Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Акунов: Өкмөт кетип калганы оң


Өкмөт менен фракциялардын кармашы, парламенттеги коалициянын кийинки тагдыры тууралуу саясат таануучу Аалыбек Акунов ой бөлүштү.

- Өкмөт менен парламенттеги бир нече фракция тирешип турган чак. Сиздин оюңузча, жагдай кандай чечилчүдөй?

- Бул жерде таразанын эки жагында бирдей салмактагы нерселер турган жок. Бул өкмөттү парламент түзгөн. Бул өкмөттүн ишмердигине жооптуу боло турган да – парламент. Маселени чече турган да – парламент. Биз жаңы Конституцияны кабыл алуу менен саясий системаны өзгөртүп, парламенттик системада иштеп жатабыз. Мындай окуялар парламенттик республикаларда боло бере турган окуялар. Эч кандай таң калуунун кереги жок. Мындан чоң бир жыйынтыктарды чыгаруунун да кереги жок.

Мурда Акаевдин, Бакиевдин учурунда өкмөт менен президент ымалалашып, өз кишилерин коюп алып иштегенде эмне болду? Мына революцияга алып келбедиби. Парламент ушунтип өкмөттү көзөмөлдөп, бирин-бири кармап турса, анда алар тазаланат, эл тынч болот. Азыр эл ушуну угуп алып туруп, абдан ыраазы болуп жатат. Эл өкмөт эмнени ичип, жеп жатканын кантип көзөмөлдөй алат эле? Мына өздөрү бири-бирин карап туруу үчүн парламенттик система киргизилген.

- Азыртадан эле өкмөт кетсе, парламенттеги коалициянын тагдыры эмне болот деген суроолор жарала баштады. Өкмөт кетсе, «Республика» фракциясынын кадамы кандай болот? Анда коалиция чачырайбы?

- Албетте, ошондой болот. Өкмөт кетип калганы эле оң. 1995-жылы Акаев шайлоону бурмалабаганда, балким анын тагдыры мындай болмок эмес. 2000-жылы Конституциялык соттун чечими менен үчүнчү мөөнөткө барбаганда, балким тагдыры мындай болмок эмес.

Бакиев деле 2006-жылы ноябрда «Кетсин!» дегенде эле кетип калганда, балким тагдыры башкача болмок. Биз качанкыга чейин эле күтүп отурабыз. Таптакыр ичип, жеп, Кыргызстанды сатып жибергенге чейин алып барганда гана митингге чыгып, маселени чечиш керекпи?

Батыш өлкөлөрүндөгү парламенттик республикаларды карап көрөлү. Германияда төмөнкү пайыз менен ипотекалык кредит алды деп айтты эле, президент кетип эле калбадыбы.

- Бирок жыл айланбай эле өкмөттү кетирип, жаңы өкмөттү курай берүү өзүн канчалык актайт?

- Эгерде өкмөт таза иштебесе, эгерде өкмөт казынага беш колун салып жатса, өкмөттү эки айда алмаштырса болот. Эмне аны дагы «жей тур, ичип тур, жарым жыл өтө элек, бир жыл толо элек» деп күтүп туруу керекпи? Эгер так жана туура иштесе, он жыл да иштесин. Эгер таза эмес иштесе, так ошондой болушу керек.

- Жаңы курала турган өкмөт жакшы иштейт деп ким кепилдик бере алат?

- Эч ким кепилдик бере албайт. Бирок сабак болот. Таза адамдарды коюш керек. Бул өкмөт калыптанганда эле эл арасында мурдагылар эле келишти деген сөздөр болгон. Биз аз эле элбиз, кимдин кандай имиджи, кандай өмүр баяны бар экенин биз билебиз. Бул өкмөт келгенде эле коомчулукта ушундай сөз болгон.

- Мындай жагдай өлкөдөгү туруктуулукка кандай таасирин тийгизет? Өкмөт бат эле алмаша берсе, туруктуулук болбой калат го...

- Бул тескерисинче, туруктуулуктун белгиси. Эгерде өйдө жакта, Ак үйдүн ичинде ызылдап, бири-бирин кармап турса, анда өлкөдө туруктуулук болот. Биз көрбөдүкпү, Ак үйдө ынтымак болуп, Бакиев Үсөновду премьер кылып коюп, биргелешип ичип-жеп жатканда, элдин арасында ынтымак, туруктуулук болгон жок.

- Эгер өкмөт кетип, «Республика» оюндан чыга турган болсо, кандай конфигурациядагы коалиция түзүлүп калышы мүмкүн?

- Эми азыр ал жөнүндө айтууга эрте. Ар кандай болушу мүмкүн. Беш фракция болгондуктан, конфигурациянын көп варианттары бар. Мына төрт фракция биригип, коалиция түзүшкөн. Үч фракция бириксе деле, депутаттардын саны жете турган вариант бар. Эң башкысы премьер-министрликке, өкмөт мүчөлүгүнө таза адамдар келиши керек. Андай таза адамдар бизде бар. Болгону аларды жакшылап караш керек.

- Саясий маданият өнүккөн өлкөлөрдө өкмөттүн айыбы ачылган убакта, отставкага кетишет. Кыргызстанда ушундай маданият деги качан калыптанат?

- Маданият калыптанышы үчүн ушундай окуялар болушу керек. Бизге премьер-министрликке картаң киши келсе деле кетпейт. Жашы келсе деле кетпейт. Өзү «мен креслого, Куловдой болуп жармашпаймын» деп айтып жатат. Бирок кетпейт.
XS
SM
MD
LG