колдоп жибергенин айтып чыгышты. Алардын арасында Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да бар:
- Биз билген комитеттин токтомунда Келдибеков боюнча өтүнүчтү дароо эле тиешелүү жакка жиберүү гана бар болчу. Парламентте чечим кабыл алуу деген жок эле. Анан эле токтомдун долбоору эл түшүнбөй, сурагыча болбой эле добуш берүүдөн өтүп кетти. Бул жерде будамайлоо болуп калды. Башынан келаткан будамайлоо бул жолу да роль ойноп кетти. Биздин фракциянын чечими башынан эле белгилүү. Тилекке каршы түшүнбөй калгандыктан айрым депутаттарыбыз токтомго добуш берип коюптур. Кайсы гана саясатчы, депутат болбосун, сот процессине кийлигишпейбиз деген чечимибиз бар болчу. Биз депутаттарыбыздан бул чечимди эмне буздуңар деп сураганыбызда түшүнбөй калдык дешти. Чынында алар эмес, мен деле түшүнбөй калдым.
Токтом кабыл алынган күндүн эртеси, 26-июнда парламенттин жыйында документти кайра добушка коюу, ал боюнча депутаттардын аракетине укуктук баа берүү тууралуу Башкы прокуратурага кайрылуу демилгелери көтөрүлдү. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев чечимди мыйзамсыз деп атады:
- Биздин фракциянын көп мүчөлөрү бул токтомго добуш берген жок. Анткени “Ата Мекендин” депутаттары депутаттар сотко, укук коргоо органдарына өтүнүч менен кайрылбасын деген, буга тыюу салган мыйзам кабыл алганбыз. Ал мыйзам күчүнө кирди. Биз ырааттуу болуп, ошол кадамыбызды андан ары улантышыбыз керек. Жогорку Кеңештин Келдибеков тууралуу токтому эч кандай күчкө ээ эмес, сот дагы, прокуратура дагы ал чечимди эске албашы керек. Анткени ал мыйзамга каршы келет.
Антсе да бул токтомду колдоп, добуш бергендер мындай дооматты четке кагууда. "Республика" фракциясынын төрагасы Назарали Арипов Келдибековдун иши боюнча парламент сотко басым кылып жатат деген сөздү негизсиз деп атады:
- Биз сунуш катары гана сотко кайрылдык. Ушул ишти тезирээк карап, укуктук жагын тезирээк чечип бергиле деп айттык. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Келдибековдун тергөө абагында отурганына алты ай болуп калды. Ушундан улам эртерээк чечим чыгарып берсин деп атабыз. Анын колдоочуларынын да талабы ушул болууда. Акпы, же карабы деп тезирээк аныктап берсин. Күнөөсү далилденсе камасын, күнөөсү жок болсо бошотсун.
“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев токтом Келдибековдун саламаттыгы боюнча соттук-медициналык экспертизанын тыянагын эске алып, кабыл алынганын белгиледи:
- Экспертизанын корутундусунда Келдибековду камакта кармоого, тергөө амалдарын жүргүзүүгө уруксат эмес деп жазылып турат. Кечээки чечим анын ден соолугуна байланыштуу кабыл алынды. Сөзсүз эле ал жерден аны майып кылып алып чыгуу керекпи? Үй камагында туруп деле сот процесстерине катыша берсе болот да.
“Атамекенчи” депутат Жоомарт Сапарбаевдин пикиринде, бул маселенин саясий өңүтү бар:
- Эми муну саясий жүрүш, депутаттардын саясий кадамы катары кабыл алса болот. Кесиптештеримдин ишине баа бергенден алысмын. Канча добуш менен өткөнүн да билген жокмун. Жогорку Кеңештин чечими сотко кысым катары, же үлгү катары каралбашы керек. Сот көз карандысыз орган катары өзү чечим кабыл алышы керек.
Акматбек Келдибеков Социалдык фондду, Салык кызматын жана Жогорку Кеңешти башкарып турганда коррупцияга жол берген деген айып менен былтыр ноябрь айында камакка алынган. Анын иши тергелип бүтүп, 24-июнда сотко өттү. Процесс качан башталаары азырынча белгисиз. Алайда Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен Ош – Эркеч-Там жолун 27-майдан 20-июнга чейин бууп турду. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кан жол ачылды, бирок нааразылык акция дагы деле уланып жатат.