Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

ЕАЭБ: айыл чарба техникасы кымбаттады


Кыргызстандагы Беларус тракторлору
Кыргызстандагы Беларус тракторлору

Кыргызстандык агроишкерлер Евразия экономикалык биримдикке кирүүнүн көз боёмочулугун жон териси менен сезе баштады.

Кыргызстанга Беларустан бажы төлөмсүз келе турган айыл чарба техникасынын баасы уюмга киргенден кийин, тескерисинче, 12% кымбаттады. Беларус тракторунун Кыргызстандагы өкүлү “Автомаш-радиатор” компаниясы муну айыл чарба техникасына кошумча нарк салыгы киргизилгени менен байланыштырууда. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замир Осмонов болсо, бул жаатта салык мыйзамдарында өзгөрүү болбогонун айтып, компаниянын түшүндүрмөсүн жокко чыгарды.

Унутулган убада...

Беларустан чыгарылган айыл чарба техникасынын Бишкектеги баасы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенге чейинкиге караганда 12% кымбаттады. Мисал үчүн Минскидеги заводдун “”Беларусь -МТЗ-82” үлгүсүндөгү тракторунун Кыргызстандагы баасы буга чейин 1 миллион бир жүз миң сом болсо, учурда анын наркы эки жүз миң сомго жогорулады. Айыл чарба техникасы боюнча адис Манас Саматовдун ырасташынча, өкмөттүн агрофермерлерге айыл чарба техникалары арзандайт деген убадасы куроу сөз экени ачыкка чыгып калды:

- Орусия менен Беларустан келе турган тракторлордун баасы арзан деген сөз башында эле жомок болчу. Бажы төлөмсүз кирсе, ал тракторлор арзан болот, деген жөн эле оюн болду. Кошумча нарк салыгы дегенге шылтоолоп, азыр мына “Автомашка” барсаңар тракторлордун баасынын үстүнө 200-300 миң сом кошуп коюшту. Бул калптын үстүнө кошулган калп. Бүгүн биздин жетекчилер элдин башын жөн эле айландырып отурушат.

Мындан мурун Кыргызстанга ташылчу айыл чарба техникасы кошумча нарк салыгынан бошотулган болчу. Кыргызстанга Беларустан айыл чарба техникасын алып келип саткан Бишкектеги жалгыз “Автомаш-радиатор” компаниясы кымбаттоонун себебин ага он эки пайыздык кошумча нарк салыгынын кириши менен байланыштырды. Компаниянын сатуу бөлүмүнүн менеджери Акылбек Ниязов мындай деди:

- Биз Евразия экономикалык биримдигине кирген соң он эки пайыз кошумча нарк салыгы кирип жатат. Анткени уюмдун аймагында техниканы сатып алуучулар – керектөөчүлөр мына ошону төлөп калат да. Бул салык катары бюджетке төлөнөт. Биз бир жумадан бери мына ошондой режимде иштей баштадык. Евразиялык экономикалык биримдиктин мыйзамы боюнча мына ошондой тартипте иш алып барып жатабыз.

“Автомаш” алдадыбы же өкмөтпү?

Евразия экономикалык биримдигине кирүүнүн демилгечиси, азыркы өкмөт башчысы Темир Сариев уюмга кирген өлкөлөрдөн келчү айыл чарба техникасы Кыргызстанда арзан болорун убада кылган. Анткени Беларус менен Орусияда чыгарылган айыл чарба техникасы келишимдин шарттары боюнча Кыргызстанга бажы төлөмсүз киргизилмек. Бирок анда айыл чарба техникасына кошумча нарк салыгы киргизилери туурасында сөз болгон эмес. Анткен менен мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замир Осмонов айыл чарба техникасына кошумча нарк салыгы киргизилген деген маалыматты жокко чыгарды:

- Өздөрү колдонуу үчүн, өздөрү ишкердик кылуу үчүн алынып келине турган айыл чарба техникасы үчүн кошумча нарк салыгы жок. Мурда дагы болгон эмес, азыр дагы андай нерсе жок. Бул багытта салык мыйзамдары өзгөргөн жок. Мурдагы эле салыктык жеңилдиктер сакталып калды.

Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча келишимде бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн чыгарылган өнөр жай жабдуулары жана айыл чарба техникасы үчүн кошумча нарк салыгын беш жылга чейин албоо боюнча шарттар каралган болчу. Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев келишим боюнча биримдиктин мүчөлөрүнөн ташылган айыл чарба техникасына киргизилген кошумча нарк салыгы тууралуу суроого жооп бере алган жок. Өкмөттүн аппаратынан бул жагдай туурасында түшүндүрмө алууга мүмкүн болбоду.

XS
SM
MD
LG